Сары кунас

Кытай эл жомогу  Кытайда качандыр бир убакта Ми аттуу чөнтөгүндө сокур тыйыны жок бала жашаптыр. Жадагалса анын бир чыны чайдын акысын төлөөгө да кудурети жетчү эмес экен. Эгерде чайканалардын биринин ыймандуу кожоюну болбогондо, Ми балким ачкадан кесээрип өлмөк. Күндөрдүн биринде Ми кожоюндун алдына келип: – Мен кетип атам. Колуңуздан жеп-ичкен тамак-аштын эч бирине канчадан бери акча төлөгөнүм жок. Бирок мен сизге ыраазычылык билдирмейин кетпейм. Мына, карап туруңуз! – деп чөнтөгүнөн сары түстөгү борду алып чыгат. Аны менен дубалдын бетине сары […]

Бригадир Кулжанбектин аңгемелери

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ  Аңгеме  Хорхпо, хорхпо, апай …Жакшы көргөнгө келеби, колдон келсе, жакшы көргөн жакшы да… Илгери биз колхоз кезде Кара-Кужурга мен жаңы келип калбадымбы, сугат болуп, Май-Булактан сугат сугарам, курулуш жок анда, сарайлар жок, осетин, татар, чечен, кавказдын элин — баарын Стакем сүрүп келип Кара-Кужурга тыккан, кыкеңдерге сарай салдырып берейин деп, сарайлары жок экен деп, сарай салып атышат, ар кайсы жерде бир сарай, курулуш жүрүп атат…Эми ошол сарайларды кайра куруп атабыз. А мен ошол эле бойдон калдым. Мен Ала Тоодоймун. […]

АШАга тартууланган жоолуктун тарыхы

Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров Болот Шер А.Атамбаевге кантип жоолук таштаганын билдирери менен анысы маалымат каражаттары менен соцсеттерде жайылып кетти. Ооба, мындай окуя болгон. Бул окуянын кандай өңүттөн, кандай себептен жаралганына өзүм да аралашып калган жайым бар. Эмесе сөз башынан болсун… О анда 2009-жыл. Бакиевдердин арааны жүрүп турган кезең. Бирдиктүү оппозиция кыймылы (БОК) деген аталышты бакиевчил күчтөрдүн да таппаганы жок: БОК деп аташчу. Ошо БОК кийин БЭК (Бириккен элдик кыймыл) болуп өзгөрүлдү. Алмазбек Атамбаевди президенттик шайлоодо жалгыз талапкер катары алдыга сүрөп […]

Атактуулардын «бырс» этмелеринен

Алик Акималиевдин жарылганы Ыраматылык акын Алик Акималиев гезиттерге ырын көтөрүп барса эле, «орун жок» дей беришкенинен, бир күнү ачуусу келип: – Дүйнөгө баткан поэзия гезиттин бир бурчуна батпай калдыбы? – деп эшикти тарс жаап чыгып кеткен экен. Тоголок баштын оюнан топ кетпейт Илимпоз Болот Акматов университеттин студенттерине адабият теориясы боюнча сабак өтүп атканда башы топтой тоголок, өзү да топ ойногонду жакшы көргөн бир студент адабияттын маанисине таптакыр түшүнбөй коёт…Ошондо Б. Акматов сабакты жөнөкөйлөтүш үчүн мамындай деген экен: – Адабият деле […]