Саади: «Соопкерчилик жөнүндө»

БИРИНЧИ БАП ЭКИНЧИ БАП Бул дүйнөнү тепкен пенде билмеги ак: Баары өтөт алгычакты бир карап. Агат баары агын суудай жарышып, Калат жалгыз максат менен маңызы. Калк көңүлүн эгер бүтүн кылбаса, Кара жерде кантип адам тим жатат? А дүйнөнү ойлоо керек бу жайдан, Антпесең кеч… жардам болбойт кылайган.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Молдо»

Аңгеме Ошко  борбордон иш сапар менен келген төрт аял Сулайман тоону көрмөкчү болуп эми гана тоонун таш жолуна бут койгондо кайдан чыга калганы белгисиз, алардын бет алдыда бул жердин  молдосу пайда боло калды. Ал  аялдарды  баштан аяк  бир карап алды да, ызырына  тилдеп кирди: – Бейыйман албарстылар, жок дегенде башыңарга жоолук салып албайсыңарбы? Ыйык тоого келгениңерди билбейсиңерби? Кудай жалгабаса, кебетеңер курусун! Силерге  окшогондордун таманы  үчүн бу тоонун ташы да убал… Ушинтип күбүрөнгөн  топучан чал биртоп наалып, капа болуп, анан аялдарды […]

Макоо карышкыр

Казак жомогу Илгери-илгери бир акылсыз карышкыр болгон экен. Бир күнү эчкиге жолугуп калып: – Мен сени жейм, – дейт. – Мейли, жесең же. Бирок мен өтө эле арыкмын, бир жагынан карып да калдым. Сен кичине күтүп турбайсыңбы, менин бир улагым бар, ошону ээрчитип сага алып келип берейин. Анын эти аябай даамдуу, – дейт эчки. Карышкыр макул болуп, эчкини күтүп турат. Эчки барып койчуга карышкыр тууралуу айтып салат. Койчу келип карышкырды өлөрчө сабайт. Карышкыр араң качып кутулат.

Турмуш күүлөрү

Калчоро КӨКҮЛОВ Эссе Абдыразак  деген бир  тууган  агам  аябай момун киши болчу. Көзү өткөнүнө кыйла  жыл  болду. Дагы  бир  агаларыбыз айыл  кеңешине башчы  болуп, Абдыразак акеми  мекемесине  кароолчу  кылып алды. Болор-болбос  маянасы  бар. Бир  күнү  барып  калсам, ошол  мекеменин тегерегиндеги чөптөрдү оруп  атыптыр. Тим  эле  устара  менен  кыргандай… Карап  олтуруп, зеригип кеттим. Акыры  чыдабай: «Келиңиз, чалгы менен экөөлөп  шыпырып  салалы, – кайран киши: –»Кой, уят  эмеспи. Нан таап жеп аткан  жердин ишин астейдил жасабаса болобу… – деп атпайбы. «Алда байкуш […]

Камоодон кутулган Болот Шер

Болот Шер ЖК депутаты кезинде Ашхабадга иш-сапар менен барып калат. Түркмөнстандын кай жагына барбасын, кай жагын карабасын – түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун портрети. Жадагалса, мейманканадагы телевизорду сайса деле экрандын бурчунда түркмөнбашы чекчейет. Жатайын деп жаздыкка кыйшайса да баш жагында Ниязовдун портрети илинүү дейт. Бир убакта кыжыры ушунчалык кайнаган экен, туруп түркмөнбашынын портретин дубалга тескери каратып салары менен каалганын коңгуроосу шыңгырайт. Эшикти ачса, атайы кызматтың өкүлү турат:

Таш жазуудан бир үзүм

Оболу Бул сөз кайда, качан, кантип айтылганы али табышмак. Кокусунан колубузга тийди. Али ачыла элек купуя сыр. Алтай, Хакас, Монголдордогу таш жазуулардын көчүрмөсү же кыргызчаланып которулушу шекилдүү. Ким жазганы да белгисиз. Окуп көрүп балким «Манас» эпосуна чейинки кыргыздын «Ыйык китеби» ушул болгой деп ой кубаладык. Неси болсо да кыргыздын тагдырына, тарыхына, рухуна жана келечегине күйгөн кыргыз бар экенин байкадык. Ким жазганын ким билсин? Бир билгеним кыргыз ууздай уютуп айткан, кыттай кыйытып айткан, уга билгенге муютуп айткан эмеспи. Бир билгеним бул […]

Диний фанаттар үчүн насыят

Мусулман санаттарынан Бир курдай Омор халиф бекерчиликтен эч нерсе кылбай отурган адамдарды көрүп, собол узатат: – Силер ким болосуңар? – Биз Алланын кудуретине ишенип, Алладан үмүт үзбөй отурган адамдарбыз, – дейт баары. – Жок, силер адашкан пендесиңер, – дейт Омор халиф. – Силер белен ашты аңдыган эле бекерпозсуңар. Кудайга үмүт арткан адамдар жерге дандын үрөнүн сээп, андан соң гана Кудайдын кудуретине үмүт артат! – деген экен. Ибн Араби