Ыраке: топурак алтындан да кымбат

  Рамис РЫСКУЛОВ Адам канчалык улуу болсо, ошончолук улуу бактысыздыктарга кабылат. * * * Жакшы жолду табыш үчүн канча кыйын жолдордо адашабыз. * * * Өз кайгымдан да, бөтөн кайгы жанымды катуу мыкчыйт. * * * Ким канчалык ак жеринен күйсө же тубаса кемчилиги болсо: ал элден башкача, катуу жаңыртат, себеби алардын үнү өзөктөн чыгат. * * * Турмуштан баш калкалаган адам артында из калтырбайт. * * * Китеп унчукпай сүйлөшкөн акылгөй. * * * Котормого окшобой түпнуска бол! * […]

Сыйлоосуз сүйгөндүктөн өлкөбүздү, \ Сырт жакка сүрүп салды өлкө бизди!

Мигрант ыры Ала салган турмуш менен агылып, Алыс бөлгөн тагдырыма багынып. Аңтарылган сезимдерге тушуктум, Аскар тоону, аккан сууну сагынып. Кутулалбай куса деген оорудан, Кыярбады кыялдагы окуям. Томсоруңку тарткан менен кебетем, Тоонун жытын толкуп эстеп отурам. Тосмосу жок куса күчү ойгонсо, Толкуп келип туталантып койгондо. Тыбыраган жүрөгүмдү бек кармап, Токтоо кылам тоо баласы болгонго. Ала-Тоого аттанмайын кадамдар, Айыкпаган жүрөгүмдө жарам бар. Ата Журттун баркын аңдайт турбайбы, Аргасыздан алыстаган адамдар.

Мурза Гапаров: «Бакыт сени унутса да, сен бакытты унутпа»

  Мезгил жана мен Таков притон дроздов тенистый Они в неубранном бору Живут, как жить           Должны артисты, Я тоже с них пример беру (Борис Пастенак) Жазуучуну үйүнөн таптык. «Узун Алайчы экөөбүз эч жерде иштебеген бекерпоздорбуз да, бизди үйдөн таппаганда кайдан табат элеңер, — деди ал биздин кубанып кеткенибизге. — Узун Алайчы дегеним, силердин жакындагы каарман, менин досум Кубат Жусубалиев. Биздин Ош жакта алайлык кыргыздарды Алайчы деп коёт, мен аны Узун Алайчы деп коём. Жазуучу төрт кабаттын төбөсүндө, бир гөмүт […]

Жалындуу поэзия

Зайырбек АЖЫМАТОВ * * * Майдын түнү. Албуут сезим элирген, маржан көзүм, эрийт эрин эринден. Жалбаруулар бир-бирине жуурулуп, жанар толкуйт титиреген демиңден. Ширин кезин арнап бизге түн жатат, шыбырларды коштоп булбул үн катат. Чечилишип бири-бирине ысык жан, чек билбеген жапан сезим туйлатат. Сен Ханыша, жылдыз сыңар жанасың, мен кулуңмун, жалынычым – санатым. Кулду кайра падышага айлантып, күңүм болуп, жан дилиңди чабасың.

Кубат акенин Кулжанбеги…

4.Көр казгандар Бүркүт карап отурат. Биз көр казып атабыз. Макиш, Карагул, Керимбек, Самидин болуп, жинди Самидин эмес, шоопур Самидин. Качан эле? Кыргыздын айты. Ай башы. Нойобүр айлары. Аман келип калды. Ким өлдү эле? Ждановдон Кененбай деген чал өлгөн. Ошонун көрүн казып атканбыз. Аман келип калды. Биз Кулжанбек жанижокту кеп кылып атканбыз. Ошонун үстүнөн чыкты. Унчуккан жок. Бир күрөк топурак ыргытты. Ыргытпады. Кайра кетти. Биз билбейбиз. Биз покту билебизби, кийин билип жүрөбүз. Аттан түшпөптүр. Түз эле Кулжанбектин үйүнө барыптыр. «Үйүмдө чалкаман түшүп […]

Тагдыр, бакыт жана шор

Конфуций эмне дейт? Тагдыр алда качан эле баарын маңдайга жазып койгон, эми аны толтура да албайсың, бөксөртө да албайсың. * * * Тагдырга текеберсинген киши адамдардын асылын да теңсинбейт. * * * Билген жан сүйгөн жанды, сүйгөн жан кубанган жанды түшүнбөйт.