Аян жана баян

Мындан эки миңдей жыл илгери пайгамбармын деп зикир чалган дубаналар өтө көбөйүп кеткендиги тарыхтан белгилүү. Азыр да ошондой тенденция байкалууда. Олуямын, көзү ачыкмын, арбактар менен сүйлөшөм, тагдырыңды айтып берем, жолуңду ачам, душманыңды алсыратам, каалаган аялдын (же аялга – эркектин) башын айлантып берем дегендер толуп кетти. Мындай майда «чайкоочулардан» тышкары дин менен бакшылыкты аралаштыра чоң саясатка колдонгондор да чыгууда. Маданий чөйрөнүн мавродилери элдин карайлап турган абалынан кыянат пайдаланып жатат. Ошондуктан аян, түш, эргүү сыяктуу кубулуштардын табияты жөнүндө чогуу ой жүгүртүп көрүүнү […]

Өгөй кыз

Түрк жомогу Бул жомок болгонбу, болбогонбу, аны биз билбейбиз, бир гана Алла билет, айтор, илгери өткөн заманда бир киши жана анын бир аялы бар экен. Экөөнүн жалгыз гана кызы болуптур. Алар бай да эмес, анча жакыр да эмес, кудайга шүгүр эле жашашчу экен. Күндөрдүн биринде аял ооруп калат. Төшөктө көп жатат, табыптар менен кожолор көрүп, ар кыл дары-дармектерин берет, бирок кесели айыкпайт. Дартынын дабасы табылбай акыры ажал алып тынат. Ата менен кыз ыйлап-сыктайт, өлгөндүн салтын кылат. Кайгы баскан, энеси жок […]

Насыпбек АСАНБАЕВ: «Сыйпалама экран»

Сатира Заңгыраган бөлмө ичинде отурушуптур. Ортодо китеп-журналдар чачылган стол турат. Төрдө Аскар Акаев адатынча жадырай күлүп бир нерселерди сүйлөп аткандай. Жанында болсо адамды тымызын сынай тиктеген Майрам Акаева. Экөөнүн тике маңдайында Алтынбек өзү отурат. Эмнени сүйлөшүп аткандары эсинде жок. Аңгыча эле Алтынбек чөнтөгүнөн талпыйган сыйпалама телефонун сууруп чыгып, чукулап калды. Баятан унчукпай отурган Майрам ушул жерден кепке аралашты. — Алтынбек Сулайманов, телефонуң сонун го тим эле, — суктанганы же какшыктаганы белгисиз. «Албетте сонун болот да» деди берки ичинен. Бирок сыртынан […]

Конфуций кыргыз тилинде жарык көрдү!

Түркөйлөрдү түйшөлткөн эмгек… Аталган китепти орусчадан кыргызчага оодарган белгилүү журналист, “Баягы Асаба” гезитинин ээси жана башредактору Эрнис АСЕК уулу. Биринчи жолу кыргыз тилине жарык көргөн китепти “Тарых жана маданият” жылына карата КР Президентинин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду (миң нуска менен) чыгарып берди. Кун Фу Зы (Конфуций) китебинин бетачаар аземи КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында болуп өттү. Ага профессор, философ, тарыхчылар катышып, котормого жогору баа беришти. “Конфуцийди биз буга чейин орус тилинде окуп келсек, эми кыргыз тилинде окуйбуз. Кыргыз […]

Маттео Фальконе

Котормочудан кыстырма кеп Проспер Мерименин «Маттео Фальконе»  новелласы абдан кызыктуу жазылган. Новелланы окуп атып, бардык каармандарга: мыйзамдан качкан качкынга, чарчап-чаалыккан  аскерлерге, Маттеонун аялына, атасынын колунан  каза тапкан Фортунатого, өз уулун чыккынчылык кылгандыгы үчүн  жазалаган корсикалык адамга боор ачып кайгырасың. Проспер Мерименин чыгармачылыгына орустун улуу акыны Александр Сергеевич Пушкин  ар дайым кызыгуу менен көңүл буруп окугандыгы белгилүү. Новелла   Эгер Порто-Веккодон түндүк-батышка барсаңыз (шаар жана порт Корсика жээгинин түндүк-чыгышында) аралдын түпкүрүн көздөй келатканыңда ошол жер  дароо эле көтөрүлүп көрүнө баштайт да, асканын […]

Фейсбуктагы сукпат

Аңгеме I  — Агай, мени да досторуңуздун арасына кошконуңуз үчүн рахмат. Мени менен эмнеге дос болгуңуз келди? Бул мага абыдан күтүүсүз болду. —  Жөн гана «дос» издедим. —  Бирок «дос» деп тырмакчага алганыңыз кызык экен. – Фейсбуктагынын баары менен дос болгум келбейт. ФБ деген балээң – таанышасыңбы дебестен, каалайсыңбы, жокпу, түз эле баарын катары менен «достоштургусу» келет экен да… А менин өмүрүмдө саналуу эле досторум бар, калгандын баары тырмакчанын ичинде. – Мейли анда, мен дагы тырмакчанын ичиндеги эле «досторуңуздан» болоюн.

Насыпбек АСАНБАЕВ: «Бейишке кирбей күтөм…»

— Таяне. — Оу балам. — Телефонуңуз качан оңолот? — Менин телефонум оң эле балам. — Балким өчүп калгандыр. — Жок, күнүгө эле токко сайып атам. — Кечээ өчкөн жок беле, таяне?