Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Кет Бука»

АҢГЕМЕ … Комуз күүсү тээ бийикте бүркүт каалгып учкандай созулуп барып, жай жүрүштө салмактуу чыкты. Өкүмдар эми баштагыдай көзүн ачып-жумбай көңүл коюп, комуз дилин билип, тилин илгиртпей түшүндү. Кошо келген жигиттер таштай катып мостоюп, баш көтөрүшпөдү. Комуз үнү буттары тыбырап, жарышка түшкөн күлүктөрдөй бара-бара өөрчүп, эми болсо жонунан суу төгүлбөс жоргодой салып баратты. Пааша каардуу караган менен жүзү өзгөрүп, маанайы ачыла түшкөндөй. Комузчунун колдору өзү эле элирип ойноп, манжалары тез кыймылдап, кылдарды элпек терип, күүсүн өзү да тыңдап жаткандай башын […]

Ууру жана акылман

Ооган жомогу Бир акылман жашаптыр. Ал киши эскилиги жеткен чүпөрөктү таап алат да, жыртыгын ичине каратып, бүтүн жагын сыртына оодарып, башына чалма кылып ороп алат. Чалмасы сыртынан караган кишиге барпайып асемдүү, салабаттуу көрүнүп калат. Акылман бир күнү таң эрте базарга жөнөйт, алдынан ууру менен карп-күрп кезигет. Ууру акылмандын чалмасын жулуп качат! Оюнда ал — укмуштай чалманы уурдап алганына сүйүнөт. Артынан акылман үн агытат:

Иттин тумары 

Низамидин МУРЗАЕВ Аңгеме Сарыбай бай  Сарыкашка күлүктү минип, бир чаарынын этин куржунга салып бөктөрүп, Аладөбөттү ээрчитип өмүрүндө биринчи жолу бирөөгө астейдил иши түшүп, бушайман болуп, таңкы салкында  жөнөп келатканда, Кожомүшкүр молдо кечээ келген  меймандары, эки-үч коңушусу менен дасторкон  үстүндө кызуу маектешип олтурган. — Адам баласынын көйгөйү туулгандан  өлгөнчө түгөнбөйт. Ар бир күндүн өз көйгөйү бар. Ошол көйгөй-маселени чечип атканда адам  адам экенин унутпашы керек, — деп Иброхим дамылла бир маселени жыйынтыктап айтканда, Кожомүшкүр молдо  баш ийкегенче: “Көз ирмемде да адам […]

VIII кылымдагы кыргыз ажосунун айкели Ши-Ан шаарында

Макелек ӨМҮРБАЙ Кыргыз элинин тарыхы эң эле узун экени жазма тарыхтан ишенимдүү көрсөтүлүп келет. Ал кыргыздын бийлик курган тарыхы да санактан мурдагы 200-жылдарда кагаз бетине түшкөн болуп, кытай тарыхынын атасы Сыма Чыян «кыргыз мамлекети» деген маалыматты берген. Бирок ушул баянга түкшүмөл кароочулар да жок эмес. Себеби кыргыз бийлигинин тарыхын изилдөө кеч калып, ал тургай кыргыздын ошол эле санактан мурда курулган бийлигинин башында кимдер турган, кайсыл ажо кайсыл кылымдын канчанчы жылдары кыргыз бийлигинин тактысында олтурган дегенди ушул күнгө чейин тизмелеп көрсөтө […]

Сөздүн генийи

Эсенбай НУРУШЕВ  Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына карата Ыракматы Салижан агайды ушинтип өз аты менен атай турган маал келди. Албетте, муну апыртсын баа деп айтчулар да табылат. Ошондуктан алдын-ала «гений» деген түшүнүктүн өзүн биртике тактап коёлу. Көөнө латын тилиндеги genius сөзү адегенде эр адамдын, андан соң үй-бүлөнүн жана коомдун көзгө көрүнбөс сыйкырдуу колдоочусу, пири дегенди билдирген. Кайра жаралуу доорунда «гений» деп түшүнтүп бере алгыс чыгармачылык ийгиликке жетишкен адамды айтышкан. Бу түшүнүктү эстетикалык мааниде биринчи ирет И.Кант санжаптап (системалап) чыгып, аны: «Адамдын […]