Барабан дүңкүлдөгөн жерде сыбызгыган чоор үнү угулбайт

МУСУЛМАН САНАТЫНАН СААДИ (1203 же 1210—1292 ж.ж. аралыгы), перс акыны жана даанышман Адатта, арстанды эшектен жогору коюшат, бирок адамга кол салган арыстандан көрө кулагы узун эшек артык экени кеп кылынбайт. * * * Пайдасыз жан үрөгөн эки адамды билем: бирөөсү байлыкка ээ болуп, бирок жыргалын көрбөйт, бирөөсү турмушка керексиз илимдин артынан түшүп алат. * * * Алсыз душманды тоотпостук – кенедей учкун алоолонгон өрткө айланып кетерин күтпөгөндөй кеп.

Көгөөн чиркейге шерик эмес

Украин жомогу Көгөөн эки жагын каранып учуп барат, а чий түбүндө көлөкөлөп чиркей отурат. Көгөөн айтат ага: – Жүрү тууган, бирге учабыз! – Йе, сага жакшы, денеңдин баары кабырга. А менин курсагым чоң үчүн күндөн корком.

Төкмө ырчылардын дымагы жана сынагы (3-макала)

1-МАКАЛА           2-МАКАЛА Учурда ашкере саясатташкан коомубузда сын айтуу жөрөлгөсү бир гана саясый чөйрөдөгүлөрдүн дарегине карата айтылганы болбосо, чыгармачыл жана илимий чөйрөнүн арасында дээрлик жым. Себеби сын айттың, балээге кабыласың. Ал эми советтик доордо калыптанган байтактуу жалпы маданий, адабий өсүштөрүбүздү карайлы: театр, кино, сүрөт, адабият, илим-билим тармагынын айбаттуу сынчылары менен чыныгы кесипкөйлөрү арасында полемикалык таймаштар канчалаган таланттарды өстүрдү. Анда адабий сынчылар тургай искусствовед, театровед, музыковеддердин көз кыры салынып турган үчүн кыргыз киносу кандай бийиктиктерге жетти, театр […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Чыныгүл»

Аңгеме Алгач жааган кардын  суугу сөөккө өткөн кеч күздө Чыныгүл кемпир уулунун үйүнө кайтып келди.  Ал картайып, такыр ишке жарабай, алы-күчтөн тайып калган эле. Арыктап, сыздап ооруган буттары менен өз босогосун араң аттады. Энесин бир “жалт” карап алган  уулу сыр бербеди, бирок келини ачык эле аны жактырбаганын билдирди: — Акыры келээр жери  биздин үй экен, чалдан чалга тийип жүрбөй энең биз менен эле жашабайбы, кана, эми ошол чалдардын бири муну караганын, эртең өлсө көмгөнүн. —  Келини кемпирге угузуп да, угузбай […]

Кыргыздардын теги кытай жазма булактарында

Макелек ӨМҮРБАЙ Түрктөр[1] менен тектештиги Кытайдын биздин санактын IV кылымынан VII кылым аралыгындагы «Түндүк тарыхы» (北史) менен «Жов наама» (周书) аттуу тарых китептеринде Түрктөр менен Кыргыздардын теги боюнча мындай уламыштар жазылган: «Сак элинде Абам бек аттуу адам болуп, анын 70 бир тууганы болгон имиш. Ошонун ичинде, Нышачор аттуу бирөө чыйрак экен да, өзүнчө жөндөмдүү болуп, шамал айдап, жаан жаадыра ала турган жайчы экен. Ал жай атасынын (пиринин) жана кыш атасынын (пиринин) эки кызын алат. Ошонун ичинде бирөө бир эле жолу […]

Эл чыныгы журт башысыз жок болуп кетет

Тимур ЗУЛФИКАРОВ (1936-ж), москвалык тажик акыны ОЙ СЕРП Төбөл болуп туулуш керек. Бул жазуучулук же пайгамбарлык касиеттей эле сейрек касиет. Мен дайыма кайталайм, кайсы бир убакытка чейин эл чоң жазуучусуз деле жансактай берет, а чыныгы журт башысыз жок болуп кетет. * * * Адам жашоосун экономика гана эмес, СӨЗ да аныктайт. СӨЗ ириде империяны жаратса, кайра анын ташталканын да чыгарат. Бийликтер Кудай-таала СӨЗ жаратуу касиетин берген адамдар менен баарлашып турууга тийиш. Чыныгы төбөлдөр чоң таланттар менен тыгыз байланышта болгон. Иосиф […]