Эстүү колукту

Азербайжан жомогу Бу жарыкта абыдан ынтымактуу, бирине-бири ачуу сөз айтпаган эрди-катын жашаптыр. Күйөөсү эртеден кеч талаада иштесе, аялы жип ийрип, жамап-жаскаган үй тирлигинен бошобочу экен. Айылдаштары бул үйбүлөнүн туткасын кармаган аялдын жөн билгилигин дайыма макташып, акылдуулугуна суктанышкан дешет. Күндөр өтөт, айлар, жылдар өтөт. Бул аял жөнүндө мактоолор эл арасында ооздон оозго тарайт.

Пляжда жаткандар

Аңгеме Боро деген эргул бар, он күндөн бери көзү ачылбай ичти. Ичсин, бирок катыны айткандай, балээ ичсин. Бир жума айылдын ичин чаңызгытып, кыйсыпырыбызды чыгарды да. Ичселе машинесине жабышат. Алдынан катын-калач, бала-бакыра чыксабы, тебелеп кетейин дейт. Көчөнүн башынан машиненин аңылдаганын уккандар «жинди» келатат дегенделе, бүттү. Демейде машиненин «пипилдеген» доошунан үркпөгөн көчөдөгү эшек, кой, уйларың алыстан эле жолдун тиягына, биягына чыгып калдаңдап келаткан машинеден өзүнөн өзү үркүп калганычы. Жок дегенде ошолордун бирөө-жарымын тебелеп кетсе кана, мына анан, «баландайдын малын тебелеп кеттиң, келе, […]

Оратор болчуларга сабак

ДЕМОСФЕН Аалам алптарынын арасынан адам оюна келбеген тырышчаак, көкбет, апендилик мүнөзү менен өзгөчө айырмаланган инсандар урку жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк. Өздөрүн өздөрү адамзат тарыхына тааныткан алардын тарыйкаларын кыргыз үйрөнсүн, ардансын дейбиз. 

Сүйүү

Сүйөм дейсиң жаш жигит, Шашпаа, шашпа, коё турчу… Билесиңби? Айтайынбы билгеним?.. Жыргалынан, кууралынан махабаттын ыйлаганым, күлгөнүм… Анда эмесе угуп алчы, кантип менин сүйүүлөрдөн күйгөнүм… Чындап  сүйсөң тилиң келбейт күрмөөгө, Кирпигиңди алың жетпейт ирмөөгө! Ачылат-ов, ак сүйүүдөн Бейиш багы буга чейин сен көрбөгөн, билбеген! Кайран жаның дирилдеген сүрдөгөн. Кулайсың да кучагына сүйүүнүн. Тагдырың ай, адамдык бир ирмемге байланган, Дилиң менен  бир денеге айланган. Көздөр гана  сүйүшөт, көздөр гана күйүшөт, Денең күйүп от-жалын, эриндериң эс тандыра өбүшөт!

Нуралы КАПАРОВ: В.И.Ленин жөнүндө ода

Бараткандай арга бүтүп, салалы деп жер менен жексен кылып, жарга түртүп, түп көтөрө түбүн копшоп көрүшкөндө В.И.Ленин козголбоду. Ары жөөлөп, бери жөөлөп, жалгыздады, кош колдоду. Эрегишкен эргулдарың “ээ, койчу!” деп токтолбоду.

Элмира АЖЫКАНОВА: «Сүрөтчү»

Аңгеме Биздин айыл үч көчөдөн турат. Экөө чоң көчө. Бири чолок. Чолок көчөнүн орто ченинде  ээн калган үй бар. Ээси бир жакка көчүп кеткенби же көзү өтүп кеткенби, ким билет? Айтор көп жылдардан бери ээсиз турат. Айылга сырттан келип иштегендер  ал үйгө көчүп кирип, убактылуу жашашат да кайра бир күндөрдө жок болуп кетишет. Бир убактарда биздин мектепке мугалим болуп келген чет тилчи эжей жашап жүрдү. Кийин бир жаш жигит жашады. Агроном экен. Колхозго практикага келген имиш. Ал да көпкө турган […]