СААДИ: «Акыйкаттык, акылмандык жөнүндө»

«БОСТОН» КИТЕБИНЕН  Биринчи бап Ануширван көр оозунда турганда, Айткан экен Хормуз шахка мындай деп: «Аксарайда, акмамыкка керилбей, Азган элдин алын сурап, тейин көр! Каратаман карып-мискин көптүгү, Кантип айтат төгөрөгүң төптүгүн.

Кофе, шоколад

Аңгеме Бисмиллахир рахмонир рахим! Бүгүн да ал үшүп ойгонду. Баарынан да ушул үшүгөндөн тажады. Башкасына чыдайт эле, бирок, ушул үшүгөнгө чыдабай баратат. Ар күнү кечинде үйгө келгенде төшөккө жаткандан кадимкидей заарканат. Өзүн зордоп атып жатат. Анан көпкө чейин уйкусу келбей шыпты тиктеп жатат. Ары-бери оонап жаткандан кийин гана көзү илинип кетет… Бүгүн да үшүп ойгонду. Терезени бирөө ачып койгондой үй ичи муздап калыптыр. Жылыбай койду такыр. Терезе менен эшикти мындан эки-үч жыл мурун жылуулаган. Антсе да жайы-кышы үшүй берет. Коңшулардыкына […]

Суу каптаган сарайдын ыры

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ (Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринен) Жайында Үкөктүн боюндамын. Май-Булакта суу сугарып жүрөм. Шамал болуп атат. Уйгу-туйгу болуп, жата калып, тура калып, мөңкүп тура калып, өркөчтөнгөн деңиздей болгон арпа талааны карап отургам… Кадыркул, Асанкул, Сапар болуп келип калышты. Депутат Асандын үйүн Соң-Көлгө көчүрүп баратышыптыр. Машинага жүктөп алышыптыр. Үчөө келип калышты. Суу байлап чарчап отургам… Эки жол бар. Бири алышты тебелеп өтөт. Бири тебелебей өтөт. Чарылдашып кеттик. «Эй, буерден кечпе, жырып кетесиң, менин оозуму жыргандай болосуң, суу токтобойт, убара болом, суу тиги […]

Абай азык

Абай КУНАНБАЕВ (1845-1904), казак акыны жана даанышман Жаман дос көлөкөдөй: күн ачыкта артыңан калбайт, күн бүркөктө жаныңан таппайсың. * * * Адамдын эң нааданы эч нерсеге умтулбай жашайт. * * * Турмушка жөндөмсүз адам гана тагдырга баш ийет. * * * Адамды бир гана эрк, илим-билим жана адилеттик бийиктетет. Мындан башка жолду акмак гана издейт.

Башмыйзамдын башы – таразанын ташы…

Кыргызда бир керемет сөз бар: «Алтын ээр атка чак, атыңа тынчы жок болсо, алтынын алып отко жак. Күмүш ээр атка чак, күлүккө тынчы жок болсо, күмүшүн алып отко жак» дейт. Мааниси терең бул сөз Башмыйзамдын тегерегиндеги азыркы талаш-тартыштарга толугу менен туура келет. Бүгүнкү тирешүүдө саясый максаты жагынан бири-бирине каршы турган негизги эки тарап бар. Бирок экөөнүн тең артында калдайган кыргыз эли ЖОК. Адегенде бул тараптардын саясый кызыкчылыктарын жана карама-каршылыктарын сүрөттөп келип, анан жалпы кыргыз элинин мүдөөсү булардын кармашында эмне үчүн […]

«Суфлёр» – классика үлгүсү

“Театр – турмуштук суроолорго жооп берчү жогорку инстанция”. Александр ГЕРЦЕН Эл жылдан жылга театрга каттачу жолду унутуп баратат. Элдин азыр күнүмдүк оокат табар жолу кайсы болсо, каттаган жолу ошол. Базарга барчу жолду билет, жамандыкка барчу жолду билет, той-ашка барчу жолду билет… Анан поездге же самолетко белет алып, бөлөк эл, бөтөн жерге аттанып жумуш табар жолду гана билгилери келет! Негедир соңку кезде “Кыргызстандын жашоосуна тойдум!” – деген маанайдагылар көбөйүп бараткандай. Албетте, социалдык турмуш соккусу кайсы коомду болбосун кыйгап өтпөгөнүн адамзаттын басып […]