Балдар акыны мейманда

Токтосун САМУДИНОВ КАСИЕТТҮҮ ЭНЕ ТИЛ Карылардын оозунда – Шекер, шербет, бал болгон. Эр жигиттин оозунда – Намыс менен ар болгон. Касиеттүү эне тил Аруу, назик сезимдей. Кылым бойлоп келесиң Кыргыз атын өчүрбөй. Бой тумардай санайбыз Кадыр тутуп өзүңдү. Көп колдонбос буюмдай Чаң баспасын сөзүңдү.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Кнопка»

Аңгеме Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты,  кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай, улам артын карап, […]

Оңкочук-тоңкочук аткан фото-сүрөттөргө сынак жарыялайбыз!

Фото мелдеш «Коом жанан Мен» сайты дагы бирдин ичинен чыгалы дедик. Кудайга шүгүр, техника заманында жашап атабыз. Азыр катардагы ар бир адамдын колунда мобилдик телефондун түрдүүсү бар. Агер адаттан тыш көрүнүшкө кабылып калсаңыз, чыркылдатып эле сүрөт тарта бериңиз. Мейли, өзүңүздүн үйбүлөдө, мейли, башка чөйрөдө болсун, айтор кызыктуу, күлкүлүү көз ирмемдерди көзжаздымда калтырбаңыз!

Театрлар афишасы

Искусство сүйүүчүлөрүнүн эсине! 20-21-октябрь күндөрү А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында Евгений Шварцтын «Дракон»  спектакли; 21-октябрь, саат 18.00дө Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында «Смешные деньги» комедиясы; 22-октябрь, саат 17.00дө А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера-балет театрында Людвиг Минкустун «Дон Кихот» балети; 

Ээсиз бакча

Аңгеме  Келесоону келесоо дебегенде эмне дейин. Ушу Итибай анык келесоо да. Келесоолугунан терезе түбүндөгү дүпүйгөн өрүктү кыярын кыйып, качан дарак карс кулаганда жүрөгү зырылдады. Дүйнөсүнөн бирдеңке кемигендей боло түштү. Кемимек. Атасы Беки колуна быдыр токтобос жан эле. Анын багбандыгы бир айылдын элин тойгузганы менен өзүнүн жалаңтөштүгүнөн дүйнө уучтабай өттү. Өмүрү өткөнчө ачкөздүгү жок жашаган Беки авадай адам болобу. Айылда анын короосунда өскөн жемиштерди уурдап чоңойбогон бала жок. Алма-өрүгүнө ууруга келгенибизди көрүп да «балдар алдагынысы бышелек, бери кирип мынабул эзилип бышкандарын […]

Акындын архивден табылган маеги

Акын Алик АКИМАЛИЕВ анда тирүү. Маектин аталышы да бир башкача эле — «Кыргыз элине сүйүнчү, мен аракты таштадым». Ал кишинин жүргөн-турганы да бир башкача эле. Урунуп-беринип турчу. Бул маегибиз «Dе-факто» гезитинин (№40, 10.06.08-ж.) санында жарык көргөн. Эч эскирбептир. Бүгүн да окула берер маек экен.