Үч биртууган

Корей жомогу Бул дүйнөдө үч биртууган жашаптыр, алар женьшень[1] казып байымай болушат. Анан алар тамыры далай тереңдикте өскөн женьшенди өлүп-талып казып алышса, үчөөнүн тилеги кабыл болмок экен. Тамыр казылган соң улуулары өз ара сүйлөшөт: – Кичүүбүздү өлтүрөлү да, анын үлүшүн экөөбүзгө бөлүшөлү.

Эсимде

БАШЫ мында (Уландысы) БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ Мен анчейин узак эмес өмүрүмдө камыр-жумур мамилелешкен көп деле дос күткөн жокмун. Бир жандуу деп коебу, ошол бир жандуумун. Эгер мен ким бирөө менен достошсом, мурдунун тыноо какканынан тартып, желбүүрдөй желпинген кирпигинин бир талынын “тырс” этип “сынып” түшкөнүнө  чейин сезип, жана досумдун проблемасы досумдуку гана болбостон, менин да проблемама айланганда ал адам менин чыныгы досум деп эсептечүмүн. Ар бир клеткабызга чейин арам ой калтырбай эзип достошкон досторумдун бири Шайлообек Дүйшеев […]

Ач көз адамдан өткөн шоркелдей жок

Мухаммед Аззахири АС-САМАРКАНДИ (XII), перс акыны  Майда таарынычтар үчүн достукка артыңды салба. * * * Төмөнкү төрт милдет аткарылмайын иш бышты дебе: Биринчиси, казандагы аш оозуңа тиймейинче; Экинчиси, кош бойлуу аял көз жармайынча; Үчүнчүсү, жоокер согуш майданынан кетмейинче; Төртүнчүсү, дыйкан түшүмүн оруп жыймайынча…

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Момуш азилкеч»

Аңгеме Согуш аяктаганына бир жылдай болуп калган. Фронтко кеткендер арасынан  дайыны билинбей кечиккен Момуш коңур күз күндөрүнүн биринде, кечке жуук айылына бир мүшөк туз артынып кирип келбеспи. Айылда туз тартыш эле. Учурашканы келген эл-журт анын үйүн басып эле калды. Бирөөсү аке деп, бирөөсү таяке деп, дагы бири дос деп, айтор  туз сурагандардын ичинен бир да жат киши табылбайт. Алар ага миң ыраазылык айтып, алкап, бата берип жатышты. Ошончо алыс жолдон мындай оор жүктү азап менен  көтөрүп келгенин унутуп, өзүнө өзү […]

Жаратмандын жаркын элеси

Көбү жөн эле жүрүп көзү өтүп кете берет. Алардын санынан кыргыз бөксөрүп кетпейт. Бирак Табылды Эгембердиевдей асылдардан кыргыз арасы бөксөрө түшөт, аттиң. Башкага кандай билбейм, мага ошондой… Табыкебиз кыргыздын куучирен байларына окшоп ысырапкорчулукту сүйбөй жашады. Аш-той берип эчбир мактанган жок. Мен анын өтө жупуну, өтө жөнөкөйлүгүн эки курдай кошуна болуп жашаган учурда байкадым. Борбор шаардын Буденный көчөсүндөгү №97-үйдөгү квартиралар ТЭЦтин түбүндө болгондуктан, баалары өтө арзан эле. Бир жылдары ошол кварталда арзан квартирада убактылуу жашап калдым. Бир күнү кечке маал шалдыраган […]