Нуралы КАПАРОВ: Тузик

АҢГЕМЕ  Ак койдун азабы көп. Өзгөчө эрте жаздын ала-шалбыртында көк кууган койдун азабындай азап бул дүйнөдө болбостур. Кышы бою кытыратып «чайнаган» байымы жок, каны качкан куу чөптүн «кулдугунан» кутулуп, жаз баарында жаңыдан кылтыйып чыгып келе жаткан көк чөпкө тиши менен тили тийгенде бүлкүлдөгөн бүйлөсүнө шилекей толуп, жаздын себелеп жааган жылуу жамгыры менен мемиреп тийген жылуу күнүнө көөп чыккан жер кыртышы менен чырымтал чөптүн кошул-ташыл буруксуган жыты каңылжаарын жарып өткөндө айбан да болсо дээринде жүргөн аз-маз эс-акылынан толук ажырап, мас болгон […]

Керемет ааламы

Бейшебай УСУБАЛИЕВ  Адабият таануу Улуу адамдарда мындай бир касиет бар окшойт – алар түбөлүк сыр, табышмак бойдон калышат экен. Алыска барбай эле, дүйнөлүк залкар сүрөткерибиз Чыңгыз Айт­матовду алалычы, бул киши тууралуу канча эмгектер жазылбады, өзү да канчалаган маектерди бербеди, кыскасы, өзүн тегиз ачып кеткендей болгон. Эми карасаң, эч нерсеси ачылбаган сыяктуу, тескерисинче, улам сырдуулугу, табышмактуулугу артып бараткансыйт. Өңгөгө билбейм, мен үчүн мындан да өткөн сырдуу жана табышмактуу адам – бул Курманжан датка. Бүбайша Арстанбекованын 2008-жылы жарык көргөн «Карегимде – Ата […]

Кенже бала

Кыргыз эл жомогу Илгери-илгери бир кан болгон экен. Ал бир күнү түш көрүптүр, түшүндө мүшкүл иш көрүптүр. Бир куш көрүп, куштун көзүнөн жаш ордуна шуру агат экен. Ал эми мындай ажайыпты кан эч качан угуп көрбөптүр. Эртеси кан ордунан турбай шашке болгуча жата бериптир. Ошол кандын үч уулу бар экен. Экөө бойго жеткен жигит, бири ойноок бала. Балдары келип сыр сурайт, кан айтпайт да, сүйлөбөйт. Эртеси ошо убакта эки колун бооруна алып, чөгөлөп дагы сурашат. Кан баягы түшүндөгү ажайыпты айтат. […]

Айтматовдон дайын-дабыш жок

Маркумдардын маеги Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаров менен акын Жолдошбек Зарлыкбековдун 1999-жыл., 10-сентябрда «Асаба» гезитинде жарык көргөн маеги «Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. Өзүнүн түнөгүнө автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт. Тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети». (Повесттен)

Улуттук дөөлөт тууралуу сөз

Жолдош ТУРДУБАЕВ, адабиятчы Бүт ааламды бир өзүнө сыйдырган «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деп Айтматов өзү эң таасын баа берип кеткен «Манастан» баштап бүгүнкү жетишкен руханий, маданий деңгээлибизге чейинки узак жолдун терең маани-маңызын кайра эле ушул залкар адамдын бийиктиги менен гана өлчөөгө болот. Бир кезде жашы улуу экендигине карабай эң жакын достор катары сыйлашып өткөн орустун чыгаан композитору Дмитрий Шостаковичтин «Чыныгы чыгармачыл инсан бүт ааламды бир өзүнө сыйдыра алат» деген сөзүн Чыңгыз Айтматов өмүр бою унутпай, кол жеткистей көрүнгөн бийиктикке […]

Төкмө ырчылар мектебинин калыптануу тарыхы

«Айтыш» коомдук фондунун 15 жылдыгына…  Ыраматылык Тууганбай Абдиев анда филармониядан иштен бошоп калган маалы. Ал кезде Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев өңдүү канаты жаңыдан жетилген төкмө ырчылар көчөдө ишсиз калышканы бар. Тукебиз болсо шакирттерин коргойм деп филармония деректиринин каарына өзү кошо кабылып, үчөө бирдей иштен ажыраган. Тукебиз кадимкидей депрессияга кабылып, мага датын айтып, интервьюбуз менин алгачкы чыгармачыл чыйырымды баштаган “Кербез” гезитине чыгып кеткенден кийин филармониядагылар чуу түшүп жатып калышкан. Ошол тушта Ашыраалы Айталиев да пенсияга чыгып, үй бурчуна камалып отурган кези. […]

Казак

Нурайым ШАРШЕНБАЕВА Автордон: Каармандар кыргыз элине таанымал кадимки Нарбото, Атаке баатырлар эмес. Бул аңгеме чыныгы жашоодон алынганына байланыштуу каармандардын ысымдары өзгөртүүсүз берилди. Аңгеме Күн кыпкызыл болуп уясына батып бара жаткан мезгил. Жаз келип, чокудагы карлардын эриши  менен ылайлана  иримденген тоо суусу  канча мезгилден бери түбүндө жаткан таштарды ордунан козгоп төмөн карай күпүлдөйт. Тээ жогортон суу бойлой келаткан атчан жоон топтун карааны айылга жакындай берди. Бири-бирине тамаша ыргытышып, көңүлдөрү көтөрүңкү. Анда-санда каткыра күлгөн добуштары тоо койнунда жаңырып барып  жоголуп кетет.  Ар […]

Омар Хайямдым рубаилери

Маалымат үчүн Биз бүгүн Чыгыштын  орто  кылымдагы улуу акыны,  философу жана  окумуштуу-математик,  астроному  Омар ХАЙЯМдын бүткүл дүйнөгө таанымал рубаилерин жарыялайбыз. Бул чыгармалар «Избранные четверостишие» (1965, Душанбе), «Звезды поэзии» (1974, Душанбе) деген китептердеги орустун белгилүү акын-котормочусу Владимир Державин жана «Омар Хайям. Слезы сердца» (2006, Москва) деген Герман Плисецкийдин орусча котормолорунан кыргызчаланганын эскертебиз. Которгон Бейшебек АКУНОВ * * * Аалам сырын ачабыз деп катылган, Ой берметин өмүр бою сапырган. Таба алышпай эң негизги чордонун, А деп, бу деп өткөн далай акылман. * […]