Шахан Ахмед

Йашар КЕМАЛ АҢГЕМЕ Йашар КЕМАЛ – былтыркы жылы дүйнөдөн көзү өтүп кеткен түрк элинин белгилүү жазуучусу. Й.Кемалдын «Шахан Ахмед» аттуу өжөр каарманы туурасындагы керемет аңгемесин «Коом жана Мен» сайтынын туруктуу окурмандарынын бири, Турциянын Анкара шаарында жашаган мекендешибиз Инаят Азим аттуу мекендешибиз жөнөткөн экен… Ал өзөндөн чыгып бүкүрөйө илкий басып келатканда, аялы жана эки кызы аны те алыстан эле көрүшкөн. Алар кубана астынан утурлай чуркашты. Кыздары атасынын бутун кучакташты, атасы болсо шаттана эки кызын колуна шап көтөрүп ала койду. Аялынын көзүндө […]

Молдоң дөдөй болсо, Кудайдан да шектенесиң

ВОЛЬТЕР (1694-1778), француз жазуучусу, философ    Эң башкы тилдердин кайсынысы болсун, алты эле жылда үйрөнсө болот. Өз эне тилиңди толук үйрөнүүгө бүт өмүрүң да жетпейт. * * * Эркектин миң акыл калчаганы, аялзаттын бир сезимине да татыбайт. * * * Бакытты издеген адам тамтаңдаган маска окшош: үйү бар экенин билет. Таппайт. Издей берет, издей берет. * * * Атеизм – айрым акылдуулардын кемчилиги, акылсыздардын кемчилиги – ырымчылдык. * * *

Жалкоо кыз

Башкыр жомогу Илгери заманда кемпир жашаптыр, небере кызы бар экен. Кемпирдин карылыгы жетип, ишке жарамы жок болот. А небереси жалкоо чыгат. Кемпир жылдан жылга кажырынан[1] кайтат. Жазга эптеп жеткенде өзүнчө кобуранат: «Ичип-жеш керек, эл буудай сээп атат, бизчи? Бирдеңке себишибиз керек ко». Муну небересине да айтат. – Кереги жок, – дейт бул кепти уккан небереси. – Эне, сен картайдың, күз келгенде өлөсүң. А көз ачып-жумганча мага бир жакшы күйө чыгып калгысы бардыр. Бизге нандын кереги деле болбойт анда…

Сергей Есениндин «Кара киши» поэмасы Сагын Акматбекованын котормосунда

Поэма Досум ай, досум, досум! Оорумун, оорулуумун, Оорумун өтө катуу. Бул оору качан, кайдан Жабышты, билбейм, билбейм. Өзүмдөн өзүм кирдеп, Өзүмдөн өзүм зилдейм. Кечээ, же мурдагы ичкен Кээриби ичкиликтин. Жыйрылып кабак-кашым Чыңалып ооруйт башым. Ылымта, ыктоо таппай, Ыргалам жерге батпай. Күндөрү сентябрдын Күбүгөн жалбырактай. Кийими, ырай, түсү Карадан кара киши, Карадан кара киши Карасы көзгө саяр. Караңгы кирер замат Кашымда болот даяр. Барактап бир китепти Ар сабын талдап, иргеп: «Билчүмүн мен бирөөнү Угуп ал, угуп ал! – дейт – Ал […]

Төкмө ырчылардын дымагы жана сынагы (2-макала)

1-макала ушул шилтемеде Кеп эми калыстардын кантип «качып» кеткенине келди, окурман. Жеңишбек, Аалы айткандай эмнеге «качып» кеттик? Залда жык жыйма күйөрмандар отурду, бизге дайындалган орун так ошол зал толтура элдин ортосунан берилиптир. Калыстар аттап-буттап секирип чыгып кетер огород эмес эле ал жер. Ошол жык-жыйма элдин арасынан аттуу-баштуу делген эл жазуучу Кадыркул Даутов, эл акыны Анатай Өмүрканов, эл артиси Элмирбек Иманалиев, манасчы Рысбай Исаков, акындар Зайырбек Ажыматов менен оңбогон Олжобай Шакирдин дыргаяктап качып баратканын элестети аласызбы? Биздин сапта уюштуруу тобунун катчысы Жаныбек […]

Sos: «Кыргыз адабияты» коркунучта!

Зыялынын добулбас! Кийинки окуу жылынан тартып Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептерине жаңы окуу планы киргизилгени турат. Эгер буга чейин мектептерибизде 24-25 предмет окутулуп келсе, кийинки жылдан 14-15 предмет гана калат деген министрликтин планы бар. Себеби, батыштагылар ошондой окуйт экен, балдардын жүгү оор болуп кетиптир. Анда кайсыл предмет кыскарат дегенде айтарыбыз: адеп сабагы кыскарды, эми баягы эле кыргыз тили, кыргыз адабияты, Кыргызстандын тарыхы… Мисалы, окутуу орус тилинде, өзбек тилинде, тажик тилинде жүргүзүлгөн класстардын кыргыз адабияты сабагы түп тамырынан жоюлуп кетиши мүмкүн […]

Конкурска: Жок болуп кеткен топ

№7 Бул жомок илгери эмес, кийин эле болуптур. Чоң атам айтып берди. Чоң атамдын жомогун магнитофонго жазып алдым, минтип айтып берди ал: Короодогу кумда кичинекей Адил өзү жалгыз ойноп жүрдү. Деле өзү менен өзү сүйлөшсө – киши. Каадаланып да машине оюнчугу менен кадимки айдоочуларча кыймыл кылганычы. Чоң энеси үйгө кир дегенине көнөр эмес. Адил оюндун кызуусуна киргенде дыбырап жамгыр башталды. Артынан тыпылдап мөндүр төгүп берди. Адил асманды тиктеп аңкайды. Асмандан апапакай, майда-майда жаап аткан нерселер анын көзүнө топ сыяктуу көрүндү. […]

Күчүк жетелеген аял

Антон ЧЕХОВ  Аңгеме I Жээктеги көчөдө жаңы киши пайда болду: күчүкчөн аял келиптир деген сөз жайылды. Ялтада эки жумадан бери туруп, бул жерге көнүп алган Дмитрий Дмитрич Гуров да жаңы кишилерди көрүшкө кызыктуу. Вернадагы павильондо олтуруп, жээк көчөдө орто бойлуу, башына берета кийген, ак жуумал жапжаш аял басып өткөнүн, анын соңунан үлпүлдөк жүндүү ак күчүк жүгүрүп жүргөнүн көрдү. Андан кийин ошол аялды шаардык бакта жана скверде күнүнө нечен ирет жолуктуруучу болду. Ал өзү баякы эле беретачан, ак күчүгүн ээрчите дайыма […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Жамийла — элдик тарбия нускаларын тебелөөчүбү же сыйлоочубу?»

Адабият таануу Ч.Айтматовдун «Обон» («Жамийла») повести жазуучунун атын дүйнөгө тааныткан чыгарма гана эмес, ал улуттук алкакта ой жүгүртүүнү жаңы тепкичке көтөрүлгөндүгүн ачык айгинелеген, коомдук турмушта болуп жаткан өзгөрүүлөргө кабарчы чыгарма болду. Анын тагдырындагы дилеммалуу пикирлерди жараткан «жакшы» жана «жаман», «оң» жана «терс» деген критерийлердин элегине салганда эки өйүздө калган каарман бул Жамийла болгон. Жамийла – элдик салттарды, анын ичинде элдик тарбиянын эреже-нормаларын тээп чыккан, ошол алкак тарлык кылып, ага батпай калган каарман деп айтып келебиз. Бул чыгарманы кандайча кабыл алгандыгы, […]

Төкмө ырчылардын дымагы жана сынагы

(1-макала) Азыр баары эле акын: жамакчысы да, төкмөсү да, жазмакери да. Акын деген терминди оңду-солду колдоно берүү кыргызга өөн көрүнбөй калды. Айтор, баарыбызга төкмөлүк менен жазмалык өнөр бир кончко тыгылган буттан айырмасы жок бүгүн. Ал эми кечээги оозеки чыгармачылыгыбыздын тарыхын карасак, Манас доорунда Ырамандын ырчы уулу, кийин Токтогул ырчы («Токтогулдай ырчы бол, /Толубайдай сынчы бол») деп эле айтылып келген…