Бул торпоктун эти эми арам болобу же адал бойдон калабы?)))))))

«Коом жанан Мен» сайты окурмандар арасында кызыктуу фото-сүрөттөр боюнча сынак жарыялаган элек. Бүгүн бизге береги сүрөттү Гүлмайрам Тагай кызы аттуу окурманыбыз жөнөткөн экен. Көрдүк. Жылмайдык. Заманың түшкүрдүкү дедик… Эрендер эшекти бизнеске айлантып шугулданып атса, а мында куругур эшектин эмчегин торпок да кактай шимип атканын караң…

Картайбоонун сыры

Авар жомогу Бир айылда өтө чынчыл, адилетчил жашаган тегирменчи болуптур. Өмүрүндө ал бирөөнүн буюмуна ээлик кылбачу экен. Кимде ким кыйынчылыкка кабылса, азабын тең бөлүшчү дешет. Бир курдай ал тегирменге келчү суунун арыгын тазалап атып, мөлтүрөп бышкан бир баш алма агып баратканын көрөт. Жегиси келип, бирок ойлонуп калат: «Бул алманы жегенге кандай акым бар? Мен өстүргөнүм жок да». Аны алманын сулуулугу суктандырып, кайсы бакчадан келген алма экенин билгиси келет. Тегирменчи арыкты бойлой бара берип, бир убакта аппак сакал карыга кезигет.

Алтын Ордо

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу  ДӨӨЛӨТ  Көчмөндөр өнүгүүнүн диалектикалык мыйзамынан кабарсыз сырт калышкан деген миф мээбизди али чытырман жыш басып тургандыктан ушуга келели эми. Тек, диалектика деген термин Батыш-Чыгышка байма-бай таралып калган себептүү аталган терминди аралаш колдоно барабыз. Оң-Солдун ички агым-кыймылына, анын көчмөнтаанымда аңдалган өзгөчөлүгүнө атайын токтололу. Диалектика өзү кыймылдын мыйзамы болгон үчүн олуттуу стереотиптерди бузуп, биз да обол тамаша өңүттөн чыгалы.

Татым туз

Аман САСПАЕВ Аңгеме Суу айрыгына жакын, саздакка чыккан кыяк чөптү ыктап жалгыз түтүн кыргыз жашады. Эзелтен эле жергиликтүү дыйкан уйгурлар конуш тээп, төшкө такай соккон корук тамдын калдыгынан башка ал жерде дагы бул күнгө чейин төрт түтүн уйгурдун эски тамы сакталып калган. Уезддик шаар мындан алысыраак жерге жайгашкан. Бирок, көндүм адат катары ага каттаган жөө базарчылар көп деле кыйналуучу эмес.

Сүйүү алдамчынын алдамчысын да алдайт

Маргарита НАВАРРСКАЯ (1492-1549), «Гептамерон» сүйүү новеллаларын жазган Наварра королевасы Көрүнгөн аялга чөгөлөп сыйынганча бир эле аялдын кадырына жетип ал. * * * Аялдар сараң келет. Бирок атак-даңкы чыккандары сараңдыгын жеңе баштайт. * * * Сыдыргыга тарткандай жакшы тарбиялуу аялга канча жүгүнүп сый кылсаң да туруш-турпатынан жазбайт.

Атактуулар жөнүндө алакандай аңгемелер

Чөнтөк дептер Алик Акималиевдин эшек дептериби, жөн дептериби, айтор аны Жолдошбек Зарлыкбеков таап алыптыр. Ичин ачса, кайдагынын баары жүрөт дейт. Жазуучулар чөйрөсү жөнүндө бирдеңкелерди чиймелеп баштаган узун тизмедегилер Жокебиздин көңүлүн көбүрөк бурган экен. Себеби А.Акималиев түзгөн тизме: «Менин устаттарым – баландай-түкүндөй аттуу-баштуулар. А замандаштарым – баландай-түкүндөй итибай-чотубайлар» менен бүтүптүр. Кызыгы, «Менин шакирттерим» деген узун тизменин аягында Жолдошбек Зарлыкбеков бар экен. Аны көргөн Жокебиз: «Ким-кимге устат экен! Жок дегенде, замандаштарым баландай-түкүндөй итибай-чотубайлар дегенге кошпойт беле!» деп бырсылыктап күлөр эле.