Улакчы 

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ Аңгеме Атактуу улакчы Эргеш жепирейген тамынын алдында жалгыз таар шымын катынына жуудуруп коюп ичигине оронгончо дубалга жөлөнүп күнгө жылынып отурду. Ушу тапта анын бар акылы тамынын алдындагы соройгон эки талдын (экөөнүн боорун эчкилер кажып, жеп кетишкендиктен уйдун жампасы менен калың кылып шыбап койгон) ортосуна тартылган зымга илинген бир багалеги көк, бир багалеги сарыга боелгон (бул жиндинин Алайдын талаасындай шымына боек жетеби, жетпейт, бүт дүйнөнүн боегун чогултсаң да жетпейт) таар шымында эле. Муну билгенде жуудурбай өлөйүн деди ал ичинен […]

Биздин көзүбүздү чындыкка коошпогон шумдуктар ачат

Жан Франсуа РЕЦ (1613-1679), француз саясатчысы    Улуу иштер аткарыла элегинде улуу иштерди аткарууга чамасыздар үчүн майнап чыкпачудай көрүнөт. * * * Министрдин туура эмес иш жасаганынан да, туура эмес дөөдүрөгөнү опурталдуу. * * * Кромвель: «Кайда барарын билбеген адам баарынан алыска барат» деген.

Шагыл жууп, кышкы сууга чөмүлгөн Мурзаке (4-маек)

(1-МАЕК), (2-МАЕК), (3-МАЕК) – Мурзаке, сиз кыргыз адабиятына ушул бойдон эле түшө калгандай сезилип кетесиз. Алгачкы чыгармаларыңыз, балалыгыңыз, өспүрүм кезиңиз тууралуу негедир сөз жок. Бүгүн ошол кенемтени толтурууга аракет кылып көрбөйлүбү? – Мен деле ырдан баштагам. Ырларымды ошол кездеги популярдуу гезит «Кыргызстан пионерине» салып турчумун. Бирок бири да басылган жок. Жооп келип турчу фирменный кагазга. Менин фамилиям машинка менен басылып. Аягында: «Жаза бер, Мурза» – деп коёт эле да. Ошого эле курсант элем, ошого эле сүйүнүп калчумун, кудум гезитке чыгып, […]

Чанга-чунга

Түрк жомогу Байыркы өткөн заманда эки бир тууган жашаптыр. Алардын улуусу али үйлөнө элек болсо да бай турат экен. Кичүүсү болсо үй-бүлөлүү болуп, өзү да өтө жакыр жашаптыр. Бир мертебе кедей иниси бай агасына келет да, андан минтип сурайт: — Бүгүн жегенге эч нерсе калбаптыр, бир аз акча берчи? — Ушу сеники өттү! Иштеп, акча таппайсыңбы? Тапкан экенсиң бекер оокатты! Жетет, бүттү, эми акчадан үмүтүңдү үз!

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Эргежээлдин экимети» — 1

Искусство искусство үчүн Искусство искусство үчүн деп чуулдагандардын көпчүлүгү искусствонун чуркалары. Ашынган улутчул адамдардын көбү да ата мекенсиздер. Биздин эч кимибизге кудай кут кылган нерседен башканын кереги жок. Тарыхый материализм Агер ар бир прозачы турмушту Маркстын тарыхый материализмине тууралап сүрөттөсө, анда ар бир акын ай менен күндү, тоо менен сууну Коперниктин күндү айлануу теориясына ылайыктап ырдашы шарт. «Батыштан күн батты» – деп айтуунун ордуна, «Жер мынча градус, түкүнчө мүнөткө ооду» – деп айтууга туура келет. Аны көркөм сөз деп ким […]

Баягылар

Бейшебай УСУБАЛИЕВ Аңгеме …Кош бол эми Ала-Тоо – Кыргыз атам, Ак карларың эрибес – Акак апам …. А мен болсо эмитен эрип атам, Кош бол эми Ата Журт … Кучагыңды кучактап … эркин жатам … Мурза ГАПАРОВ Мурза байке экөөбүз ата-баладай да, ага- инидей да элек. Аны мен, негедир, көп эстечүмүн, азыр болсо ого бетер көп эстейм. Мурза байкенин көзү тирүүсүндө ак дилимден ага арнап, аңгеме да жазгам. Ал өз мезгилинде Мурза байкем экөөбүздүн сүймөнчүк гезитибиз «Агымга» жарыяланган. Аңгеме жарыялангандан […]

Көздөрүң тоңуп калыптыр

Эссе Капыстан алдымдан чыга калдың.  Тээ студент кездегидей болуп. Ошондо да капыстан алдымдан чыга калгансың, тагдырдын белегиндей. Тагдыр мага  бал сунду деп кубанып ичип алып, уу жутканымды кеч билдим. Кеч билдим дагы азабын өмүр бою тартып келатам. Оо анда сен укмуш жигит болчусуң. Каш кирпигиң төгүлгөн, карагаттай жайнаган, кең далылуу деги койчу сөз жок эле. Кыздар жанталашып сени сүйүп  артыңдан ээрчип алышчу. Кызганып кетчүмүн бул жакта туруп эле. “Сен кызганба да,  кыздар мени сүйсө, мен сени сүйөм!” — ушул эки […]

Антон Чеховдун аңгемелеринен

ВАНЬКА Мындан үч жыл мурун өтүкчү Аляхинге үйрөнчүккө берилген тогуз жаштагы Ванька Жуков Ыйса пайгамбардын туулган күнүнүн алдыңкы түнүндө уйкусу качып, төшөгүнө жаткан жок. Үй ээлеринин жана өтүкчүлөрдүн иштен кийин кетишкенин күтүп, үй ээсинин шкафынан учу саргайып кеткен калем сапты сыя челеги менен кошо алып чыкты да, алдына уйпаланган бир баракты коюп, оюндагысын жаза баштады. Биринчи тамганы жазар алдында ал эшик менен терезе жакты бир нече жолу чочулоо менен карап алды да, башын төмөн ийип, үшкүрүп койду… Кагаз отургучта жаткан, […]