Ажобуздун Араб өлкөлөрүндөгү авантюрасы

Бул макала эки жыл мурда (12-дек. 2014-ж. ) «Жаңы Агым» гезитинде жарык көргөн. Бүгүн аны «кайталагандан келме бузулбайт» деп, айрым окурмандардын суранычы менен коомчулук эсине салып коюуну эп көрдүк. «Курманбек Бакиевдин кагаздан текст окуганын карап отурсаң президент кейиптенгенсийт, бирок кагаздан башын көтөрсө эле парторг». Салижан ЖИГИТОВ Опокшош. Ашса ашат, кем калбайт. Сүйлөгөн жагынан К.Бакиевдин деңгээлине бышкырып турчубуз. Бырс этмелери көп эле. Бу сапар Президент Алмазбек Атамбаевдин Араб өлкөлөрүнө болгон расмий иш сапарында да күлкү коштоор окуялар көп болду. Бирок күлкүбүздү […]

Мусулман даанышманы эмне дейт?

КЕЙ-КАВУС (Аль-Маали) (1021-1098), перс жазуучусу Өзүн илимпоз санаган дөдөйдөн алыс бол. * * * Акмактарга берчү жооп – үндөбөстүк. * * * Душмандарыңдын арасында жүргөн достон кол жууй бер. * * * Сүйүүгө кабылбаган жан адам эмес. * * * Карганда сүйүүгө кабылгандан сактан. * * * Кимдир бирөөнүн ажаатын ачаар иш кылсаң, ошол жакшылык көргөн адам сага кандай ыраазы болсо, ал жакшылыктан өзүң да ырахат алаарыңды бил. * * * Кумарга баш-оту менен берилүү – эссиздердин жосуну. Эсиң болсо […]

Эркек менен аялдын айырмасы

Оскар УАЙЛЬД (1854-1900), англис жазуучусу Байкасаңар, өңү серт аялдар күйөөлөрүн өлүп-талып кысканат, а ажарлуулар антпейт. Себеби, ажарлуулар башкалардын күйөөсүн башкалардан кысканат. * * * Эгер аял  өз кызынан он жашка жаш көрүнөрүнө көзү жетсе, ага мындан өткөн кубаныч жок. * * * Эркек ойлонот. Аял ойлонуп атам деп ойлойт. * * * Аялдарга ишеним артса болот, себеби алар маанилүү нерселерди эстерине түйө албайт. * * * Аял эркектен эч нерсесин аянбайт. Бирок бергендерин сөзсүз кайрып алат. Алганда да майдалап-майдалап отуруп […]