Олжобай ШАКИР: Кош канат

АҢГЕМЕ Саратандын ысыгында тери шоргологон момун Акбар үйүнө араң жетти. Терден нымшыган көйнөгүн босогону аттаар замат чечкенге да чамасы жетсечи, бүчүлөсүн араң ажыратты. Тулку бойдон дарман жок. Жонундагы терге чыланган көйнөгү жонуна жабышып калыптыр, чечип эле бурчка ыргытты. «Өхү» – үшкүрүгү бекер болгон жок… Ооба, бул момун жашоодо эмнени көрбөдү.

Төлөгөн Касымбеков кантип Чыңгыз Айтматов таккан канатка чапты? Ош театрынын актрисасы кантип табышмактуу өлүм тапты? (5-маек)

(1-МАЕК)  (2-МАЕК)  (3-МАЕК)   (4-МАЕК) – Мурзаке, кечээ заман алмашканда кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгү мен куугун-сүргүн көрдүм, ыдык жедим, чыгармаларымды чыгарбай, баспай келди, Усубалиев режими деп чыгышты. Кийин байкасак, андай чыгарма деле аз, сиздин досуңуз Кубат Жусубалиевдин бирин-экин чыгармаларын эске албаганда жокко тете экен. Негедир анда сиз унчуккан жоксуз, ушул жагдайда сиздин акыбалыңыз кандай? – Албетте, жазылып, басылбай калган аңгеме-повесттерим, жазылып, коюлбай калган пьесаларым, жазылып, тартылбай калган киносценарийлерим бар. Бирок алардын басылбай, коюлбай, тартылбай калган себептерин башка жазуучулар сыяктуу саясатка, идеологияга такагым келбейт. Анткени […]

Алдар Көсө менен соодагер

Өзбек жомогу Кербен менен сапар улап бараткан соодагер жанындагыларга мактанат: – Албетте, Алдар Көсөгө баары алданышы ыктымал, бирок мен ага алданбайм. Алдар Көсөңөр аңкоолорду гана алдай алат. Жолду караса, как маңдайынан Алдар Көсө көрүнөт.

Күүнүн сыры

Аалы ТОКОМБАЕВ Аңгеме Узак жолдо карыя менен жолдош болдук. Анын сыйда, буурул сакалы тараза боюнча атайлап жасап койгондой эле. Анын кебетесине караганда элүү, элүү беш жаштарда деп айтууга мүмкүн болучу. Ал сүйлөгөндө кандайдыр, бөтөнчө жалындуу күчү бар сыяктуу, тыңшаган адамдар магнитке жабышкан темирдей болуп сезилер эле. Жолоочуларга эмнелер жолукпайт, добулдуу нөшөргө дуушар келдик. Анда-санда жарк эткен чагылгандын учушу, көздү ачып жумгандай болот. Жүрүүгө мүмкүн эмес. Бир бирибизге сүйлөнүп коргологон болдук.

Нодар ДУМБАДЗЕ: Кан

АҢГЕМЕ Кармаган ит балыктарын ичке жипке тизип алып, дарактын көлөкөсүндө башын көтөрбөй чачын алдырып шылкыйып отурган бала муңайым көздөрү менен өзүнүн өлчөөсүз ылай бутун карап, анан ойлонду: «Мобу карыянын менин атама окшошун кара! Аппак чачын кара… Мурунун көрчү… А көзүчү… дал өзү… Үнүн айтпа… жапысыраак чыкса да жагымдуусун. Эгерде көзүмдү жуумп туруп уксам, туура эле атамдын өзү демекмин»…