Дөөлөт: Кыргыз идеология уңгусу

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу  Бул эмгек автордун мурда жарык көргөн «Теңирчилик» (Көчмөн цивилизация тереңин көздөп…Б. 1995) жана «Теңрикут» («Кыргыз Эл мамлекети, Б. 2010) китептери, ар жылдары жазылган ой-толгоолордон түзүлгөн бирдиктүү концепция. Бул китебинде ал көчмөн цивилизациянын көп кырлуу, төтөн руханий мүнөзүнө токтолуп, дүйнөдөгү ээлеген өзгөчө ролун, ордун белгилейт. Өткөндүн өңүтүнөн чыгып азыркы заманды аңдайт, алдыга жол чалат. Руханий эволюциясын сактаган коом гана айтөгөрөктөлгөн төл системине ээ болот, түбөлүгү түз деген жыйынтыкка келет. Ошондой эле батыш жана көчмөн мамлекетүүлүк философиясынын тек-генезисине саресеп […]

Ычкыр Гобсек  

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ Аңгеме Анын азан чакырып койгон аты Мати болучу. Ал бу жалган дүйнөдө аз гана жашады, шордуу. Эгер молдокелер айткан тиги дүйнөдө жашоо бар экени чын болсо, Мати ал жакта да сөзсүз тыйын чогултуп жүрсө керек деп ойлой берем. Өмүр бою жарыбай келген бул үйбүлө эгемендикке ээ болгон күндү эле күтүп тургансып туш келди чачылып кетти. Тагдыр Матини базардан чыгарды. Ошондон ушул күнгө чейин ал базарда тачкист эле. – Тачкистмин, — дейт бирди-жарым шериктери жолуга калганда. «Тачкист» дегендин акыркы […]

«Калем – жазуучунун куралы эмес, организми»

  Франц Кафка менен Густа Яноухтун маегинен үзүндү Ф.К.: Акындын буту жерде болгону менен төбөсү көктө каалгып жүрөт деп сиз аны ушунчалык алп сыяктуу сүрөттөдүңүз. Албетте, бул кибирегендердин көзкарашы менен шарттуу мааниде айтылган кеп. Кыял түпкүрүнөн жаралган мындай ой-мүдөөлөр чындыкка такыр коошпойт. А чын-чынында акын дегениң катардагы пендеден да бир канча майда, мажүрөө жан. Ал ошонүчүн жер үстүндө болгонду абыдан кылдат сезип, сергек баамдайт. Анын канкакшап жаагын жаныганы – чыңырык эле. Чыгармачыл адам чыгармачылыктын жардамы менен бир кайгыдан кутулуп, кайра […]