«Убактылуулардын» мародёру ким?

АША келди, эми эмнеден баштайт кадамды?.. Мародёрчулуктанбы?.. Конституцияны өзгөртүү аракетиненби?.. Беш жыл мурдакы идеялаштарына каршы күрөштү күчөтүүдөнбү?.. Айтор, ишти кайсыл жагынан батыл киришип баштаар экен? Баш жазуу процедурасы аяктагандыр…

Сакенин азилдери

Акаевден арткан акылы Аскар Акаев президент, Салижан Жигитов менен Бексултан Жакиев анын коомдук кеңешчилери эле. Бир күнү Салижан менен Бексултан шахмат ойноп отурса «легендарлуу» парламенттин депутаты Мар Байжиев келип калат. – Ии, ажонун акыл кеңешчилери… Оюндан омурткаңар сынып отурасыңар, – десе Сакебиз шахматтан башын көтөрүп: