Жүз акыл жана бир акыл

Алтай жомогу Күн жылымык тартып жаз келгенде каркыра Алтайга учуп келди. Өзүнүн тааныш сазына конду. Буттары менен жер чапкылап, канаттарын күүлөп, өзүнчө ырахатка батып аткан. Жанынан ач түлкү шимшилеп өтүп баратып аны көрүп калды. Каркыранын ойноп-жыргап атканына таң кала, тамшана минтти: — Карайм-карайм, көргөн көзүмө ишенбейм — каркыра бийлеп атат! Ал бечаранын эки эле буту бар эмеспи!

Ак сакал Аяз ата менен кара сакал Молдоке

Ак сакалы жайкалган Аяз ата те илгери чыгыптыр, ал эми кара сакал Молдоке кийин пайда болот. Пайда болору менен Аяз атага айдарын тиге баштайт. Ал окуя мындай: Молдоке машварачылары менен дааватка чыгып жер кыдырып, эл аралап, дин баян куруп жүрсө, алдынан чыккан эле ар бир бөбөк колуна момпосуй кармап жүрөт. Башка белектери да бар. Белекке жетпей калган бөбөктөрдүн кээси дааватчылардын алдынан тосо чуркап «Аяз ата, Аяз ата! Аяз кызыңыз кана» дешип момпосуй сурашат, белек-бечкек сурашат. А дааватчылардын балдарга берер белектери […]

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Мандариндер»

АҢГЕМЕ Сыртта кыштын түнөргөн суук күүгүмү өкүм сүрүп турган. Мен Екосукадан Токиого бараткан поезддин экинчи класстагы вагонунун бурчунда олтуруп, сапарга чыгууга карата берилүүчү ышкырыкты зеригүү менен күтүп отурдум. Вагондо электр жарыгын эбак жандырышканы менен, негедир менден башка жүргүнчү көрүнбөйт. Атүгүл сырттагы жарым-жартылай караңгы, жүргүнчүлөр топтолуп туруучу аянтчада да негедир бүгүн узатуучулар жок, бир гана темир капаска камалган иттин аянычтуу кыңшылаганынан башка үн угулбайт. Мунун баары менин ошондогу маанайым менен укмуштуудай дал келишип турду. Менин жандүйнөмдө кудум кыштын карарган асманындай болгон […]

Жаңы жыл жөнүндө жомок

Илгери-илгери дегендин көбү жок бүгүн. Илгери дегендин баары сансыз жомокко айланып, ошо илгери болгондун баарына терең акылмандуулук төнүп, бүгүнгө дейре жашайт экен. Жаңы жыл деген майрам да те илгеркиден бүгүнгө чейин бүтпөс жомокко айланыптыр. Ага балдар да, чоңдор да ишенет имиш. Илимдүү-билимдүүсү да, караңгы түркөйү да Жаңы жыл деген жомокко абыдан ишенип алышкандыктан, баарынын ишеничи жылыга таш каап келет экен, бурадар!

Карыянын көз жашы

Ибрагим БАЛТАБАЕВ АҢГЕМЕ Күңүрт жарык кирген бөлмөдөгү керебетте карыя жатты. Көздөрүнөн шоргологон жашы жүзүн жууп, күмүш түстүү сакалынан сарыгып, жаздыгына тама сиңип, жаздыкты кыйла нымдап койгон.Үнсүз гана ыйлап жатты. Көз жашына кошулуп жүрөгү мыжыгып ыйлады. Оу кылымга тете өмүрүндө качан ыйлаганы эсинде жок. Адатта, күн сайын конок аягы үзүлбөчү бөлмөнү бүгүн жаптырып алган. Эч кимди кыртышы сүйөр эместей… Бул үйдөн конок үзүлбөйт.

Дин – жандүйнөнүн жин оорусу

Жонатан СВИФТ (1667-1745), англис жазуучусу  Жаштарга карылар, карыларга жаштар кеңкелес көрүнөт. * * * Аксакалдар дөңдө котолоп, качанкы жаш кездеги окуяларын эскерип отурушса, бизге дайыма азыркы эмес мурунку заманда жашагандар бактылуудай туюлат.

Эски жыл, эски маанайлар…

Назгүл ОСМОНОВА ПОЭЗИЯ МЕКЕНИМ Буюккан муңун көтөрүп, Буулуккан ушул жылдардын Ата Журт күлсө мен күлүп, Ыргалса кошо ыргалдым. Кайгысы элдин каржалтып, Калпынан качтым жыргалдын. Кымбатым, элим, кыргызым, Кан менен кошо айланып, Сен күлгөн кезде мен күлүп, Ырымда кошо ырдалдың…

АРХИМЕД

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек илимпозу Архимед болжол менен биздин заманга чейинки 287-жылы Сицилия мамлекеттеринин эң ирисинин борбору Сиракуза шаарында туулган. Атасы Фидий математик жана астроном болгон. Архимедди мектепте окутууга ата-энесинин мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бирок атасынын жардамы менен ал өз алдынча окуган. Архимеддин туугандарынын бири Гиерон римдиктер менен болгон согушта өтө чоң эрдик көрсөткөндүгү үчүн урматталып, Сиракузага падыша болуп дайындалган. Гиерондун падыша болушу Архимед үчүн эң жакшы болгон. Анткени, анын Александрияга барып окушуна материалдык шарт түзүлгөн.

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Жөргөмүштүн желеси»

АҢГЕМЕ Бир жолу Будда өзү жалгыз бейиштин шалбаасында сейилдеп жүрдү. Шалбаанын баардык жерин акактай аппак суугалдактар[1] курчап, алардын алтын түстүү жүрөкчөлөрүнөн жагымдуу жыттар аңкып турду. Бейиште ошол маалда эми жаңы таң аткан. Ой кучагындагы Будда капысынан суу үстүндөгү суугалдактардын жайылган жалбырактарынын арасындагы суу терезесинен Суугалдак көлмөсүнүн тереңинде эмнелер болуп жаткандыгын көрүп калды.

Амалдуу короз

Болгар жомогу Бастырманын төбөсүнө конгон амалдуу короз канатын жайды да адатынча кыйкырык салды. Аны уккан куу түлкү жакынкы бадалдын арасынан чуркап чыкты. – Арыба, короз! – деди – Үнүңдү эшитип, жүгүрүп келдим. Охой, сенин ырдаганың! Үнүң укмуш ко! Бирок ырдаганың атаңкына жетеби, жетпейби – билбейм.

Ага-­ини

МИНИРОМАН I БАП Бул дүйнөдө бири­бирине төп келген жубайлар жашады. Көпкө бала көрбөй, жаштары өйдөлөп уулдуу болушту. Бүт айыл эли сүйүнүп, өз кубанычтарындай сезишти. Арадан жылдар өтүп, экинчи уулдуу болушту. Анын төрөлгөнүн өздөрү деле, эл деле демейдеги окуя катары кабыл алышты.

Орус классикасы: Шинель

Николай ГОГОЛЬ 1809-жылы 20-мартта Полтава  губерниясындагы Миргород уездинин Великие Сорочинцы деген  жеринде туулган. Адабиятка  арбалып жүрүп,  1830-жылы  «Отечественные записки» журналында «Басаврюк» аттуу биринчи  повести  жарык көрөт (кийин «Вечер накануне Ивана Купала»).  Н.В.Гоголго адабий атакты  1931–1932-жылдары «Вечера  на  хуторе  близ Диканьки»,  «Сорочинские  ярмарки», «Майская ночь» ж.б.  повесттери  алып  келип, «Миргород» жыйнагы (анда «Старосветские помещики»,  «Тарас  Бульба», «Вий»  ж.б.  чыгармалары камтылган),  «Арабески» жыйнактары,  «Мертвые души»  чыгармалары  арттырган. Атактуу «Шинелди»  1842-жылы  бүтүргөн. Драматургияга да кызыгып, «Ревизорду»  Щепкиндин катышуусунда  Москвада койгон. 1852-жылы 11-февралда каза […]