Амалдуу Петьр менен Насредин-Хожо 

 Македон жомогу Петьр кенедейинде эле өзүнүн киндик каны тамган жерин таштап, Насредин-хожого малайлыкка жөнөйт. Элдин баары Насрединди акылдуу санап, балдарын анын мектебине беришчү экен. А бирок кенедей Петьр  андан да акылдуу чыгат. Хожонун буга куйкасы курушчу экен. Бир курдай хожо окуучуларына минтет: – Кана, балдар! Үйүңөргө тызылдап жүгүрүп барып, бирден жумуртка апкелгиле! – дейт.

Фото мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды!

«Коом жана Мен» сайты окурмандар арасында кызыктуу фото-сүрөттөр боюнча сынак жарыялап, ар бир айдын соңунда мелдеш жыйынтыгын чыгарарыбызды маалымдаган элек. Жыйынтык чыгарылды, Жеңүүчүлөр аныкталды! Байгелер өз ээлерин күтүп туру…

Гений жөнүндө баллада

Замандашыбыз Каныбек Иманалиевдин бул эмгегинде «ХХ кылымдын Гомери» атыккан алп манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү, чыгармачылыгы, өзгөчө мүнөзү, залкар адамдар менен болгон мамилеси тууралуу окуялар жана жалпы эле Манастын ыйык касиетине байланыштуу ойлор баяндалат. 

Акыл азык

Агер шалаакы болуп, жаманчылыкка өзүң илээшип жүрсөң, башыңдан бактысыздык кетпейт, бакытты сурай да албайсың. Тагдырды алпештөө мааниге ээ эмес, аны барк албай койгондон балээ болуп деле кетпейт. Мо-цзы Агер Асмандын каалаганын мен аткарсам, Асман дагы менин каалаганымды аткарат. А менин каалаганым – бакыт жана бакубаттык, жек көргөнүм – бактысыздык. Мо-цзы  

Ак аю менен күрөң аю

Ненец жомогу Бир күнү токойдун күрөң аюсу түндүктөгү деңизге жөнөйт. Дал ошол учурда муз бойлогон деңизде жашоочу ак аю түштүк жергесине бет алат. Эки аю деңиз жээгинен кезигет. Ак аюнун жүнү үрпөйүп ачууланат: – Менин жериме не келесиң, күрпөңдөгөн күрөң? – А бул качан сенин жериң эле? Сенин жериң – көпкөк муздуу деңизде! – дейт күрөң аю.

Көздөн учкан Мекен жөнүндө маек

«Жандилибизди тузактаган жер бул – Атамекен». ВОЛЬТЕР  «Коом жана Мен» сайтынын «Мекендеш» рубрикасынын бүгүнкү мейманы Айжаркын БЕЧЕЛОВА Якутиянын Мир калаасында үйбүлөсү менен тирлигин кылып келаткан замандаштарыбыздын бири. Биз бүгүн Айжаркындын Мекен туурасындагы сагынычтуу, кусалуу кебин тыңдадык. Жана да мындан ары аталган рубрикабыздын алдында бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөн мекендештерибиз менен кызыктуу маектерди уланта бермекчибиз. Андыктан алыста жүргөн ага-инилерибизди, эже-карындаштарыбызды «Коом жана Мен» сайты менен тыгыз байланышта болууга чакырабыз. Аталган сайт аркылуу алыстагы жакындарыңыздарга дубай саламыңыздарды жолдоп, үйбүлөлүк альбомуңуздарда сакталган сүрөттөр менен бирге дил […]

СААДИ: «Кесир күтпөө жөнүндө»

СААДИ:  БИРИНЧИ БАП   ЭКИНЧИ БАП  ҮЧҮНЧҮ БАП ТӨРТҮНЧҮ БАП Тамчы үзүлүп түшөрүндө талаага, Деңизди ойлоп, баткан экен санаага. «Карачы анын тереңдигин, кеңдигин, Деңиз турса демеленген мен киммин?!» Деп тагдырга наалат айтып күйүндү. Түнөк кылып калды бирок үлүлдү.

Акылмандын ой нөшөр

Бальтасар ГРАСИАН (1601-1658), испан жазуучусу    Азчылыкка келгенде акылдуубуз, көпчүлүккө келгенде оомабыз. * * * Чычканга кебек алдырбаган сараң карышкырга келгенде алдырат. * * * Адам өмүрү пендечилик жорук-жосундар менен кармашып жүрүп өтөт.

Жокту убада кылган адам

ЭЗОП  Тамсил  Бир бечара ооруп калат. Акыбалы күндөн күнгө начарлайт, аны айыктырып алууга дарыгерлердин да көздөрү жетпейт. Ошондо ал кудайга жалынып-жалбарат: эгерде айыгып кетсе, жаратканга арнап жүз буканы курмандыкка чаларын айтат. Муну уккан жанындагы аялы сурайт: – Э ботом, сен анча буканы кайдагы акчаңа сатып аласың? Анда күйөөсү жооп бериптир: – Эй сен ойлойсуңбу, мен айыгып кетсем эле кудай-таала мен айтканды доолап келет деп?! Тамсил көрсөткөндөй, адамдар да колунан келбеген иштерди ооз жүзүндө аткарып коё беришет.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Абысындар»

Аңгеме Район борборунан айылга келин алып келгендер  түн жарымда кетишти. Күйөө болгон киши жашы эбак алтымышты аркалаган, кемпиринен айрылып биртоп жыл бой калган эле. Эртели кеч бирин-экин малы, тамаркасы менен алектенген бу жоош-момун чал балдарына кемпир алам деп да айтпады. Бирок уулдары менен инилери  абышканын акыркы учурда чүнчүй баштаганынан улам, ага жубай табууну чечишкен. Эми  минтип ага кемпир эмес, кырктын кырына эми келген, бетинин кызылы кете элек келин туш болуп отурат. Жаш келинди адеп көргөндө абышка чочуп кетти. Мындай жаш […]

Балдар адабиятына конкурс жарыялайбыз!

«Коом жана Мен» сайты бөбөктөр үчүн акын-жазуучулар арасында адабий сынак жарыялайт! Сынакка ыр, жомок, тамсилдер кабыл алынат. Сынакка катышуучу авторлордун жаш курагына чек коюлбайт. Байге фондубуз 30 000 (отуз миң) сом. Адабий сынактын демөөрчүсү Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Алтынбек ЖУНУС уулу.