Конкурска: Кимдики туура?

№6 Ойноп жатып  Аскат, Таштан. Коюшту алар чырды баштап. — Кедей атаң, коон саткан… Менин атам бай! — деди Аскат. — Менин атам коон сатса, Сенин атаң тоону саткан ! — -Ким айтты-ы-ы! — деди Аскат. Атам айткан, — деди Таштан.

Азанчы жана Короз

Мурдагыдай таң атаарын жар салып, Короздордун «хору» неге угулбайт? Ал ордуна обон созуп таң сайын, Азанчынын «ариясы» уңулдайт…. Таң атаардын жарчылары короздор, Доошуң өчүп, эмне болду силерге? Же силерден мурунураак үн созгон, «Жем» болдуңбу азанчыдай «Киллерге»…

Жеңилбес короз

Армян жомогу Калппы, чынбы – бир короз болуптур. Ошол короз бок чокуп атып алтын монета таап алып, чатырга учуп чыгып жар салат: – Ку-ка-ре-ку, пул таап алдым! Муну уккан кан акчаны короздон тартып алууну жан-жөкөрлөрүнө буюрат. Жан-жөкөрлөр короздун тапканын жулуп алып, канга апкелип беришет.

Өлкөнү дөөпүрөс падыша башкарса, эл аны жек көргөнгө чейин жетет

Лао-Цзы (VI-V к.к.), кытай даанышманы Өзүн өзү олуя санаган өлкө башчысы капталдан кеп-кеңеш айтаар акылдуу бирөө пайда болушун каалабайт. Ал курчоосунда дайыма жымжырт болуп турганда гана өз жанын жай алып жүрөт. * * * Даанышман падыша башкарган өлкөнүн элине падышанын бар-жогу билинбейт. Акылсыз падыша башкарган өлкөнүн эли падышага жуукур, кошоматчыга айланат. Акылы чолок падыша башкарган өлкөнүн эли падышасынан коркот. Эгерде өлкөнү дөөпүрөс падыша башкарса, эл аны жек көргөнгө чейин жетет.

Бекзоо каздар менен кантип достошту?

Аңгеме Беш жашар Бекзоо коңшунун  аппак сеңселген жүндүү,  кызыл тумшуктуу  каздары менен кокусунан достошту.  Ага чейин  алардан коркуп, жанына жолой алчу эмес. Каздар эрте менен короодон  канаттарын каккылап чуркап чыгышат да, көчөнүн  четиндеги тайыз көлчүккө чуркашат. Анан кечке чейин ошол көлчүктөн чыгышпай,  киргилт сууга ырахаттана чумкушуп,  тумшуктары менен чукулашып  же жээгинде майпая жатып алышат. Кээде жолдон ары-бери өткөндөргө  сес көрсөткөндү жакшы көрүшөт. Моюндарын жерге төшөй созушуп,   канаттарын  куушуруп алып ызырынып кубалап жөнөгөндө ким болсо да  чочулабай койбойт.

Акча

Бейшебай УСУБАЛИЕВ Аңгеме Айылга анда-санда каттап калам. Биздин үй чоң жолдон анча деле алыс эмес. Үйдү көздөй үч-төрт жол кетет. Мен көбүнчө ортоңку жол менен барам. Мурда — бала чагымда — ушул эле жол болор эле. Ошондуктанбы, ал мага кандайдыр бир өзгөчө, атүгүл атайын энчиленип берилгендей, өз жолумдай туюла берет. Бала кезде далай жолу жылаңайлак чуркаган ушул өз жолум менен кетип баратып, жол жээгиндеги бир үйдүн жанынан өтө бергенде, дайыма ал үйдү көздөй башым бурула түшөт. Сөзсүз карап өтөм. Карабай […]

Эл ичи анекдот кенчи

Чоң жолдо чарчап-чаалыккан уй келатат. Жүндөрү саксайып, уйпаланып, илкип араң басат. Тааныш уйлар: — Сүйрөлүп кайдан? — Алабукадан… * * * — Арак ичесиңби? — Мунуң сурообу же сунушпу? — Суроо. — Жок, ичпейм. — Сунуш болсочу? — Анда, ичем!..