Акындан айрылуу

Садык АЛАХАН Эссе Адам турмушунун күзгүсү болгон адабияттын алмустактан бери келаткан жолунда ага адал кызмат өтөп, анын аруулугун андан бетер арттырган ашкере пакиза өкүлдөрү ар убакта боло келиптир. Адабий ишмердиги менен адамдык насили бөтөнчө бир шайкеш келген андай инсандар, адабий турмуштан айкын болуп жүргөндөй, тилекке каршы, анча деле арбын болбойт экен. Төл адабиятыбызда аруулуктун мындай айныксыз белгиси болуп, өзүмдүн жеке ишенимимде, алгачкы муундун өкүлдөрүнүн арасынан айтылуу Мукай Элебаев эсептелсе, адабиятыбызга алтымышынчы жылдары келишкен муундун ичинен Жолон Мамытовдун адамдык асыл сапаты […]

Китеп бизге акысыз сабак берген мугалим

МУСУЛМАН САНАТТАРЫ Захиреддин МУХАММЕД БАБУР (1483-1530), самарканддык акын Жек көрүнүп жашаганча даңкталып, Жер жазданып жаткан жакшы баркталып. * * * Шаар капкасын жаап коюш заматта, Душман оозун жабуу кыйын адатта. * * * Бир-бирине жүрөктөрүн арнаган Жок түгөйлөр таарынышып калбаган.

Карышкыр, ит жана мышык

Белорус жомогу Жашоосу жарытпаган бир чал болуптур, карыган ити бар экен. Чал аны короосунан кууп ийет. Ит токойго качат, караса – тигинде карышкыр жатат. Карышкыр айтат: «Кел, мени менен жашайсың!» Экөө бирге жашап баштайт. Кыналышкан экөөнүн курсактары ачып, бирдеңке жегилери келет. – Бар, – дейт карышкыр итке, – эки жакты карачы, талаада жандык барбы!

Энтони Хопкинс «Качандыр бир алкаш болгонума аябай сыймыктанам» дейт

Актёр жөнүндө кыскача таржымал Улуу Британия менен АКШ кино жана театр актеру Филипп Энтони Хопкинс 1937-жылы 31-декабрда туулган. «Молчание ягнят», «Ганнибал», «Красный дракон» кинофильмдеринде кан ичкич-каннибал доктор Ганнибал Лектердин ролун ойноо менен таанылган. Хопкинс «Лев зимой», «Магия», «Никсон», «Маска Зорро» ж.б. ондогон фильмдерге ойногон. 2000-жылдан бери Америка жарандыгын алып, АКШда жашайт. «Оскар» сыйлыгына татыган. Ошондой эле «Эмми» сыйлыгынын эки жолку, BAFTA сыйлыгынын үч жолку лауреаты. * * * Адамда жакшы сапат кеч өнүгөт. Мен мектепте жеткен макоо элем. Бир да […]

Рюноске АКУТАГАВА: «Караңгыда маек»

Которгон Сагын АКМАТБЕКОВА 1 Ү н: – Сен мен ойлогондой эмес экенсиң. М е н: – Ага мен күнөөлүү эмесмин. Ү н: – Ошентип ойлотуп мени чаташтырган сенсиң. М е н: – Жок, мен эмесмин. Ү н: – Бирок сен көркөмдүктү жана сулуулукту жакшы көрөсүң, аны жакшы билем. Же жөн эле жакшы көргөнсүп жүрөсүңбү? М е н: – Жакшы көрөм.

Жазуучунун жандептеринен

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ Турмуштан тамган тамчылар Нарындын Кара-Кужур өрөөнүн билесиздер. Совет учурунда: «Кара-Кулжадагы, Кенес- Анархайдагы, Алай-Куудагы, Арпадагы, Кара-Кужурдагы кайратман малчылардын жашоосунан репортаж» – деп өкмөт гезиттерине жазып: «Булар аскар тоонун башында, кара зоонун кашында, кышында күрткүсү калың кардын астында колхоздун ак отор коюн, топозун аман- эсен асырап атат» – деп, калаадагы ысык үйдө жашаган элди коркута берчү эмес беле. Менин өспүрүм чагым ошол касиеттүү Кара-Кужур өрөөнүндө өттү. Курбалдаштарымдын дээрлиги берки Кочкор ичиндеги жакалык атанын балдары болгондуктан, маган окшоп тоо-тоолоп кой кайтарганды, […]

Эмне үчүн кыргыз жазуучуларынын өмүр баяны совхоздун ак койлорундай окшош? (8-маек)

(1-МАЕК)  (2-МАЕК)  (3-МАЕК)   (4-МАЕК) (5-МАЕК) (6-7-МАЕК) Багы жок элдин баатырлары. Көйкөлгөн көкнарылар. Кына койгон кыздар – Жазуучулардыкы эле эмес, бардыгыбыздыкы – бүт совет элиники окшош эмес беле. Бирдей сүйлөп, бирдей маарап, бирдей колдоп тургула деп тим болбой, өмүр баяныңар да бирдей болсун, сөзсүз, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккыла деген көрүнбөс зекүү бар болчу. Ансыз комсомолго өтчү эмес, окууга, партияга алынчу эмес, демек, чокчоңдоп ат минип,  чочоңдоп эл башкара албай калчу. Өзүң билесиң, ансыз көп кыргыз кыргыз болбой калат. Азыр баары тең эле эрдемсип атпайбы: манаптан […]