Айбандарда да Башмыйзам болуптур

Румын жомогу Те илгери нелер гана болбогон! Айбандар Башмыйзамга ээ болгулары келет. Ким кимге башчылык кылуусу керектигин аныктап, алар да адам сыягы жашамак болушат. Ошентип Башмыйзам токуп бер дешип, Теңирге кайрылышат. Теңир Башмыйзамда баардык укукту бөлүштүргөн соң, документти карышкырга табыштап, айбандарга карышкыр өкүмчүлүк жүргүзмөй болот. Өзү токойдо жашагандыктан мындай маанилүү документти жоготуп ийүүдөн чочулаган карышкырды санаа басат: «Токойдо шумдуктар көп. Башыма балээ кылбай, ушуну итке берсем кантет? Ал адамдарды пааналап айылда жашайт эмеспи, үйү да бар. Кой ошентейин», –деп Башмыйзамды […]

Ду ФУ: Туралбады ал бутуна, мас болуп\ Ордосуна чакырганда өкүмдар

КЫТАЙ ПОЭЗИЯСЫНАН Жаздын күнү эстеп жатам Ли Бону О, ырларың эркин, таза Мыктылыгы момунда. Ою терең, баалайм Ли Бо Жан эриткен сөзүңдү. Юй Син менен сен биргесиң Ыр жазуунун жолунда.

Төкмө ырчылардын дымагы жана сынагы (4-макала)

1-МАКАЛА           2-МАКАЛА       3-МАКАЛА 2005-жылы күзүндө Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдык мааракесине арналган төкмө ырчылар айтышын жыйынтыктоого келгенде да талаш-тартыш ырбап барып басылган. Калыстар курамында кара кылды как жарат деген С.Жигитов, Б.Жакиев, Б.Алагушев, Д.Сарыгулов сындуу кадырлуу аксакалдардын чечимине нааразы болгон чоң топ филармонияны тегеректеп опузага алган окуяны уюштуруу тобу гана бас-бас кыла алган. Башбайгеге Нариман Түлеев жеңил авто-унаа коюп, бирок чоң айтыштын экинчи айлампасынан нарындык төкмөлөр финалга чыкпай калганы үчүн теңиртоолуктар омуроолоп: «Күйөрмандар филармония […]

Айдарбек САРМАНБЕТОВ: «Баатыр-Таш баяны»

Аңгеме  — Чо ата, биздин баба-буваларыбыз ким, кандай адамдар болушкан? — Элим деген эрлери көп… өз менен өзгөлөрдүн кадырына жете билген өтөлгөлүү баатырлар чыккан экен… — А сиз, элиңиз үчүн эмне кылдыңыз? — …?! Кереметтүү Каркырадан санжыргалуу Санташка чыга келип, көл тарапка ат чурата барганда, бата тарткан алакандай жайылган жайыктын бетинен жалгыз бозүйдөй көмкөрүлгөн заңги таштын карааны алыстан калдайып көзгө дароо уруна берет. Анын бу жерге кайдан, качан түшүп калганы, же аны кимдин, неге тартып келгени белгисиз. Эзелтен турат. Мурда […]

О`МАЛЛИ: «Саясатты саясатчылар ылжыган мастай булгайт…»

Баардык саясый режимдин сойкулары – парламенттегилер. Демократия алдындагы сойкулар – өзүбүз. * * * Саясатчылар карапайым элге көңүл бурсун, макулмун. Бирок муну алардын айкөлдүгү катары кароого болбойт, ит деле денесиндеги битке көңүл бурат. Патрик О`РУРК (1947), америкалык жазуучу   Башкаруучу болуш оңой, башчы болуш кыйын. Иоганн Вольфганг ГЕТЕ (1749-1832), немис акыны