Эзоп

Бүркүт менен түлкү  Бүркүт менен түлкү достошуп, экөө достугубуз бекем болсун дешип, ынтымакта жашоо максатында коңшу да болуп алышат. Бүркүт асканын башына уя курса, түлкү да ошол асканын түбүндөгү дарактын коңулуна бачикилерин[1] тууйт. Бирок бир күнү түлкү ууга чыгып кетсе, бүркүттүн курсагы ачканда баягы дарактын коңулундагы түлкүнүн бачикилерин балапандарына көтөрүп барып, баарылап жеп алышат. Түлкү кайтып келери менен не болгонун түшүнүп, ичи сыздап кала берет. Бачиктеринен айрылган күйүтү аз келгенсип, эми эчбир өч алууга мүмкүн эместигин ойлогондо – ызасы күчөйт. […]

Акын — элдик кенч

  “Өрнөктүү адам жумшаган мээнет суу менен абага сиңип кетпейт, элге сиңет”. Мо-Цзы Узак жыл бою ийиндеш жөлөк, үзөңгү кагыш бирге жүргөн адамдар көп. Алардын арасынан Кыялбек Урманбетовду мен адабияттын астанасын аттаган жылдардан эле тааныдым. Тааныганда да чыгармачылыгы, кулк-мүнөзү, үйбүлөсү, айлана-чөйрөсүндөгү кадырлаштары, алака мамилелеш өнөрпоз достору ким – баары менен тааныштыгым бар. Жаш курагыбыз тең болбогону менен жан курдаштайбыз. Кыялбек байкенин адабияттан чарк айланып алыс кеталбаганы мага да абыдан таасирдүү “азгырык” болду. Анын пайдалуу азгырыктарын учкай сөз кыла кетейин…

Ой азык

Френсис БЭКОН (1561-1626) англис философу Байлык – жакшы кызматчы, бирок жаман кожоюн. * * * Кесиптик суроо менен сизди жарга такаган адам, демек, кесибиңизди ийне-жибине чейин билет. * * * Сүткор бирөөнүн адал теринен нан табат. * * * Адамдын маймылга эң окшош жери – өргө тырмышкан сайын көчүгү көрүнөт. * * * Басса-турса кантип кек алууну ойлонгон адамдын жарасы айыкпайт.

«Чыйп-чыйп» жөжөлөрүм 

Олжобай ШАКИР Аңгеме Кантип байыса болот дейсиңби?… Жөжө багат белең? Анда ук мени… Баштан өттү да, эй. Жөжө чоңойтуп көрдүң беле? А мен чоңойтуп көрдүм. Ырчы болом дечү элем, аңгыча турмуш алтек-телтек болуп кетти. Эмне кылсам деп отуруп калдым. Али Варшахидзе, Людмила Валентиновна деген өкүл ата, өкүл энебиз бар. Келинчегим экөөбүз жаңыдан үйлөнөрүбүз менен башыма иш түшкөнүн ошолор көрдү. Батирден батирге көчүп, ишим иришпей жүргөнүнө ошолор кейип, ошолордун ичи сыйрылчу. Бир күнү Жаңы жыл келди. Жаңы жылды жаңы тилек, жаңы […]

Кеменгердин кебин эш

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ: «Саясат ыплас эмес, аны саясатчылар ыплас кылат»      Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун анда көзү тирүү мезгил. Демдүү-күчтүү эле. Даанышман аксакалыбыз ошондо негедир каңырыгы түтөп отуруп, улуттун сапаты, мамлекет түзүмү, адамзат баалуулугу туурасында чечилип сүйлөп берген. Бул маек 2009-жылы алынган. Анда да так бүгүнкү күндөгүдөй саясый кризис басып турган маал эле… Ишенбай авабыздын ошондо айткандары күнү бүгүнкүдөй эскирбептир! Керээттүү кеп салган экен ыраматылык… «Аят-пресс» гезити (21-май, 2009-ж.) 

Сыңар эмчек кой

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ  (Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринен)  Согумга кой издеп калдым. Жазында байлаган семиз кою бар экен. Келдим. «Мага козулуу кой бересиң» деди. «Макул» дедим. Коюн алпарып союп алдым. Жумабек өзү тетирини жакшы көрөт. Оң айтсаң тетири кетет. Тетири айтсаң, оң кетет. Сырын билем. Бир күнү он чакты кой айдап баратам. Үйлөрүнүн алдынан туура өтүп баратам. «Эй!» деп Жумабекти чакырдым. Кенжекан да кошо чыкты. Тескери иш бир башынан кетсе, кете берет. Аягына чейин кете берет. Тескери болуп кете берет экен. Мен бир […]