Зарлыкбековдун поэзиясы

* * * Кош болгун, селки, кош болгун. Кайрылбайм сага калтырам, шамалын кара Кочкордун, изимди жууган артыман. Эскербе, күтпө. Күлкүңдү кирдетпе. Дагы сураныч, колуңдан келсе ал түндү койгунуң эстен чыгарып. Аман бол! Албайм тынчыңды, аруу го дегем. Кыз депмин. Ачылган эбак кулпуңдун ачкычын бекер издепмин.

Мүрзөдө өскөн гүлдөр

Зинакан ПАСАҢОВА Аңгеме Чөбү тапталбаган жолдун нугун зорго таап, бутка ширелген тулаң чөптү жирей басып, атамдын жайына келе жаттым. Өмүрүмдөгү эӊ узак да, армандуу да, сагынычтуу да жол… Атамды жерге бергенибизден кийин кыркынчы күнү ушул жол менен жайына келгеним эси-көөнүмдөн кетпей жүрөгүмө батып калган. Ошондо али балакатка жете элек сезимимди майыштырган кайгым кандай жаңы болсо, дөбөлөнө үйүлгөн боз топурак да ошондой жапжаңы, таш боор, муздак эле. Мен үчүн аска-тоодой болгон адамды бизден айрып, кара жер алдына түбөлүккө чыккыс кылып жашырган […]

Шаңдуу таранчы

Калмак жомогу Таңдан кечке талдан талга, чатырдан чатырга секеңдеп секирип, желпеңдеп канат каккан таранчы болуптур. – Чик-чирик! Чик-чирик! –. Шаңдуу-шаттуу, шок экен ал. Чокуласа биягында дан, тиягында курт мол экен кибиреген жанына. Айтор жашоосу бейкапар болуптур. Бак башында кабак бүркөп карга отурат капкара. Салабаттуу көрүнөйүн дейт, бирок картайган. Бир көзүнүн кыйыгынан шаңдуу таранчыны карап ичи тызылдайт. Ал жадаткыр улам секеңдейт: «Чик-чирик! Чик-чирик!»

Жашоо маңызын сезбейбиз, болгону жашап жүрөбүз

Уильям БЛЕЙК  (1757-1827), англис акыны жана сүрөтчү   Акылдуу менен акылсыздын маңдайында терек турса, экөө аны эки башка көз менен көрөт. * * * Жашоодо дөөдүрлөр болгонуна да шүгүр. Аларды көрбөсөк, биз да дөөдүрөп жүрмөкпүз.

Бир сүрөттүн керемети

Студенттик дептерден Мен бул сүрөттү көргөн сайын улам кумарым артып кайра көргүм келе берет, улам суктануум күчөп, көз албай тигиле берем. Бул сүрөткө кайрадан назар салган сайын буга чейинки мага белгисиз жаңылыктарын ачып, мага купуя дагы бир табышмактын жандырмагын таап, көөдөнүмдө кандайдыр бир сырдуу сезимдер удургуп, жан дүйнөм тулку боюмду мына-мына алып уччудай толкунданып бир башкача абалга туш болом.

Жүзбай

ГЕНИЙ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА                            БИРИНЧИ УСТАТ (Уландысы)  Анда аскерге дейре болочок манасчы Жүзбай деген байдын малын кайтарып күн көрүп жүрүп, мына буларды эскерет. Ошол убакыттагы заман ай! Аялдарда эрк жок, малга сатылып, оор турмушту башынан өткөрүп жаткан кез эле. Малга кароо аталар өзүнүн өсүп келе жаткан жаш кыздарына жарыкчылыкты көрсөтпөй, баасын малга бычып, 70-80деги абышкага токолдукка берчү. Ошондогу бир окуя эсимен кетпейт. Биздин айылда Жүзбай деген бир жүзүкара бар […]

Алтымыш жыл «аңызда» катылган ырлар

Темирбек АЛЫМБЕКОВ ЭЛ АДАБИЯТЫН ТААНУУ Кыргыз адабиятчылары, жалпы эле  кеп кадырын билген карапайым калкыбыз  калыстык  менен белгилеп жүрүшкөндөй, айтылуу Арстанбектин  акындык  карааны Кантеңирдей  калдайып  бөлүнүп турганын кантип  танабыз. Кашайганда, өзү жашап өткөн доордон, бүгүнкү күнгө чейин кыргыздын көзү ачык, керемет  акыны катары тааныганыбыз менен улуу ойчулдан  уучка толор мурас калбагандыгы сөз баалаган кимибиздин болбосун өзөгүбүздү өйүтүп, жүрөгүбүздү оорутуп келет.

Абдыкерим МУРАТОВ: «Тешебайдын теректери»

 Аңгеме Адегенде «шуу…шуу…шуу…» деген шоокум чыгып барып, анан «карс» деген үн чыгарып, отуз жыл көк тиреп турган терек жерге жалпайып жатып калды… Жо-ок, жаны чыгып жатып калардан мурда ал күү менен кара, как жерге тийип, дагы ордуна барып тик туруп кала тургансып, көккө бир серпилип алды. Серпилип алды да, мурдагы ордуна кайра жетпестигин, кайра шамалга төш тиреп шуудурап турбастыгын билгендей жер менен жер болуп суналып жансыз денесин кыймылдата албай жатып калды… Терек менен кошо Тешебайды да бирөө көтөрүп чапкандай, эми […]