Айтматовдун Жамийласы жеңил ойлуу болгонбу?

АДАБИЯТ ТААНУУ Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести жарык көргөндөгү курч талаш-тартыштар биздин мезгилде кайра жанданып баратат. Анткени заман алмашкандагы коом менен жеке инсандын мамилесинде жаралуучу кыйчалыш жагдайлар «Жамийлада» алгач ирет ачыкка чыккан экен. Бүгүн да кыргыз көчү мындан ары кандай багыт менен жүрөт деген маселе кабыргасынан коюлуп, дал ушул «коом – үй-бүлө – инсан» катышына тиешелүү маселелер да орчундуу болуп жаткандыктан, бул темадагы түрдүү пикирлердин айтылышы мыйзам ченемдүү.

Кайран эл!

«Эй, вы там, наверху!» Жер туткасы – Эл Элден «Элдик бийлик», «суверендүүлүктүн алып жүрүүчүсү – бир гана Эл», «жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу – Элдин эрки» деп бийик түшүнүктөрдү ураан пайдалангандар улам арбып, арбыгандан бу түшүнүктүн түбүндө да эмне чөккөнүн аңдап алган эп. Эмесе, керек болсо, анын чыныгы асыл түбүндө да «мамлекет» идеясы жатат… «Эл» деген тек инсан жыйынды эмес, ал касиет. Касиет… бирок бир учурда: ӨТКӨН тарыхый эсин калыптап, анын жарыгында УЧУРУН аныктап, анын жарыгында БОЛООРДУ болжоп турган тушта – мына […]

Шахзаада* жана дөө

Түрк жомогу Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда падышалар көп болгон экен. Ошол байыркы-байыркы заманда, калың казан түбүндө бир падыша болуптур да, анын жалгыз уулу бар экен. Бала он жети-он сегизге чыкканда атасы аны үйлөмөкчү болот. Кыйла жерден кыз издеп, акыры ылайыктуусун таап, падышалардын салты менен үйлөнтөт. Той шааниси башталат. Кырк күндүк, кырк түндүк тойдун бир түнүбү, күнүбү айтор жаңы келген келин жоголот. Арытан издейт жок, беритен издейт жок. Же бир дайыны, же бир шек-шыбасы болсочу, жер жуткандай жок […]

Өрүк бышалек мезгил. Арчаларда өскөн лимондор (9-маек)

(1-МАЕК)  (2-МАЕК)  (3-МАЕК)   (4-МАЕК) (5-МАЕК) (6-7-МАЕК) (8-МАЕК) — Мырзаке, буга чейин айлыңызды кеп кылдык, ата-тегиңизди кеп кылдык, балалык, чалалыкты кеп кылдык. Эринбей эң бир ширин-ширин аңгемелерди куруп бердиңиз, ыракмат! «Акынды түшүнгүң келсе, туулган жерине бар» – дейт эмеспи, кеменгер Гёте. Анын сыңарындай, Сиздин чыгармаларыңыздын кыргыз жазуучуларына таптакыр окшобогон колориттүүлүгү ошол Сиз көз жарып өскөн жердин, чөйрөнүн, суунун, абанын, адамдардын, атургай Сизди чоңойтуп-чочойтуп, эрезеге жеткирген чоң энелериңиздин өзгөчөлүгүнө байланыштуубу деген ой калды менде. Сиз буга кандай карар элеңиз? – Ооба, экөөбүз кыргыз гезиттеринде жок жосунду […]

Балалык циклинен

Бурулкан САРЫГУЛОВА Айке жеңем Тан беремин балалыкка андагы, Ушунча жыл кемибеген салмагы. Түндү күмүш түскө боеп сүт өңү Ал айылда сулуу эле ай дагы. Катаал эле кышы, бирок жазында, Булбул сайрап турчу калың багында. Тоо койнуна кирип алган ал айыл, Жомок сымал түрдүү болчу дайыма.

Акынсыз коомдун өзөгүн курт жейт

Алик АКИМАЛИЕВ (1957-2011), акын Адамды эч бир жаман дебегиле! Адамды көрүп турган көзүң жаман, ойлоп турган оюң жаман, адамды жаман деген тилиң жаман! * * * Акын аба ырайына эмес, заман ырайына карап тирлигин кылган дыйкан. * * * Акын алма бак сыңары “мен – алмамын, келгиле, жегиле” дебейт, каалаган киши үзүп жейт. Арийне, отун же устундан башкага жарабаган мырза теректер бар, көк тиреп менменсинип турушат.

Патрисия МАКЛАХЕН, Эмилия МАКЛАХЕН ЧАРЕСТ: «Сен келгенден мурда»  

«Элүү жылда эл жаңы» дептир байсалдуу кыргыз. Арийне, кыргыздын профессионал жазма адабияты калыптанган күндөн бери орус жана дүйнө адабияты, атургай Чыгыш адабияты орус тили аркылуу которулуп келсе, эми минтип дүйнөнүн булуң-бучкагында жашоо кечирген кыргыз тукуму бөтөн элдердин маданиятына сиңишип, тилин үйрөнүп аткан доор. Бүгүн биздин аяптоор кубанычыбыз – дүйнө элдеринин адабиятын түп нускасынан кыргыз тилине оодаруу мүмкүнчүлүгү кеңиди. «Коом жана Мен» сайты көзжарганына кубанган күйөрмандарыбыздын саны күндөн күнгө арбыган сайын; бизге ылым санаган авторлор да көбөйүүдө. Алардын бири, алыскы Прага […]

Салижан ЖИГИТОВ: Ит атаар жана башкалар

Устат-шакирт өнөрканасы Мен билгени «Күн тууду» Салижан Жигитовдун энтамгадай көргөн чыгармасы, эңсеген суусуну эле. Эңсеген суусун эсиме келгени: «Ушул «Ит атаарымды» ийине жеткире иштеп өлсөм арманым жок эле, түп-тамырынан бери кайра жазмакмын, роман кылмакмын» – деп, башкасын билбейм, мага көп ирет айтты. Мен уюштуруп, гезитке жарыяланган кайсы бир интервьюсунда: бу кытай жазуучулары жаш кезинде каражат топтоп, карыганда нык отуруп жазат экен, мен кудай урганда, акча чогултканга да жарабапмын маанисинде масел айтып, кайрадан «Ит атаарын» кыйытканы бар. Көр оокаттын көйгөйү болбосо, […]