Кел, окурман, «тескери учкан жагалмай» кылабыз

Ал мындай: жыл соңуна келип калды. «Жыл мыктыларын» аныктоодо келгиле биз теңирден тетири жөрөлгө баштайбыз. Маселен: «Жылдын Кемчонтойу ким?»; «Жылдын Тазбайматы ким?»; «Жылдын ажааны ким?»; «Жылдын дөөдүрү ким?»; «Жылдын эки жүздүү саясатчысы ким?» «Жылдын чулдуру ким?» сыяктуу майпарларыбызды санай берсек толуп атат. Издетпей таптырат алар… Ушул сыягындагы «номинацияларды» окурман Сиз да сунуштаңыз бизге… Айтор, Абыке-Көбөштөрдүн коомчулук алдында бетин кызартып турган фактыларды «Коом жана Мен» сайтында жайгашылган ушул материалдын этегиндеги «Жооп калтыруу» деген жерге жазып коёсуз. «Жылдын Кемчонтойу ким?» дегенде Тоголок Молдонун […]

Жазуучу Бейшебай Усубалиев: «Жазуучулар деген — бул ыйык журт»

(1-маек) Бүгүнкү коом турмушун карап отуруп, окурман көңүлүн жылытаар нерсени сыйпалап издейсиң. Издейсиң, отура бергиң келбейт… Издегениңди таппайсың же! Окурман көңүлүн сууткан окуялар, жаңылыктар күнүгө теле, күнүгө интернет, күнүгө гезит бетин талашат. Кым-куут заман баарын камгактай удургуткан азыркы доордо акылынан шоола жанган дервиштин алдынан жолугуп калсам дейсиң. А дервишке жолугуш кайда бүгүн… Дүйнөгө дервиштей адамдар гана түркүк эмеспи… Дүйнөгө түркүк болор, элге түркүк болор, арка болор инсанаттарды санап баштайсың. Алардын айрымдарынын көздөрү өтүп кетти, ата-а! А көбү өз арбайы менен […]

Бери кара!

Жозеф АДДИСОН (1672-1719), англис жазуучусу * * * Өзүңдү чайпалбас эрктүүлүккө үйрөтүү баарынан татаал, баарынан оор. А түзөңдөгү көлмө чайпалбай тынч турган себеби, айланасын былк этпес кыртыштуу дөң курчап турат. * * * Таңгалбагыла, окуп-чокуган адамдын баары акылдуу болуп кетпейт, тескерисинче, көп учурда мансапка жүткүнүп, кекирейме мүнөз күтүп калышат. * * * Көкөлөгөн кооз сөз сүйлөп чечен көрүнгөндөргө караганда, үндөбөй отургандык – акылы тетиктердин көптү туюндурган ишараты.

Табыкенин табылга ойлорунан

* * * Мен үчүн эң тозоктуу күн – эч нерсе кылбай чалкаңан жаткан дем алыш менен иш жок отурган күн. * * * Мен үчүн эң кымбат – УБАКЫТ, шашкалактап жашаганым ошондон. * * * Акча мени өзгөрткөн жок. Мен көп учурда жаныма акча салып да жүрбөйм. Ооба, капчыктуу адаммын, бирок мен рахатты акчадан эмес, өз жумушуман табам. * * * Биз – кыргыздар, көп убакытты аш-тойго, мааракелерге коротобуз. Шорубуз ушул! Кыргыздын ушунусуна чыдай албайм.

Турмуштан үйрөнөр акыл

Бирма элдеринин жомогу Күндөрдүн бир күндөрүндө күрүчтүн түшүмү бышаар мезгилде атасы уулуна аңыз талааны көрсөткөнү ээрчитип алат. Биринин шалысында даны бар, бириникинде даны жок аңыз талаадагы күрүчтөрдү көргөн уулу атасына собол узатат: – Ата, мынабул түптүз өскөн күрүчтүн шалысын караңызчы. Менимче, жерге башын ийбей, зыңгыранып өскөнү – демек, жанындагы шалысы ийилген күрүчкө караганда түшүмдүү болот. Ошон үчүн жанындагысы ага башын ийип, таазим кылганы го… – дейт. Атасы жерден күрүчтүн эки шалысын үзүп алып: