Китепкөйлөргө сүйүнчү!

Урматтуу поэзия күйөрмандары, «Турар» басмасынан белгилүү драматург жана жазуучу Султан Раевдин «Антистандарт» аттуу ырлар жыйнагы жарыкка чыкты! Аталган  китептин биринчи барагы төмөнкү ыр саптары менен башталат:

Унутулбас сокмо жол (2-маек)

(1-маек) «Өлгөн башка, мени көөмп жатышат» – Мурзаке, өткөн жумада кайран эжебиз Бакен Кыдыкееванын күйүттүү өлүмү тууралуу кеп кылдык эле. Бүгүн дагы бир көйкашка талантыбыз Болот Бейшеналиев менен коштошуп, чын жайга узатып келатабыз. Кыязы, бул дагы бир өткөн өмүрдүн өктөсү болуп калды сыяктанат?.. Болот менен акыркы ирет кай жерден жолуктуңуз? – Жолукмак түгүл чогуу жүрбөдүкпү. Кыргыз киносунун 60 жылдык тоюнда кыргыз киночулары жана башка жерлерден келген коноктор менен өбүшүп, жытташып, бакылдашып, бокалдашып чогуу болгонбуз. Анан эртеси эле үрөй учурган ушул […]

Маркумдардын маеги: Унутулбас сокмо жол

ӨНӨРКАНА Арабызда бүгүн Мурза Гапаров да, Алым Токтомушев да жок. Экөөнүн тең көздөрү өтүп кетти. Экөө 2001-жылы «Агым» гезитинде «Гяпкана» рубрикасын ачып, адабият-маданият жаатындагы өтө талылуу жагдайлар туурасында сандан-санга сукбат куруп суктандырышкан. Мурзакенин өлөр алдындагы эң мыкты маектеринин бири ошол маек болуп калды… Кийин аталган маекти талантуу жазуучу, белгилүү публицист агабыз Абдыкерим Муратов «Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» аттуу китеп түзүп чыкты. «Коом жана Мен» сайтынын окурмандары үчүн Алым Токтомушев өзү иштеп берген «Жаңы Ала-Тоо» журналындагы вариантын сунуш кылууну эп көрдүк. Андагы маектешүү өткөрүлгөн […]

Мектепке барган чал жөнүндө

Украин жомогу Бечара бир чал болуптур. Бир курдай ал айыл башкармалыгына баратса, алдынан чычайган чылым тиштеген мугалим жолугат. Чал күңкүлдөйт ага: – Мурдуңду курт жегир десе! – Сиз да чегип жүрбөңүз? – деп чалга да чылым берет. Чал минтет: – Айтчы, баатыр, мугалим эмессиңби… Чылымдын мындай кымбатын кантип сатып аласың? А мен арзанын да сатып алалбайм.

Амирбек УСМАНОВ «Билими тайкы эл жеңил башкарылат» дейт

Маектешибиз Амирбек УСМАНОВ  (Азам уулу) акыркы чейрек кылымдан бери массмедиа тармагында эмгектенип келет. Анын ичинде 20 жылдан ашуун мезгил “Азаттык” радиосунда иштеп, 1995-жылдан бери Прага шаарында жашайт. Окурмандарга “Кабуснамени” орусчадан кыргызчага которгону маалым. О.э. “Чаувайдан Чехияга канат кагып” аттуу публицистикалык жыйнагы жана “Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен” аттуу китеби чех тарыхчысы Петр Кокайсл менен бирдикте жазылып, кыргыз, орус, чех тилдеринде жарыкка чыккан. (2-МАЕК)  КЫРГЫЗДА ДИНИЙ ФАНАТИЗМ ЖАНА КӨРКООЛУК БОЛГОН БЕЛЕ?

Жазуучу Талип ИБРАИМОВ: Аял менен арак көйгөйүн көп тарттым

Мыкты чыгарманын финалы күтүүсүздөн чокуга муш жегендей отургузуп коерун жазуучу, кинодраматург Талип Ибраимовдун («Периште жана абышка») чыгармалар топтомун окугандан кийин абыдан ынадым. Көзүңдү умачтай ачып, жинди болгондой ордуңан тегереткен мындай автор дүйнө адабиятынан эмес, кыргыз адабиятынан кезиккенине төбөм көккө жетти. Бизде бир эле Айтматов эмес, Айтматов дүбүртүн өчүрбөс даа бир сүрөткер Талип Ибраимов экенин тоготпогон эл экенибизге бали. Бирок буга ичиң да сыйрылат. Балким 2006-жылы Орусиянын «Русской Премии» аттуу эларалык адабий сыйлыгын ойдо жок жерден жеңип албаганда бу кишини деле катарыбыздагы […]

Күзгү туман

Үшүткөн муздак шамал, күздүү булут, Сенсиз да күз келгенин сезип турам… Кечээги маанайымды жамгыр жууган, Кечээги күлкүм дагы желге учкан… Эртелеп санаа минген бүгүнкү күн, Бозортуп көчөлөрдү чулгайт туман. Жеңил деп жөө туманды айтпагыла?! Оордугун көтөрө албай чөгүп турам…