Балдарга кечки жомок

Рыза АКДЕМИК Түрк адабиятынан   Биздин мышык Үйүбүздө сүйкүмдүү ала мышык бар эле. Чычкандарды шап секирип кармаганы, мыймыйларына[1] күйгөнү, аларды тойгузганы өзүнчө бир керемет болчу. Жыл сайын атайы даярдалган себетке бир канча ымыркай мышыктарды тууп, аларды тазалап, эмизгеничи. Биз да аларга атайы ашканадан өзүнчө бурчек бөлүп бергенбиз. Бирок ал баарынан да ашканадагы мештин ичине уктаганды жакшы көрүшчү.

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Чымчыктар сайрап жатат

АҢГЕМЕ  — Самат, Самат, уксаң…Чымчыктар сайрап жатат, — деди аялы, уйку-соонун ортосунда жаткан Саматты акырын нукуп. Самат кайдыгер гана: — Аа… — деп койду. — Уксаң, Самат, чымчыктар сайрап жатат, — дейм. Чымчыктар сайраганда, үйгө дайыма бирөө келчү эле. Бүгүн да бирөө келет окшойт.

Улукмандан улуу кеп

  Ибн Сина АВИЦЕННА (УЛУКМАН) (980-1037), перс даанышманы, дарыгер, математик жана акын Бакытын баалай албагандын шору арылбайт. * * * Эгерде жакын досум душманымдын босогосун шыңаарлап жүрсө, аны экинчи жаныма жуутпайм. Андай дос шербетке аралаш уу же бүксүгөн тарпка конгон чымын сыяктуу коркунучтуу жан.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Долу»

Аңгеме  Дайранын боюндагы кыштакта  жайгашкан элдин турмушу ушу көбүрүп-ташып аккан сууга байланышкан. Ата-бабалары да илгери ушул суу жээгин пааналап отурукташып, шалы эгип тиричилик өткөрүшкөн экен. Шалы суу боюнан башка жакка өспөй турган өсүмдүк эмеспи. Жай ортологон кезде дарыя ашып-ташып, суу боюндагы шалыларды айосуз жутуп, жалмап, ээ жаа бербей, аны эч кандай күч башкара албай калчу. Дарыяга жакын кыштактагы кээ бир адамдардын пейили, мүнөзү да ушул сууга окшоп кетер эле. Суу ашып-ташкан маалда  алтымышка таяп калган Азимкан абышканын байбичеси да «толкуй» […]