Аман САСПАЕВ: Сарала ит

АҢГЕМЕ Мурда дайыма көрүп жүргөн, кадимки бир Сарала иттин өмүрү кийинки күндөргө чейин эсимде сакталып, көп ойлорду туудурду. Жандуулардан бул өңдүү жүүнү бош, өзүнө кайдыгер караган немени аз кезиктиребиз. «Дүйнөдөгү ар бир нерсе жашоо үчүн күрөшөт» дейбиз. Андай болсо анын жашап жүрүшү да күрөшсүз болбоого тийиш. Бирок Сарала иттин жашоосу андай эмес. Мени да, башкаларды да ойлонто турган нерсе ушул Сарала иттин тирүү кезинде «ау» деп бир ирет үргөнүн же бирер аял короосунан кууп чыкканда, бөйрөгүнө тийген муштумдай таштын зардабынан […]

Кырк калп

Түрк жомогу Качандыр бир мезгилде падыша жашаптыр да, анын үч уулу болуптур. Ошол падыша өмүр күнү аз калганда уулдарына мындай керээз айтыптыр: — Уулум, — дептир эң чоң баласына кайрылып, — сары чач, көзү көк адам менен дос болбогун! Ушинтиптир да атасы ага бир сандык алтын, анан ат бериптир. — Сен, уулум, — дептир ортончу баласына,- сакал-муруту жок көсөө менен алака түзбөгүн! — Анан ага нокто берет.

Алыстагы мигранттарга акындан кат!

ЭСТЕЛИК КОЁТ ЭЛЕМ Кыргыз мигранттарына арнайм Россиянын кырк градус суугунда аба жиреп, кабат-кабат үйлөрдү кайыгып салып жаткан, ит баккан Италиянын, куш баккан Түркиянын үйлөрүндө турбай калган саңырсыган сары жамбаш кемпир-чалын багып жаткан, Австралиянын куйкалаган күнүндө кой кайтарып, Норвегиянын кол какшаткан көк суугунда тор жайып, балык тарткан, ак бубак аюу болуп Тайганын карагайын кыйып жаткан, Американын өрттөнгөн токойлорун өчүрөм деп, куу жыгачка сайылган шишкебектей кара-күрөң эт болуп күйүп жаткан.

Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык сыры

Рысбек ЭШМАТОВ, адабий сынчы АДАБИЯТ ТААНУУ Кыргыз адабиятында терең психологизмге каныктырылган чыгармалар жазуучу К. Жусубалиевге таандык. Жазуучунун кыргыз прозасына кошкон жаңычылдыгы – өнүккөн адабияттарды өздөштүрүү аркылуу модернисттик, постмодернисттик дүйнө таанымды, стилдик өзгөчөлүктөр менен ыкмаларды кыргыз прозасынын топурагына көчүрүп келгени. Бул көрүнүш анын «Муздак дубалдар» романында айрыкча терең байкалат. Романда жазуучу «өзүн өзү талдоо» (самопознание, самоанализ) ыкмаларын жакшы колдонгон; бул болсо батыш адабиятында «аң-сезим сели» (поток сознания) деп аталган адабияттагы агым, ыкма катары белгилүү. Бул агымдын ири өкүлдөрү болушкан Марсель Пруст, […]