Күрүч

Въетнам жомогу Илгери-илгери байыркы өткөн заманда күрүч жок экен, андыктан адам баласы кыйналып жашаптыр. Адамдар кара терге түшүп канча иштесе да тапканы жук болбоптур. Адам баласы ушунча кыйналгандан кийин жан-жаныбарлар, курт-кумурска сыяктуу байкуштар жөнүндө эмне дейли? Ошондо Жараткан Теңир жер бетине көз салып, адамдар да, жан-жаныбарлар да кыйналганын көрүп, аларга боору ооруган экен. Кантип буларга жардам берсем деп кечке ойлонуптур. Ойлонуп-ойлонуп, акыры жер бетине күрүч жаратып берейин деген чечимге келет. Бирок жан-жаныбарлардын баары жей алгыдай кылып жасаш үчүн чоң кылуу […]

Уңгу тууралуу учкай кеп

БАШЫ БУЛ ЖЕРДЕ Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу Бири биринде оошуп бөлүнбөй чулу жаткан ал дүйнөнү элестүүрөөк болсун үчүн бир аз жиктеп айталы. Теңирчилиги – рухунда Көктүн, Жердин, Адамдын жаралышы, байланышы жайында космогониялык миф уламыштарынан тартып, түтөгөн оозеки чыгармачылыгынын бардык түрүндө байма-бай жатат. Жан, арбак, Жер-Суу ээси, колдоор жылоосу тууралуу ишенимдеринде тунат. Рухтун Сырын уга-туя билген, кармай-башкара алган касиетинде жатат. Аалымдардын буга дейре «шаманизм», «тотемизм» «анимизм» деп бир чулу ишенимди бөлөк-салак жиктеп караганы эскирген мамиле катары каралыш керек мындан ары. Теңирчилик–асем дүйнөсүндө […]

Кыргызбай жөнүндө анекдоттор

Электр-араа сатып алган Кыргызбай беш-алты күндөн кийин дүкөнгө кайра келет күңкүлдөп: — Күнүнө беш кубдан жогору отун араалайт деп мактаганың кана, эки кертим да жыгач араалаганга жарабады мунуң… Сатуучу электр-арааны текшермек болуп токко саят. Араа зыңк. Сопсонун иштеп атат. Аны көргөн Кыргызбай желкесин кашып: — Йе-ата, ток менен иштейт деп мурда эле айтпайт белең! — деген экен.

Дүйнө казынасынан поэзия

Сагын АКМАТБЕКОВАнын котормосундагы Кытайдын улуу акыны Ли Байдын ырлары Беш Чал тоосун карап Басылып калың булутка Баштары түшкөң кошула, Калдайган түштүк чыгышта Караймын Беш Чал тоосуна. Короолош гүлү, карлары Кошулуп жолум жолуна, Кош дүйнө болбос арманым Коюлса сөөгүм бооруна.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Бешимдин көлөкөсү»

Аңгеме Жайлоодон жакага жөө шашып келаткан тестиер бала  айыл четине  жеткенде  жайкалып өскөн буудайды аралап, жайбаракат оттоп жүргөн башкарманын атын көрүп калды. Ат адатынча жасалгалуу токулган. Бала жан жагын жакшылап караса башкарма көрүнбөйт. Ай талаада кыбыр эткен жан жок. Буудайды каалашынча бурдап жеп, куйругун ары-бери  шукшуңдатып коюп жалгыз ат гана турат. Бала атты карады да калды. Айылга жеткенче алдыда чоң суу бар, андан жылаңаяк кечип өтүш керек. Баланын аттан көзү өттү. Минип алып суудан өткөндөн кийин кое берсечи, бир чети […]

Мусулман аалымдарынан акыл аят

Ибрагим АЛЬ ХУСРИ (болжолу 990—1022 ж.ж.) араб акыны  Жалганчынын уурудан айырмасы жок. Бирөөсү – мүлк; бирөөсү – акыл уурдайт. * * * Жүрөктөн жаралган сөз жүрөктөрдөн түнөк табат, тил учунан айтылган сөз кулактан ары өрдөбөйт. * * * Өлүм – сага мээленген жаанын жебеси, а өмүр – мээленген ок сага жеткенге чейинки аралык.

Петр ЧААДАЕВ. Учкул ойлор менен үзүндүлөрдөн 

* * * Мен Ата Мекенди алдагандан көрө анын айыбын ачканды, ачуусун келтиргенди, кемсинткенди жактырам. * * * Кулчулук намысын ойготпогон калк — кудай урган калк. Алар кул болуш үчүн гана жаралган. * * * Граф де Местрдин айтканы бар: «Апырта ойлонуу чынчыл адамдын акыйкаты, б.а.,ишенимге эгедер адамдар ансыз жашай албайт.