Бараткандай арга бүтүп,
салалы деп жер менен жексен кылып,
жарга түртүп,
түп көтөрө түбүн копшоп көрүшкөндө
В.И.Ленин козголбоду.
Ары жөөлөп, бери жөөлөп,
жалгыздады, кош колдоду.
Эрегишкен эргулдарың
“ээ, койчу!” деп токтолбоду.

Упуратып чаң басышып,
кытыратып  кар басышып,
жапатырмак аң казышып,
жаагы катуу тилек менен
жаалы күчтүү күрөш менен
“жулам” деген, “кырам” деген
сыйыртмакты салышты
трос менен
салаңдатып көтөрүп кран менен
далдайган эстеликти далбактатып,
жетимиш жыл жүрүшкөндөр ардакташып,
“каңк!” эткизип кара жерге таштаганда
жер огунан чыкчудай калдаң этип,
кайран көсөм жер сүздү далбаң этип.

Жүргөндөр барга байып,
жокко карып,
жүргөндөр айран чалып,
ботко чалып,
күйгөндөр отто калып,
чокто калып,
кулаган эстеликтин көзүн оюп,
“тишин” чагып,
жүргөндөр сүрөтүңдү өпкүлөшүп
колун жулуп, бутун жулуп,
кески менен кескилешип,
барскандап, балталашып,
биринен бири өтүп жанталашып,
тың чыгып бышыгы да,
бучугу да,
жабалактап дөбөтү да, канчыгы да,
күчүгү да,
таш талканы чыккыча талкалашып,
тирүү душман жеңгендей ойрондоруң
түн бир убак тарашты чалкалашып…

Эх, Ильичим, Ильичим,
сырайып сыйга баткан армансызым,
тырайып жинге баткан дармансызым.

Сүрөтүңдү илип алып
чокунгандар каапыр чыгып,
чатына башын тыгып
жер караган коркокторуң
баатыр чыгып,
жибектей шуудур этип
желип-жорткон желиңен
куюн чыгып,
маңкасы куюлгандар кыйын чыгып,
өрттөштү өз тарыхын күлү калбай,
быркырап жансыз дене
“тирүү” калбай,
упурап цемент денең
куюлган кумга айланып,
күбүлгөн цемент башың
калдайган зымга айланып,
жаны жок эстеликтен
өч алганы таңкалтырып
турганымда да бир берен
тракторго сүйрөтүп
сүлү калган кайран денең
таштандыга
ташталды
аңга алпарып…

Эх, Ильичим, Ильичим,
миң миллион жылдар ичи,
кыргыздарым кырылып жоюларда,
чыккан эмес
колун сунуп
колдогон сендей киши.
Кыргызымдын
өйдө тартса жөлөгү да,
ылдый тартса өбөгү,
кыргызымдын
сабат деген,
завод деген,
билим деген
желбиреген желеги!

Эх, Ильичим, Ильичим,
көчүп-конгон кыргызыма
жаркыраган шаар болдуң,
бапыраган айыл болдуң.
Кирпигиңе кар тоңсо да,
мурутуңа муз тоңсо да
кыргыз үчүн бардыгына
кайыл болдуң.

Күчөп иштеп күнү-түн
баркыратып көккө ыргытып жандырдың
кыргызымдын жерге түшкөн үмүтүн.
Эх, Ильичим, Ильичим,
коюу түндө жаткан журтту ойготуп,
мекенине айландырып электрдин,
кыйынмын деп кырданган
далай элге
өчөйгөн кыргызымды
өөдө жөлөп теңештирдиң.

Эх, Ильичим, Ильичим,
миң тогуз жүз он алтынчы жылындагы
кыргыздын кырылганы
эстен кетпейт.
Али да кулагымда
качкан-бозгон элимдин уңулдагы.
Жулуңдаган падыша желдеттери
жапырылган элимдин алдын тороп,
ит аткандай атышкан канга боёп.

Аман калган кыргызым куралы жок,
кара жерге кирерде тура качып,
кайберендей мөңгүгө чыга качып,
көк жалтаң муз жол бербей
учуп өлүп,
бар байлыктан ажырап,
онтоп ооруп,
ачарчылык желкелеп, тузу кемип,
ала-телек кар жаткан күз айында
жансоогалап кул болуп,
күң да болуп,
кирип барган боору таш Кытайыңа.

Эх, Ильичим, Ильичим
көздөп күткөн
Улуу Октябрь таңы атып тарабыңа
Аврора залп берип заманыңа,
дүйнө турду титиреп таманыңда.
Быт-чыт чыгып падыша
тагы кулап,
уйпаланып үн чыкпай тамагынан
убактылуу өкүмөт дагы кулап,
аңтарылып дүнүйө ак жагына,
азап тарткан элимдин бак жагына,
бийлик алган Ильичим чыга келип,
качып-бозгон кыргызды тактады да:
“Какшаал, Кулжа, Турпанда
тилемчилеп,
кул-кутанга айланган Үрүмчүлөп,
кайткын кыргыз жериңе!”
деген сөздү
чабарманы жеткирди сүйүнчүлөп.

Жонун тилип, каруусун тырыштырып,
колундагы куралын жулуп туруп,
кыргыздарды кырышкан желдеттерди
көчүк аарчыр кагаздай бырыштырып,
куугун кандай экенин көрсөттү бейм,
туш тарапка кубалап жиниктирип,
өлгөнү өлдү, тирүүсү жанталашып,
жансоогалап сырактап сыртка качып,
кыргыз кандай боздосо бөтөн жерде
эми аларың боздоду арып-ачып.

Өчүн алып Ала-Тоо, бүт Алайдын,
бурай кармап сакалын Николайдын
суранса да чөк түшүп, жашып дагы
бурчтан бурчка бүрүшүп качып дагы,
эси кеткен Николай эсин жыйбай,
кара жерге кадалып жатып калды,
чыркыратып кыргызды кандай атса,
дал ошондой тырайтып атып салды!

Күн сыяктуу төбөдө кактап турган,
Чүй сыяктуу жайында аптап урган
мээрим, бакыт, жакшылык
келди бизге,
келди Ильич кыргызды
сактап турган.

Эх, Ильичим, Ильичим,
батыракка, байкушка бооруң ачып,
жесил, жетим, жесирге
жыйын курдуң,
ошолордун ичинен кыргызыма
кылым кезип кыйшайбас
үйүн курдуң,
кыргызыма энчилүү өлкө түзүп,
кат тааныттың,
окуттуң,
кийиндирдиң.
Сен кыргызды сүрөдүң “алга!” дедиң,
“Жалкоо кыргыз жан талаш, чамда!” дедиң.

Ай-күн эмес дүркүрөп саат сайын,
улам өргө өйдөлөп
таап жайын,
өстү кыргыз өзүңдүн колуң менен,
өстү кыргыз сен чапкан
жолуң менен!
Бирок, аттиң, өзүмчүл мүнөзүңдү
билген шерлер жайнатып сүрөтүңдү,
аткан таңга карабай,
кечине да,
сенден Кудай жаратты
кудай жок деп
зыян болду кыргызга,
өзүңө да.

Кудай деген Кудай да,
куурап калгыр
кандай пенде Кудайга
теңелем дейт,
Кудайы жок өспөстүр куурайы да,
Кудайы жок жер шары тегеренбейт.

Кечир деймин, Кудайым,
кечир деймин,
бул пенденин катасын көңүлүңөн
көп кармабай айкөл зат
өчүр деймин,
сүт жуугандай агартып бүт дүйнөнү,
кара такты кармабай
кетир деймин,
кечир, Кудай, пендеңди кечир
деймин,
кыргызымды сактаган сообу үчүн,
кыргыздарга жасалган кыянатка
падышага кайтарган жообу үчүн,
түз жолуңда бараткан кыяматка
азап тарткан, кыйнаган оору үчүн
кечир Кудай, Кудайым кечир деймин,
көңүлүңөн бир такты өчүр деймин…

Ким билиптир кыргыздын телчигерин,
көрдүң Теңир кыргыздын өөрчүгөнүн,
кыргызыма, кыргыздай  бакыр элге
бакыт берген бул пенде
кемчилдерин
Кечир Кудай,
Кудайым кечир деймин,
билип-билбей жасаган күнөөлөрүн
көңүлүңөн айкөл зат өчүр деймин.

Токсон жылдай убакыт ашканына
өлгөн дене как болуп катканына
карабастан кара жер койнуна албай
жер үстүндө солдоюп жатканына
кайрым менен карагын
оо Улуу зат,
балким алар, аларың, эгер алар
көмбөйбүз деп кол шилтеп
жаткан болсо,
чындап эле көмүштөн качкан болсо,
оо Улуу зат жол бергин
кыргыз көмөт,
ал тарапта көмүлбөй жаткан Ильич
орус эмес насили кыргыз демек.

Кыркалекей боз үйдү тигет элек,
карашына жулкунган жылкы союп,
карашына булкунган бука союп,
казанбагын кең кылып оёт элек,
“атакелеп!” өкүрүп урмат менен
Басбөлтөккө кадырлап коёт элек…

Эх, кыргызым ээрчибе башкаларды
башка жолу башкадыр
сөгүп, каккан.
Балким алар Ильичтен кордук көрүп,
балким алар Ильичтен зыян тарткан.

Биз башкабыз, биз үчүн Ильич башка,
Ильич атын жазабыз кагаз, ташка,
алтын менен чегелеп өмүр жолун,
акыбыз бар Ильичти урматташка.
Оо кыргызым далдайып оозуң ачпа,
Ильич атын балталап жаткандарга
өз экен деп өпкөлөп бооруң ачпа,
алар башка, биз үчүн Ильич башка,
ушул сөздү асылкеч,
алтын элим
көкүрөктүн төрүнө бекем сакта:
“Алар башка,
биз
үчүн Ильич башка!”

 

Элесине таазим кыл Ильичимдин,
эстелигин сактагын Ильичимдин.
Лениндин атын кой көчөлөргө,
Ленин деп ыр ырда кечелерде.
Ленинди кошуп черт “Ибаратка”,
Лениндин атын бер имаратка.

Кыргыз үчүн улуу сөз Ленин деген
жакшылыкты туюнтат
кыргыз тилде:
бакыт, таалай, ак жолтой,
өмүр деген…

One Reply to “Нуралы КАПАРОВ: В.И.Ленин жөнүндө ода”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *