Айдарбек САРМАНБЕТОВ: «Жаза»

же азаптуу ашыглыктын эзелки ыры  Аңгеме Таштак, сейрек бадалдардан башка көк өспөгөн бозоргон кууш, булуң-буйткалуу капчыгай. Анын түбүн жыландай соёлоп, шашып, таштан ташка урунуп, шылдырай аккан көк кашка өзөндүн кашындагы жай оргуган мөлтүр булакты тегеректеп өскөн топ дарактуу мазар. Качаңкы куурап калган карт дарактары кагжайып, туш келди кулап жатат, жаш, сары тал, кызыл четиндери мол. Алардын дээрлик бардыгында өңү оңгон үзүк бөздөр айдарым желге желпилдеп, жандуудан жалгыз калышкандай. Кыбыр эткен бөлөк кыймыл жок. Мазардын дал ортосундагы  чөккөн төөдөй өчөйгөн көк […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Күндөштөр»

Аңгеме Биздин кыштакта жакында Сулайманкул деген киши жүзгө таяп көз жумду. Анын сөөгүн эки аялынын кабырынын жанына  коюшту. Бул үчөөнү кыштак эли «тиги дүйнөдө» да бирге болушсун дедиби, ким билет. Эки аял ала тургандай Сулайманкул суучу бай да, катынпоз да  эмес эле. Ал көп жыл Азбүбү бакшы менен чогуу жашап, бала  көрбөдү. Күзгү көрүп не бир сырларды жоруган көзү ачык катыны этегинен жалгабады.  «Бакшылык өнөр бергенче, жараткан бала берсе болбойбу» — ичинен Сулайманкул ушинтип бушайманга батып өксүгөнү менен анысын эч […]

Атажурт коркунучта: Жыгачты кыйган балтанын сабы жыгач!

Кезинде А.Акаевдин реформаторлорунун бири Бекболот Талгарбеков «Жерге мамиле фундаменталдык философиялык жана дүйнөнү кабылдоо мүнөзүнө ээ» деп сөздү алыстан баштаган. Түркөй адам чын эле үркөөр сөз. Ар жагын мындай улайт: «рыноктук экономикалуу укуктук өлкөлөрдө жарык дүйнөгө келген эркин граждандар үчүн жерге болгон жеке менчик укугу кудай менен табият адамга берген жашоого жана эркиндикке укук сыяктуу эле кадыресе укук… (КТ». 14.12.93) Сөздү Көктөн баштаган ал бизде да жер рыногун киргизмейин цивилизациялуу (?) рынокко ээ болбойбуз деп абсолют бүтүм чыгарат. Бул багытта башкы […]

Ит, мышык жана чычкан

Монгол жомогу Те илгери ит менен мышык, ал тугай мышык менен чычкан да чырдашпаган заман болуптур. Оболу кеп адамда экен: кожоюн бир күнү иттин ишенимдүүлүгүнө ыраазы болот да, анын короочулугуна ыраазычылык билдирип, мойнуна алтын каргы тагат. Муну көргөн мышыктын ичи тарыйт. – Ушу кантип адилет болсун, – дейт мышык чычкандарга даттанып, – ит алтындан каргы тагынат деген не шумдук! Эми ага кудай берди, кожоюнга шыйпаңдаганын койбойт. А бизге ташжалак да буюрбайт будан кийин! Андыктан силер иттин алтын каргысын уурдап келгиле! […]

О кандай шор: акылмандан акмак тукум төрөлгөн!

МУСУЛМАН САНАТТАРЫ Абу Мухаммед Иляс Жусуп НИЗАМИ (1141-1209), азербайжан акыны Башыңа күн түшкөн кезде колдогон Баарынан оор – бир да досуң болбогон. * * * Жүрөгүмдү тепчибесин десең күйүт жебеси, Кайратыңды калкан кыла билсең гана жеңесиң.