1288951326_konfu2

Конфуций эмне дейт?

Тагдыр алда качан эле баарын маңдайга жазып койгон, эми аны толтура да албайсың, бөксөртө да албайсың.

* * *

Тагдырга текеберсинген киши адамдардын асылын да теңсинбейт.

* * *

Билген жан сүйгөн жанды, сүйгөн жан кубанган жанды түшүнбөйт.

Лао-цзы эмне дейт?

Эмне керек – даңазабы же өмүрбү? Эмне кымбат – капчыкпы же жашообу? Эмне кооптуу – тапканбы же жоготконбу? Ашкере сараңдансаң, чоң чыгымга кириптер болосуң. Жыйып-тергениң канчалык арбыса, ошончолук чачылат. Булардын чегин түшүнсөң, өкүткө кабылбайсың. Ошондо гана өмүрдүн мөөнөтү узакка барат.

* * *

Эл тааныган эстүүлүк, өзүн тааныган көсөмдүк. Элди жеңген эр жеткис, өзүн жеңген чен жеткис.

* * *

35999

Кыйратуудан мурда жаратканга, алгандан мурда бергенге үйрөн.

* * *

Алдын карабай баскан буттан мүдүрүлөт, оозго келгенди оттогон тилден мүдүрүлөт.

* * *

Күйүт менен кубаныч бири-бирине таяныч. Күйүттө кубаныч, кубанычта күйүт бар. Экөөнү ким салмактайт? Бул экөө тең опаасыз.

* * *

Менде улуу күйүт бар, себеби өзүмдү өзүм кадырлайм. Өзүмдү өзүм кадырлабасам, анда менде күйүт да болмок эмес.

* * *

Анык азап – кас менен касташканың.

* * *

Азаптын азабы – жашооңо канаттанбагандык.

* * *

Кумарга баш-отуң менен киргенден өткөн оор күнөө жок.

* * *

Согуштун арты мүмкүн баарын өз ордуна коёр, бирок акыры бир күн кек жаратат.

* * *

Мыкты деген аскер – адам баласынын башына кайгыны гана үйөт.

* * *

Эгер кимдир бирөө сага жамандык кылса, өч алам деп жакасына жармашпай, урушкандан алыс болуп, жөн гана суу боюна барып отур, сени ыза кылган неменин өлгөн денеси жаныңан агып өткөнчө…

* * *

Башкаларды жеңгендей эле өзүңдү өзүң жеңген чыныгы эрдик.

* * *

Ажаатчыл адамдан айрылсаң аккөңүл жан табылар; аккөңүлдөн айрылсаң адилеттүү табылар; адилеттүүдөн айрылган күнү адептүүсү табылар; асти, адептүү көрүнгөн адамдын адаты адептүү көрүнгөнү менен ыйкы-тыйкынын башталышы дей бер.

* * *

Кыйшайган түзөлөт, бөксөргөн аяк толот, эскилиги жеткен жаңыланат. Аз нерсеге шүгүр келтирген көп нерсеге марыйт. Көптүн артынан кууган, жолунан адашат.

One Reply to “Тагдыр, бакыт жана шор”

  1. Конфуцийди, Лао-цзыны — кытай ал эми Будданы индус, — дегендерге тарыхты билбегендер катары караймын… Учоо тен кыргыздар экендигин, болгондо да сайак уруусунан экендигин айтсам, каткырык атып жатып калаарсынар … Эми, кыргыз тарыхын билбеген, карангы киргиз-кишилер ошентпегенде эмне кылмак эленер… А тугул, кыргыз-буруттардын махабхарат эпосун — индиянын эпосу, — деп журосунор, академигинер баш болуп, бул да болсо карангылыгынар да…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *