Ак аю менен күрөң аю

Ненец жомогу Бир күнү токойдун күрөң аюсу түндүктөгү деңизге жөнөйт. Дал ошол учурда муз бойлогон деңизде жашоочу ак аю түштүк жергесине бет алат. Эки аю деңиз жээгинен кезигет. Ак аюнун жүнү үрпөйүп ачууланат: – Менин жериме не келесиң, күрпөңдөгөн күрөң? – А бул качан сенин жериң эле? Сенин жериң – көпкөк муздуу деңизде! – дейт күрөң аю.

Көздөн учкан Мекен жөнүндө маек

«Жандилибизди тузактаган жер бул – Атамекен». ВОЛЬТЕР  «Коом жана Мен» сайтынын «Мекендеш» рубрикасынын бүгүнкү мейманы Айжаркын БЕЧЕЛОВА Якутиянын Мир калаасында үйбүлөсү менен тирлигин кылып келаткан замандаштарыбыздын бири. Биз бүгүн Айжаркындын Мекен туурасындагы сагынычтуу, кусалуу кебин тыңдадык. Жана да мындан ары аталган рубрикабыздын алдында бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөн мекендештерибиз менен кызыктуу маектерди уланта бермекчибиз. Андыктан алыста жүргөн ага-инилерибизди, эже-карындаштарыбызды «Коом жана Мен» сайты менен тыгыз байланышта болууга чакырабыз. Аталган сайт аркылуу алыстагы жакындарыңыздарга дубай саламыңыздарды жолдоп, үйбүлөлүк альбомуңуздарда сакталган сүрөттөр менен бирге дил […]

СААДИ: «Кесир күтпөө жөнүндө»

СААДИ:  БИРИНЧИ БАП   ЭКИНЧИ БАП  ҮЧҮНЧҮ БАП ТӨРТҮНЧҮ БАП Тамчы үзүлүп түшөрүндө талаага, Деңизди ойлоп, баткан экен санаага. «Карачы анын тереңдигин, кеңдигин, Деңиз турса демеленген мен киммин?!» Деп тагдырга наалат айтып күйүндү. Түнөк кылып калды бирок үлүлдү.