«Коом жана Мен» сайтынын эсебине акча которгондорго ыраазычылык

Тепкичтен тепкичке өсөлү, окурман! «Коом жана Мен» сайтын колдоо акциясы башталган күндөн бери биздин эсепке финансылык көмөк көрсөткөндүгү үчүн төмөндөгү күйөрмандарыбызга жана моралдык колдоого алып келаткан туруктуу окурмандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз:

Буйвол жана чымчык

Филиппин жомогу Эртең мененки аптаптуу ысыкта ыкшоо тарткан буйвол арыктын боюндагы дүпүйгөн хин дарактын көлөкөсүндө эс алып жатса, төбөсүндөгү бутакка жаңыдан конгон чымчык сурайт: – Буйвол досум, жашооң кандай?  – Укмуш сонун. Бирок күн ысып турат ээ? – Сөзүңдө калет жок, буйвол! Мен да ысыктан суусап, учуп келбедимби.

Элет күндөрүнүн таржымалы

Ги де МОПАССАН Новелла Аба ырайы сопсонун, фермадагылар демейдегидей эрте түштөнүп, элдин баары талаага кетишкен эле. Үй кызматчысы Роза ашканада жалгыз калган, мындагы ысык суу куюлган казандын алдындагы очокто чоктун кору али өчө элек болучу. Күндүн терезе аркылуу столго төгүлгөн нурунан айнектин бүт кемик-кемтиги чагылып, төрт бурч болгон эки жарыктан көзүн алгысы келбеген кыз анда-санда ишинен алаксып, казандагы суудан сузуп алып, шашылбастан идиш-аяк жууп атты. Киши тоотпогон үч тоок стол алдында күкүмдү чокуп жеп жүрүштү. Ачык эшиктен мал короонун жыты, […]

Бактыгүл Сейитбекова: Ар бир мигранттын карегинде Ата-Журт…

«Мекендеш» рубрикабыздын бүгүнкү мейманы Россиянын Москва калаасында эмгектенген мингранттарыбыздын бири, акын эжекебиз Бактыгүл Сейитбекова болду. – Бактыгүл эже, арыбаңыз… Канча жылдардан бери тышкы миграциянын көйүн өз жонтериңиз менен сезип-туюп келаткан чыгармачыл адамсыз. Андыктан артта калган азаптар менен бүгүнкү жетишкендиктериңиз туурасында сөз курар учур келди го дейм. Же дале жан үрөгөн тирилик менен алышып жүрөсүзбү? Дегеле ушул тапта эмне менен алексиз, жанга жай турмушка жеттиңизби? – Саламатчылык. Албетте, азыр бир топ жетишкендиктер бар. Келген жылдар менен азыркы учурдун айрымасы абдан эле […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: «Айттырып келген ажал баяны»

Повесть Аны өлтүрүп кеткен күнү Сантьяго Насор епископ келер кемени тоскону таңкы 5.30да турган. Түшүндө ал жумшак жамгыр себелеген анжир багын аралап баратыптыр, кандайдыр бир ирмемге бакытка балкый түшкөнсүдү, бирок ойгонгондо шакка конгон чымчыктар башынан ылдый чычып жибергенсиген сезимден арыла албай койду. “Ал түшүндө бак-даракты көп көрөр эле”, — деди мага апасы мындан 27 жыл мурдагы каргашалуу дүйшөмбүнүн кылт эткен кыймылынан өйдө эстей.

Кыргыз кыйрын кыдырган анекдоттор

Милиция кызматкери жээк бойлоп келатса, сууда агып бараткан уйдун жампасы кыйкырат: — Саломалейкум, кесиптеш! — Оозуңа карап сүйлө, мен сага кайдан кесиптеш экем?! — Кесиптеш элесиң! Анткени, сен да, мен да ички органдан болобуз да!.. * * * — Менин ташбакамды көрдүңбү? — Көрдүм, аның менен короодогу балдар жаңгак чагып атышат ко.

Улуу тоо: Көздөн учкан ак кайык

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ Новелла “Эки адам тоого чыкса, бири көлчүктү көрөт, бири көлчүктөгү айды көрөт” Эл сөзү БАШЫ Андан бери үч жыл өттү. Мен кайра шаарга көчүп келгем. Айылда чыдап бир жыл араң жашадым. Айылда туулуп-өскөнүм менен, жат болуп калыпмын. Алган билимим да, үйрөнгөн кесибим да айылга ылайыксыз экен. Же мугалимдик, же трактористтик жумушка жарабайм. Айыл эли боорукер эмеспи, сыйлап турушту. Бирок жыл маалы эле сый боло бермек беле, ар кимдин өзүнчө тирилиги бар. Эл тирилигин кылып жатса, солдоюп көчөгө жалгыз […]