Эмне үчүн биз кедейбиз?

КЕМЕНГЕРДЕН КЕРЭЭТ КЕП Салижан ЖИГИТОВ Бүгүнкү оомал-төкмөл  заманда таланттуу инсан Салижан Жигитовду замандаштары көбүрөөк эстечү болдук. Анын безге сайып сүйлөгөн ачуу десе ачуу, акылдуу десе эң акылдуу, кундуу сөздөрүн укпай, окубай калдык. Ал ашмалтай жашоого көнгөн бизди залкар идеяларга, жакшы жашоого, алдыңкы эл болууга чакырып, намыска тийген мол сөздөрдү айтчу эле. Ошондон өксүп тунжурап: «Сакем болгондо…», «Салижан мындай демек» – деп өкүнүп турабыз. Ырас, убагында Сакени түшүнгөндөр да, түшүнбөгөндөр да болду, а тургай улут безери, кыргыз эмес дегенге чейин бардык. […]

Отунчу жана анын үч кызы

Түрк жомогу Качандыр бир кезде отунчу жашаптыр, анын үч кызы болуптур. Оокат-тиричиликтин айынан отунчу күн сайын токойдон керээлден кечке отун алып, анысын базарга албарып сатып жан бакчу экен. Бир күнү адаттагыдай эле токойго барып отун алып атса кайдан-жайдан бир дервиш пайда болуп минтет: — Салам, абышка, салам! Отунчу анын саламын алик алып жооп айтат: — Не жаңылык бар, дервиш? — Мен сенден сурайм, сен айт! — Маакул! — Отунчу көнөт.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: «Шуру»

Аңгеме Бактыкан кыйладан бери төшөктөн бүгүн турду. Эки кабат, жым-жырт  үйүндө  өзү жалгыз. Коңшу инисинин  булбулдай сайрап, кыт-кыт күлө, кубалашып ойноп, үйүн үч көтөрчү балдарынын карааны да короодон көрүнбөйт. Бети-башын кат-кат бырыш уялаган апасы да жанында жок. Жүзүнөн мээрим менен нур төгүлгөн энеси бу туңгуч кызын периштедей туят. Ар күнү ысык төшөгүнөн жылдырбай, кызыл чайын сунуп, көзүн тиктеп, эбиреп-жобурап, маңдайында олтурчу. “Бакытымдын жанынан жылбайм” дегенине көнбөй, а кишини сиңдиси кечээ, тойго ээрчитип кеткен. Азыр Бактыкандын бар экенине кызыккан, андан кабар […]

«Юан тарыхый» жазма булагы, Фу-йу кыргыздары

ТАРЫХНААМЭ «Укпайын деп онтогонун эненин, Көрбөйүн деп чабылганын эл-жердин. Эне-Сайдын эрке уулу кыргыздар, Азап менен журт которуп Батышка, Уккансыңбы кайрылбаска келгенин? Тек калганы эстөө экен түтпөгөн, Андан башка ушул ыр бар бүтпөгөн». Фу-йу кыргыздарынын «Сагынуу ыры» «Юань тарыхы» 1369–1370-жылдары жазылып бүткөн. Бул тарыхый булакты Суң лан жазган. Жалпы 210 оромдон турат. Ал мезгилдеги сарай тарыхнаамэлеринин көчүрүлгөн мазмундун куну абдан жогору. XIII кылымдагы кыргыз өлкөсү Селенгиден Алтайга чейин созулуп жаткан чоң өрөөн. Кыргыздар ыраакы түндүктөгү Ангара менен Эне-Сайдын кошулуп кеткен чатында […]

Муса МУРАТАЛИЕВ: Азыркыларга жомок

Биринчи жомокту шумер жазуучулары ойлоп табышат. Асман менен тең кудайды Деңир (Теңир) деп аташат. Ал жомок байыркы чыгыш элдерине таркап, Азияны дээрлик кучагына алат. Ойдуң талаа, түз, Ала-Тоо, Кара-Тоо, Теңир-Тоо, Алай, Алтай коюнунда жашаган элдерге ошол эле ат менен Кудай деген түшүнүктө таркайт. Заман өзгөргөн сайын анын улам башка үлгүлөрү жаралат. Автор АЛТЫН КЫРГООЛ Илгери бир Ырыскелди деген киши жашайт. Ал ата-энесин алпештеп багып, Теңирден коркуп жашайт. Ар апта сайын базарга отун көтөрүп барып сатып турат. Тапкан акчасы бирде кийим-кечекке […]

Агата КРИСТИ: "Күтүлбөгөн конок"

Аңгеме Мен  Ла-Манш аркылуу өтүүдөн  абдан ырахат алган адамдарды  билчүмүн. Алар   жол   бою  палубада  бейгам  отура   беришет  да,  кеме токтоп байлангыча буюм-тайымдарын шашпай алып жээкке чыгышат. А мен таптакыр анте  алчу эмесмин.  Бортко чыгарым  менен  кандайдыр  бир  иш менен алектенүүгө убактым абдан эле аздай сезилчү. Мен чемодандарымды бир ордунан орунга жылдырып  коюп,  ылдый   ресторанга  түштөнүүгө жөнөйм , кеме жээкке  жеткиче  үлгүрбөй  калчудай  шаша-буша  тамактана баштайм. Бул болсо аскердик өргүүдөн  калган адат болсо керек. Анда үч же  беш  күндүк  өргүү  учурунда […]

Хемингуэйдин чыгармачылык портрети (2-маек)

1-МАЕК * * * Эртеси эртең менен телефон чырылдады, Хемингуэй мейманканага дароо келишимди өтүндү. Үнүнө караганда бир аз кабатырланып турганы билинди. Мен бир стакан кофени чала-була ичтим да номерине келгенимде эшик ачык экен. Кирсем Хемингуэй телефондо сүйлөшүп атыптыр. Үстүндөгү чакмак сүрөттүү кызыл сары чапаны өзүнө кичирээк келгенсип турду. Бир колунда шампан куюлган бокал. Сакалы кечээкиден да уйпаланып калгансыйт. — Гарварддан уулум Патрик келмекчи, ошого бир номер калтырууңузду суранам, — деди телефонго, — Патрик деймин, баш тамгасы «П» дан башталат, — […]