АҢГЕМЕ

 — Самат, Самат, уксаң…Чымчыктар сайрап жатат, — деди аялы, уйку-соонун ортосунда жаткан Саматты акырын нукуп.

Самат кайдыгер гана:

— Аа… — деп койду.

— Уксаң, Самат, чымчыктар сайрап жатат, — дейм. Чымчыктар сайраганда, үйгө дайыма бирөө келчү эле. Бүгүн да бирөө келет окшойт.

— Аа…

— Кечээ да сайрашкан. Бирок кызык, эч ким келген жок. Бүгүн сөзсүз келет окшойт. Угуп жатасыңбы дейм…Тыңшасаң…

— Аа…

— Эмне, аа… — Аялы, негедир, туталана кетти. — Бирдеме болсо эле, аа..Туруп иштебейсиңби!

Самат башын акырын көтөрдү да, суроолуу элейди:

— Саат канча болду?

— Эртең мененки беш-алты болуп калды окшойт.

— Мен жаңы эле жатпадымбы…

— Ии…Ооба. Чын эле, чымчыктар сайрап жатат. Үйгө бүгүн сөзсүз…Сөзсүз… — Аялы өзүнчө үзүл-кесил кобуранып алды да, сөзүнүн аягына чыга албай, үндөбөй калды. Сыягы, уйкуга кетти көрүнөт.

Самат адатынча кайдыгер гана:

— Аа… — деп алды да, кайрадан жаздыкка башын койду. Анан капысынан селт этип, башын көтөрдү: «Ким келет?» Уйку-соонун арасында кулагына бир гана сөз жаңыргансыйт: «Чымчыктар сайрап жатат…» Негедир тааныш сыяктуу… Ордунан аяр туруп, жыла басып, терезенин түбүнө келди. Терезе жапкычты аста жылдырды да, кулагын түрүп, эшикти ойлуу тиктеп калды. Терезенин маңдай жагында жыш өскөн тал-теректер болор эле. Тегиз көгөрүп бүрдөптүр. Чын эле, чымчыктар сайрап жатат. Ошол тал-теректерге өнүп алышып, үн алышып жатышкансыйт. Бирок кайсы тал-теректен сайрап жатканын билип болбойт. Атүгүл кайсы куш сайрап жатканын да билбеди. Бир да куш көрүнбөйт. Оңулга бүт дүйнөдөгү куштардын баары бир коңулга жашынып алып, чогуу сайрап жатышкандай. Булар кайсы куштар? Ал бала кезде бир да канаттуунун атын билчү эмес. Баарын эле чымчык деп койчу. Кийин айрып биле баштаган: чыйырчык, таранчы, сасык үпүп, жылкычы чымчык… Үндөрүн да билчү, өңдөрүн да билчү. Азыр… Үндөрүн да, аттарын да, өңдөрүн да унуткан окшойт. Бир гана чымчык дегени эсимде калган окшойт. Негедир жүрөгү зырп этип алды… Анан өзү эмес, а ичиндеги кимдир бирөө шыбырагандай болду:

— Чымчыктар сайрап жатат… Эми биз аны көрбөйбүз. Ал чымчык болуп учуп кетти. Ал эми чымчык болуп келет!..

Ушинтип айткан. Атасы айткан. Тээ качан-качан айткан. Самат анда кичинекей, өтө кичинекей эле. Канчада экенин өзү да билчү эмес. Атасы сен мынчадасың деп манжаларын көрсөтүп кутулчу. Самат да жашын сурагандарга быйтыйган манжаларын көрсөтчү. «А бу бөбөгүң канчада?» — деп Канатбекти көрсөтүшсө, кайсы манжасын көрсөтөрүн билбей, мулуң этип күлүп коёр эле. Анткени Канатбеги анда «манжага» жете элек болчу. Ошондо атасы айткан:

— Канатбегиң чымчык болуп учуп кетти. Биз эми аны көрбөйбүз. Эми Канатбегиң чымчык болуп учуп келет…

Бир күнү эле таң азандан Саматтын үйүнө эл биринин артынан бири келе баштады. Заматта үйгө эл батпай кетти. Апасынын эмне кылып жатканы азыр Саматтын эсинде жок. Бир-эки нерсе гана эсинде калыптыр. Бир аял мештин түбүнө отуруп, камыр жайып жаткан. Анын жанындагы аялдардын шыпшына өз ара күбүрөшүп жатканын капысынан кулагы чалып калган: «Суук тийгизип алышкан тура, бечарага!…» Анан төр жакта ак чүпүрөккө оролгон бир нерсе жаткан. Анын тегерегинде айыл аксакалдары отурушкан. Атасы да алар менен чогуу отурган. Самат атасынын жанында болчу. Эмне экенин билбейт, бир кезде Самат ошол ак чүпүрөккө оролуп жаткан нерсенин жанына баргысы келип кетти да, ордунан тура жөнөдү. Бир аксакал колунан кармап калды:

— Кой, балам, аякка барууга болбойт.

— Мейли, бара берсин, — деди дагы бирөөсү, — жүрөгү сезип жатпайбы. Наристе да…Бир искеп алсын…

— Бала да…Жүрөгү түшүп калбайбы.

— Түшпөйт… Баланын да жүрөгү түшмөк беле!..

Эки карыя эмне кылабыз дегендей, атасына сырдуу карашкан. Атасы мейли дегенсип башын ийкелеңдеп койгон. Самат ошол чүпүрөктүн жанына барган. Ал чүпүрөктө эмне жатканын билген эмес, атүгүл анын жүзү ачык беле, же жабылуу беле — муну азыр да эстей албайт. Бир билгени – ошол чүпүрөктүн башына келип аны жыттагансыган. Ошондо бир карыя үнүн каргылданта тегеренип-тегеренип кеткен:

— Алда айланайын ай, алда алдыңа кетейин ай! Билип жатпайбы! Боору да, боору да!..Тим койгулачы, жыттап алсын…

Анда Самат жыттаганын билген эмес, атүгүл жытты туйган да, сезген да эмес… Кийин-кийин гана эстеди Самат. Кээде туруп-туруп эле ак чүпүрөккө оролгон ошол нерсе, анан аны көтөрүп алып үйдөн чыгып баратышкан эл капысынан эле көз алдына тартыла калат. Көрсө, ал нерсе нерсе эмес экен, ал өзүнүн бөбөгү Канатбек экен. Бир жолу айылдан бирөө көз жуумп, аны жайына коюшканы барышкан. Атасы менен чогуу Самат да барган, анда көрүстөнгө кичинекей балдар да бара беришчү. Бир кезде атасы көрүстөндүн четиндеги жарымы урап калган эски коргонду телмире тиктеп, кыйлага туруп калды. Ал коргондун ичинде үстүн боз шыбак баскан бейиттер бар эле. Берирээк четинде эки-үч кочуштай болгон томпойгон үч-төрт топо жатат. Атасы коргонду көпкө тиктеп турган да, Саматка куду чоң кишидей кайрылып:

— Балам, тигинде сенин аталарыңдын сөөктөрү жатат. Чоң атаңдын, Кукемдин… А тигинде… —  Атасы мукактана түшкөн да, баягы томпойгон үч-төрт топону карап, — Канатбегиң жатат, ал чымчык болуп учуп кетпеди беле!..

Самат үндөгөн эмес. Эмне дешти билген да эмес. Атүгүл атасы эмне деп жатканын укпай калгандай болгон. Болгону анын маңдайында үч топо эмес, а ак чүпүрөккө оролгон үч нерсе жаткандай болгон. Ошол томпойгон үч-төрт топонун кайсынысы Канатбектики экенин атасы айткан эмес. Самат кайсынысы деп сураган да эмес, суроо оюна келген да эмес. Болгону ак чүпүрөккө оролгон нерсени гана көргөн. Азыр-азыр гана, эл ортонуна келип калганда, жүрөгү бир зырп этип алат — кайсынысы Канатбектики деп неге сурабадым? Азыр да анда-санда маркумду жайына тапшырганы барып калганда, ошол коргонду айланып өтө албайт. Көздөрү буурулданып, коргон ичинде ак чүпүрөккө оролуп жаткан бир нерсени гана көрөт. Жүрөгү дагы бир жолу зырп этет — Канатбектики кайсынысы болду экен!.. Баса, анан мурдуна кандайдыр бир жыт келет, башка жыттарга таптакыр окшобогон, өзгөгө гана эмес, өзүнө да түшүндүрүп бере албаган, же жагымдуу экени, же жагымсыз экени билинбеген кандайдыр бир жыт келет.

Анан бүт дүйнө тыптыйпыл болуп, анын баарын бир гана ушул жыт жутуп алгандай, бул жалганда ушул жыт гана калгандай туюлуп кетет. Ошондо бир силкинип алат…

Көрүстөндөн кайтып келатканда, аны эки нерсе эки колтугунан сүйөп келет: ак чүпүрөккө оролгон нерсе, анан белгисиз жыт. Башы маң болуп, каңырыгы бир түтөп алат: ал балалыктан алыстап баратат, балалык үлбүлдөп артта калууда. Тык токтойт. Жок! Теңирден тескери экен. Жаш өйдөлөгөн сайын, адам балалыгына жакындай берет тура, балалыкка келүү үчүн андан алыстоо, ажыроо керек тура! Анан өз оюнан корккондой, элге аралашууга, алардын кебин тыңшап, өзүн алаксытууга жанталашат. Бирок… Бирок канчалык жанталашпасын, ага баары бир балалыгы түгөл жоголуп, андан кыпын эч нерсе калбай, ал болгону ак чүпүрөккө оролгон бир нерсеге айланып кеткендей туюла берет.

Ошондо Саматты колунан бекем кармап, эски коргонду телмире тиктеп турган атасынын жанына бир карыя келип:

— Эмне туруп калдың, Ашыке? Жүрү жылалы…- деген.

— Ыя!? — Атасы селт этип чочуп кеткен да, анан сыр бербей. — Аа…жөн эле. Ойго бирдемелер түшүп эле… — Өзүнчө күңкүлдөй кеткен. — Бу адамды мезгил карытпайт экен да. Адамдын башын эскерүү жутат көрүнөт…

Атасынын бул сөзүнө карыя да, Самат да түшүнгөн эмес. Ооба, ал анда болгону үйүнө эл ушунчалык көп келгенине сүйүнгөн болчу. Анан ошол чогулган элдин баары (эми ойлосо эркектери эле экен) бир кишидей жапырт козголушуп чыга жөнөшкөн. Өздөрү менен кошо ошол ак чүпүрөккө оролгон нерсени да ала кетишкен. Самат да атасы менен кошо барган. Эл кара жолдун аркы өйүзүндөгү эч бир үй жок бир жерге токтошкон. Бат эле кайтышкан. Жолдо келатканда атасы бир жерден токтоп, Саматты бооруна кысып туруп айткан:

— Эми Канатбегиң жок, ал чымчык болуп учуп кетти. Аны биз эми көрбөйбүз, ал чымчык болуп учуп келет…

Атасынын денеси кадимкидей диртилдеп турган. Самат эч нерсе түшүнгөн эмес. Дагы эле үйлөрүнө бүгүн элдин ушунчалык көп чогулганына сүйүнүп жаткан болчу.

Мындан кийин ал Канатбегин көргөн жок. Мурда деле аны оңгулуктуу билчү да, көрчү да эмес. Ыйлаганы гана элес-булас эсинде калыптыр. Бүгүн да кээде жанталашып ошондогу Канатбегинин жүзүн бир көргүсү, манжага жашы жете элек Канатбегин бир элестеткиси келет. Канча жанталашпасын, кара балакет да жок! Бир гана ыңаалаган үнү элдир-селдир эсинде калыптыр. Анан да: «Канатбек чымчык болуп учуп кетти. Эми Канатбегиң чымчык болуп учуп келет…» дегенин эстейт.

Самат кадимкидей сыймыктанчу, жок, мактанчу. Канатбектин чымчык болуп учуп кеткени аны зор сыймыкка бөлөр эле. Өзү курдуу балдарга дайыма мактанар эле:

— Канатбек чымчык болуп учуп кетти. Ал эми чымчык болуп учуп келет…

Эшиктенби, тоодонбу, эгер бир чымчыкты көрүп, же анын сайраганын угуп калса, эдиреңдеп үйгө чуркап кирчү:

— Ата, Канатбек келди, Канатбек келди!..

Атасы сыр бербей үшкүрүнө маңдайынан сылап койчу. Бир-эки жыл өтпөй Сагындык төрөлдү. Ал улам торолуп, көзгө көрүнүп келатты. Ал торолгон сайын Канатбек да унутулуп бараткансыды. Бирок канча жашта экени эсинде жок, окууга барды беле, же окуй элек беле, муну да билбейт, айтор, эс тартып калган кези болсо керек, бир күнү атасы экөө эки дөңгөлөктүү чийне менен көңгө барышкан. Көң жүктөп жатышкан. Бир убакта кайсы бир куш сайрап кирди. Самат көң ташыганын тык токтотту да, элейе тыңшап калды. Атасы да бирдемени сезгендей ишин токтотуп, Саматты астыртан сырдуу тиктеп калды. Самат атасына бурулду да, көзүн жашылданта:

— Чымчык кылып жибербей эле койсоңор болмок… — деди. — Бираз үндөбөй турду да, күнөөлүүдөй башын шылкыйта акырын. — Мен аны сагындым.

Атасы титиреп кеткен:

— Эмне деп атасың, айланайын!? Кимди сагындың?..

Самат мукактанып туруп калган. Ал ошондо билген. Канатбектин атын унутуп баратканын ошондо биринчи жолу туйган.

— Баягычы… — деген акыры, — силер алып кетпедиңер беле… Анан кайра алып келген жоксуңар да. Айтпадың беле. Чымчык болуп учуп кетти дегенсиң…

Атасы ого бетер титиреди:

— Ал чын эле чымчыкка айланып кеткен…

Ушинткен да, атасы муунуп сүйлөй албай калган. Самат атасына назар бурбай, өзүнчө сүйлөнүп кирген:

— Айлантпай эле койбойсуңарбы…Айлантпай эле кайра алып келсеңер…

— Өзү айланып учуп кетсе, анан кантип!?

— Ороп алып, көтөрүп кетесиңер да…

Атасынын аргасы түгөндү, анан куду чоң кишиге түшүндүрүп жаткансып:

— Билесиңби? — деди колун силкилдете, — суук тийбеди беле ага? Анан чымчыкка айланып кетпедиби…

Муну укканда Самат чыдай албай, бышактай кеткен:

— Анда суук тийгизбей эле койбойсуңбу… Өздөрү суук тийгизип, чымчыкка айланып кетти дешип…

— Ал кудайдын иши, балам, — деди атасы үшкүрүнө. — Угуп атасыңбы, кудайдын иши. Эч бир пенденин колунан келбейт. Кудайдын өзү ошентип чымчыкка… Атасын сүйлөтпөй, кимдир бирөөгө кыжыры келгендей, Самат буркурап ыйлап жиберди:

— Ооба, сага, ал чымчык болуп учуп кетпей эле, өлүп калган турбайбы!.. А өлгөндөр чымчыкка таптакыр айланып кетпейт деп жатышпайбы!..

— Кимдер!?

-Баары эле…Балдар да. Чоң кишилер да…

Самат атасынын жанына келди да, аны бекем кучактап солуктап жиберди. Атасы не дээрин билбей, бүлкүлдөгөн эрини менен Саматты маңдайынан сүйүп, башынан сылагылай берди, ошондо атасынын колунун калчылдап жатканы Саматка кадимкидей туюлуп турду. Тээ кыйладан кийин, өпкөсү сууган соң, Самат атасына жалооруй да, аянычтуу да карап:

— Ата, ата… — деди коомайсыздана.

— Ии…

— Сен ошондо урушпай эле койсоң болмок, ээ?..

— Ыя!? Кимди? Качан?

— Апамдычы. Баягындачы?

— Качан?!

— Кой жоголуп кеткендечи.

Атасы эстей албагандай, дел болуп туруп калды.

— Сен апамды иттей урушкансың. Койлор кайда дегенсиң. Бар, жерден чукусаң да таап кел дегенсиң…

Атасы дале үндөй албай турду.

— Апам эшикте жаан жаап жатпайбы. Күн суук. Баланы кантем деген.

Атасы дале үндөбөдү. Жыйылган көңдү үңкүйө карап ойлуу тура берди.

— Бала-салаңды билбейм, — деп кайра иттей уруштуң. — Таап кел дегенде таап кел дедиң. Таппасаң!.. Анан мен коркком. Ыйлагам… Апам болсо кимди…Тиги кимди…

Атасы билинер-билинбес күңк этти:

— Канатбекти.

— Канатбекти көтөрүп алып эшикке кетти. Ыйлап мен да артынан ээрчидим. Эшикте жаан иттей катуу жаап жатыптыр. Апам Канатбекти көтөрүп алып, тоону көздөй жүгүрүп жөнөдү. Мен да ыйлап, ыйлап артынан баратам, артынан баратам. Анан апам чоң арыктан өтүп, тоого чыгып кетти. Мен болсо өтө албай, ыйлап тура бердим, тура бердим. Анан.. Анан… Эртеси…

Самат унчукпай дымыды. Сыягы, сүйлөөгө дарманы жетпей калды көрүнөт. Атасын карады. Ал эки колун эки тизесине таянып, жансыз көздөрү менен кайсы бир жакты жансыз тиктеп, жыйылган көңдүн үстүндө жансыз отуруптур. Атасы ушунчалык аянычтуу көрүндү. Саматтын жер жаңырта өкүрүп-бакырып ыйлагысы келип кетти. Көп өтпөй атасы Саматтын жанына келди да, жансыз, калчылдаган колу менен аны маңдайынан сылап, эч нерсе болбогондой:

— Кой, балам, жылалы, аттын бели да талып кетти окшойт, — деди кайдыгер.

Анан артына бир кылчайып койбостон, атына минди. Самат болсо чийнеге отурду.

Чийне адаттагыдай эле бир калыпта кылдырап баратты. Бирок көп узабай эле бир маалда капысынан токтоп калды. Самат качан жылабыз деп кыйлага күттү. Анан чочулай баштады. Чийнеден шак секирип түшүп, алдыга чыкты. Атасын карады. Атасынын жансыз көздөрүнөн жаш шорголоп, ал сакалы ылдый куюлуп, кемселине тыпылдап таамп жатыптыр. Атасында тирүүлүктүн бир жышааны билинбейт. Самат атам өлүп калган экен деп ойлоду да, чаңырып жиберди:

— Ата!.. Ата!…. дейм.

Атасы селт эте түштү да, маңдайында турган баласын деңдароо тиктеп калды.

— Ата, ата… — деди Самат алапайын таппай алаңдап. — Ата, сен эмне, ыйлап атасыңбы?!.

Атасы эми өзүнө келе калгандай болду:

— Жок, балам, эмнеге ыйламак элем?..

— Көзүңдөн жаш куюлуп жатпайбы!..

Атасы жеңи менен көз жашын бир аарчып алды да, эңги-деңги абалда, кайдыгер гана:

— Карылык да, балам!….- деп койду.

Чымчыктар сайрап жатат. Ал бул сөздү кийин-кийин аялынан биринчи жолу укту. Саматтын жүрөгү азыр тыз этип алат. Бул сөздү келинчегинен укпаганда, анын ичиндеги чымчык чын эле сайрайт беле?! Кыш болобу, жаз болобу, түн болобу, таң болобу, кээде ал уктап жатканда анын ичинен кимдир бирөө ушинтип шыбырагандай туюла берет. Ордунан шак турат да, уурдана басып келип терезеден эшикти карап, кулак түрөт. Бирок көбүнчө чымчыктардын сайраганын деле укпайт, бирок сайрап жаткандай болот. Анан кимдир бирөөнү күткөнсүп, терезени телмире карап кыйлага турат. Түн болобу, таң болобу, ал ак чүпүрөккө оролгон баягы нерсени көрөт, буга кошул-ташыл кандайдыр бир жыт келет, ал жытты искебейт, а кадимкидей көзү менен көрөт. Анан кайрадан эле бул дүйнө тыптыйпыл болуп, бүт аалам чүпүрөк менен жытка гана айланып кеткендей сезилет. Акырында тике эле маңдайынан көзүнөн жашы мончоктоп, сакалы ылдый агып жаткан атасын көрөт. Жок, атасын көрбөйт, шоргологон жашты гана көрөт. А өзүнүн көзүнөн жылжып агып жаткан жашты элес албайт. Жүрөгү эле тыз-тыз дей берет. Аялынын сөзүнө чейин анын ичиндеги чымчык неге сайрабады экен, деги ал качандыр бир мезгилде өзүнөн өзү сайрай алат беле!..

Чымын жаның чыркырап, ушу азыр кай тарапты көздөй учуп бараттың экен, шордуу чымчыгым!..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *