СААДИ: «Махабат мастыгы жөнүндө»

СААДИ:  БИРИНЧИ БАП  ЭКИНЧИ БАП ҮЧҮНЧҮ БАП Бир керемет махабаттын күндөрү, Бир керемет күйүн-жанып сүйгөнүң. Тагдырыңда таттуубу же ачуубу, Таткан жыргал махабаттын насибин. Уруп койбой таажы менен тактыңы, Издейт алар бакырлыктан бактыны.

Дүйшөн ЖАПАРОВдун поэзиясы

 Даба Жазмышым, басар жолум ачаланды, Жазыксыз балдар катуу жазаланды. Атымды ошолорго актап берер, Аттиң ай, жакшы ырларды жазаламбы?! Өмүрдү бүт коштогон күйүт менен, Өзөккө өрт жабышып, күйүп келер Өздөн да, өзгөдөн да кайыр күтпөй, Өзүмдү өзүм таштай түйүп келем. Бир кайгы бир кайгыны улайт тура, Бир кайрат бир өмүрдү сынайт тура. Жылмышып багы баштан тайыганда, Жылдыз да жылт деп төмөн кулайт тура.

Акылдуу чечим

Жапон жомогу Илгерки заманда калаада жашаган бир жуучу болуптур. Ал керээлдин кечке уулуна колукту издечү экен. Бир курдай ал отуз беш жаштагы уулу үчүн он беш жаштагы кызга жуучу түшүп барат. Барганда да уулунун жаш курагын жашырганычы. Бирок көп өтпөй эле кыздын ата-энеси күйөөнүн картаң экендигин угуп калышат. – Кызыбызды эч качан картаң күйөөгө бербейбиз, экөөнүн жаш курагынын айырмасы жыйырма жаш болуп атса, карасаң шумпайды, – дешет.

Белгилүү публицист, акын Алым Токтомушевди эскерүү

Маркумдун жаңы китебинин бетачары өтөт 2016-жылдын 3-ноябрында саат 15.00дө Улуттук Консерваториянын Чоң залында белгилүү публицист, журналист жана акын Алым Токтомушевди эскерүү кечеси болот. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жатат. Кечени КР Эл акыныШайлообек Дүйшеев алып барат. А.Токтомушевди анын калемдештери, замандаштары жана шакирттери – Эсенбай Нурушев, Айылчы Сарыбаев, Жаныш Кулмамбетов, Аскер Сакыбаева, Олжобай Шакир ж.б. эскеришет.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Ит атар

АҢГЕМЕ Ар шаршемби күнү экинчи сабактан кийинки чоң танаписте мектептин адаттагы «линейкасы» болор эле. Аны тарбия завучу Күкүн эжей өткөзүп, окуу, тазалык, тарбия боюнча жума жыйынтыгы чыгарылчу. Алдын ала дүйшөмбү күнү эле эжейибиз тазалык сектору менен бирдикте ич кийимдерди текшерип, кимден канча бит чыкса, фамилиясы окулуп, алар «линейкага» чыгарылып, катарга тизилген окуучулар алдында уяткарылчу. Бүгүн да баягы эле фамилиялар: — Туралиев Канжар, 5-«б» класс, үч бит, эки сирке, Туралиева Дамира 9-класс,  эки бит, Туралиев Тайырбек 7-класс, алты бит, бир сирке. […]

Нурайым ШАРШЕНБАЕВА: Наристе үнү

Новелла – Ураа! Мен жарала баштадым!.. Менин жаңыдан гана түйүлдүккө айланып, апакемдин курсагында чоңоё баштаганымды эч ким биле элек. Жадагалса апам да… Мен жөнүндө билгенде апакем абдан сүйүнсө керек… А атамчы?.. Ал ким болду экен? Буюрса тогуз айдан соң жарык дүйнөгө келип, баарын кубанычка салам го деп ойлойм… Кандай гана бактылуумун! Мындай бакыт баарына эле буюра бербесе керек… * * * Жарала баштаганыма жыйырма күн болду. Бүгүн апакем мен жөнүндө билди. Бирок мен күткөндөй кубанган жок… Кабагы ачылбайт… Жаздыкка башын […]

Жусубалиев «тойдум ушул цивилизацияңа» дейт

БАШЫ мында (Маектин уландысы) – А Платон эмне үчүн айткан анда “Элди философдор башкарыш керек” деп, эл анда да оңолбойбу? – Коё тур эй, аныңды. Алар айта берет да. Эл өзүнүн абалын түшүнгөндөн кийин гана бир балээ болушу мүмкүн, ага чейин бир жыйынтыкка келбейт. Эл “добровольный бедностко” келгенден кийин гана өзүн өзү коргоп жашайт, ага чейин тарпты айланган кузгундай болуп азыркы абалында жүрө берет самсаалап. Качан гана жакырчылыкка жетип, духовность эмне экенин түшүнгөндө, ошондо барып сен айткан философду президент кылып […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА : «Кантор катын»

Аңгеме  Эл эчак  кечки тамагын жеп, жатууга кам урганда Зыйнаттын очогуна жаңы гана от жагыла баштайт. Кечки тамакты элден кеч ичкенге бу «кантор катындын» күйөөсү, балдары эбак көнүп бүтүшкөн. Зыйнат кызматынан ар дайым кеч келет, үйүнөн эрте кетет. Ар дайым ишинин көп экенине, оор экенине даттанат, бирок кызматын өлсө таштагысы келбейт. Өмүр бою ушинтип иштеп келет. Ага үйүндөгү бала тарбиялоо, толгон-токой түйшүктөн мурда кызматы өөдө. Өмүрүнүн маанисин да кызматынан көрөт. Зыйнат деп азан чакырып койгон атын Зина деп өзгөртүп да алган. Таң эртең элден […]