Жаратылыш жазып койсо не чара? Жарты канат жаралсам мен бечара

Шакен МАМБЕТАИПОВА ПОЭЗИЯ  КАМЧЫ Уулум! Ме, бу камчы сен үчүн. Учунда улуулук жолу бар. Өрүмүн жакшылап карасаң Өнөрдүн тарыхы жолугаар. Манастын колунда ойногон Мына эми, сага өттү кыйладан. Жеңишке сүйүнүп баатырлар, Жеңилсе таянып ыйлаган.

Кеменгердин керээт кеп

Кубатбек БАЙБОЛОВ  АКСАКАЛДАН НАСЫЙКАТ  Байлык – колго кармалбаган шамал. * * * Коомдо бардыгын мыйзамга такап, мыйзам менен эрежелештиргенден өткөн коркунуч жок. * * * Кызматтан алынгандан кийин көзү ачылгандарга такыр ишенбейм.

Кан күйгөн согушта

Каныбек ИМАНАЛИЕВ ГЕНИЙ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА …Артыбызда Москва! Бир кадам да артка чегинүүгө акыбыз жок. Мына ушундай ураан менен казак жана кыргыз жергесинен келген эр жүрөк панфиловчулар Москванын Дубосеково разъездинин жанында өлбөс-өчпөс эрдигин көрсөтөөрдүн алдында ал жерде Саякбай болуп, Манас айтып, рух дем берип кайткан. …Кыргызстандан фронтко атайын өнөрпоздордун делегациясы келип, белектерин беришти. Жылуу чыптама, калың жумшак мээлей. Андан башка кыргыздын боорсогу, чучук, казы-карта, эт. Минтип кан күйгөн согуш болуп жатса да кыргыз меймандостугунан, наркынан жанбайт экен го. Тылдагы келин-кезектер, энелер […]

Түрк эл жомогунан

Биз бүгүн балдар адабияты боюнча тынымсыз эмгектенип келаткан авторубуз Абдыкерим Муратовдун котормосундагы түрк элинин жомогун тартуулайбыз. Мындан ары да А.Муратов агабыздын «Чоң энемдин алтын сандыгы» аттуу эмгегиндеги түрк боордошторубуздун элдик жомокторунан жарыялап турмакчыбыз.  Кембагал бала Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда бир жесир аял*  жашаптыр. Анын жалгыз уулу болуптур. Алар абдан кыйналып, кембагалчылыкта жашайт экен. Көбүнчө кошуналары жана тааныштары өлбөс үчүн анча-мынча кардыларын тойгозуп турчу.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Орунча»

Аңгеме Жайкысын суусу киргилт, албуут  аккан дарыянын эки жээги тээ тоо башынан карасаң  шахмат  тактайын  элестетет. Жерди көптөгөн төрт бурчтуктурга бөлүп, тегиздеп, чекелерин  чым, баткак менен тосуп, ага суу толтуруп, суу боюнун эли күрүч айдашат.  Күрүч  суу ичинде бышат. Муну  шалыкерлер “шалыпая” деп аташат. Күрүч бышканча  суусун карап, чөбүн отоп, кыскасы кетмен көтөргөн, шымын тизесине чейин түргөн, жылаңаяк, таманы туурулган  эркектер  менен аялдар жай бою  отоп, суусун карап, шалыпаяны айланчыктап жүрө беришет. Бу албуут  аккан дарыяга ишенич жок,  жамгыр жааган […]

Унутулбас сокмо жол (3-маек)

(1-МАЕК)                                      (2-МАЕК) Памир аралап, Айтматов мээрине, комидеология кээрине калган ак поезд – Мурзаке, 60-жылдардын аягында го. Сиз, Кубат Жусубалиев, Кеңеш Жусуповду шабыратып окуп аткан кез. Анда силер «атылбай калган бугудай» аз чыкчу элеңер. Партия чыгарбай атат деп койчубуз. Ошол учурда «Ак поезд» дегениңиздин үзүндүсү асмандан түшө калгандай чыга келди эле. Болгондо да «Советская Киргизияга». Партиянын көрөр көзүнө. «Ак поездди» ошондон бери Сиздин чыгармаларыңыздан […]

Бардык жаманчылыктын себеби камаарабастыктан чыгат

МУСУЛМАН САНАТТАРЫ Баязид БИСТАМИ (804—874), перс даанышманы Жер үстүн күнөөлүүлөр да, күнөөсүздөр да тебелеп жүрү. Адам да кара жердей көтөрүмдүү болуш үчүн өзүн өзү таанууга тийиш. * * * Кеменгер адам булутка окшоп баардык затка шарапатын тийгизет, жамгыр болуп баарын тегиз сугарат.

Конкурска: Өтүкчү жигит

№4 Жомок Илгери-илгери өткөн  заманда бир   өтүкчү   болгон  экен.  Ал  кечке  ар  кимдин  өтүгүн  жамап,  эки  нандык   гана  акча  таап,  анын  бирөөнү  аялы, а  экинчисин аялы   экөө  бөлүп  жечү  экен.  Ошентип  жок  дегенде  бир  нанды  толук  жебеген  өтүкчүнүн  аялы  аны  кемирип  кесип,  акча  таппайсың  деп   кулагынын   кужурун  ала  берчү   экен.  Мына  ушундай  тагдырдан  тажаган  өтүкчү  бир  күнү   эки  нанын  аялына  таштап,  ага  айтпастан  үйүнөн  чыгып  кетет.  Арып-ачып,  өзү    ыргайдай  болгондо   жолдо  жер  айдап  жүргөн  бир  карыяга  жолугуп  калат.  Анан  ал  […]

Султан ЖУМАГУЛОВ: Марадона

АҢГЕМЕ Марадона деген – бу Чолок көчөдөгү Ысмайыл чоң атанын тун небереси. Эки жылга ооду го, азан айтып койгон Эсен аты калып, Марадона атка конгонуна. Ой-санаасынын баары футбол деп жүрүп тапканы. Марадона болбой куруп кетсин, жаман тамдын тамтыгын чыгарганын укпайсыңарбы. Тамы да ошончондон төрт кошкондо болуп, өткөн-кеткендин же көзүнөн далдоо эмес. Жол жак ыптасында кеңдиги чаранын бетиндей тегерек чийин бар, анын акиси эбак күбүлүп бүтүп, эми шыбагы оюлуп баратат. Таамай тээп машыгам деп ошол чийинге тебе берип, ушул болду. Дегеле […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Чочко»

Аңгеме  — Ур! — Сок! — Өлбө! — Атаңа балли! Волейбол талаасын курчай отурган күйөрмандар Маликке топ тийген сайын кыйкырык-сүрөөн менен аны кубаттап, каршылаштары тобун ала албай калса дүркүрөтө кол чабышат. Ал ансайын шыңга бойлуу Малик алдыңкы сапка өтөрү менен ага пас берүүнүн сырларын жетик үйрөнгөн Эр Агышка көзүн кысып, же “бийик”, же “кыска” деп ым берет, анысы болсо өздөрү жакка өткөн экинчи топту мышыктай илип алып, Малик айткан ченемге “токтотуп берет”, Малик болсо күрөктөй алаканы менен топту жарып ийе […]