Мурза Гапаровдун прозалашкан поэзиясы

КУЮН Бүгүн кыйын, Бүгүн куюн… Чыкпа эшикке, Эшикте… Шаарды шаардын чаңы каптап, Чаңдалды үйлөр дагы, дарактар да. Көчөлөрдө куюгуп жинди шамал Чуркап жүрөт туш келди каталактап, Чимирилип жез кемпирдин ийигиндей, Ажыдаардын бийин бийлейт аянттарда… Ар каяктан ар каякка баш аламан Качып барат калайык каратаман… Оозу-мурду тумчугуп буюкканда, Көзү көрбөй урунуп туюктарга, Каңырыгы түтөгөн кайран эл-журт Каарын төгөт карарган булуттарга. Анткен менен айып жок булуттарда…

Курдаш чычкандар

Чечен жомогу Эки чычкан узак жылдар бою курбу-курдаш болгон экен. Бири тоодо, бири мунара башында жашаптыр. Бирок экөө бири-бириникинде мейманда болбоптур. Тоодо жашаган чычкандыкында ун, талкан, эт-май толо, а мунара башында жашаган чычкан эптеп өлбөстүн күнүн өткөрчү экен. Тоолук чычкан бир күнү мунара башындагы курбусун коноктоп, төгүлүп-чачылып сыйлап, көйнөк-көчөк берип узатат.

Конкурска: Акылдуу балдар

№10 Жомок Илгери өткөн заманда бир абышка, кемпирдин Айгерим жана Арген деген балдары болуптур. Алар өтө тентек, ата энесин да, бири-бирин да укпаган бейбаш жана ынтымагы жок балдар экен.  Бир күнү алар ата энесинин айткандарын укпай, алыска ойноп кетип калышат. Балдар кеч киргенин билбей адашып, караңгы коюу түндө  жарыкты издеп, өтө алыска кетип калышат. Таң аткыча уктабай абдан чарчашат. Таң атканда карашса, таптакыр башка жакта жүргөн болушат. Үйү тургай, айылы да көрүнбөйт. Ачка, чарчаган балдар уктайлы дешсе аларды капыстан чыга […]

Олжобай ШАКИР: Тестиер

Аңгеме – А-ай тишиң сынгыр… ышкырба деп атам. Баланын бир кулагынан кирген сөз экинчи кулагынан чыгып кетти. – Ай, кулагы жок. Айтканды укпайт ко бир. Акең келсин, шашпа. Шишиң толгон экен. – Щы-щы-щи-иш-щы-щи-ссс… – Бала чоң энесинин кебин тооткон жок. – Ырыскы качат үйдөн, ышкырбасаң боло. Кандай кулагың укпайт эртеден бери. Канча айтам буга? – кемпир өзүнчө күңкүлдөп, ийигин кайра алды колуна.

Конкурска: Куйкаланган күн 

№ 9 Күнү-түнү  нөшөрлөп, Жамгыр  төктү  басылбай. Жүдөттү  го  апаларды, Маанайлары  ачылбай. Сагын  турду  желаргыдан, Бети-башы  туурулуп. Чыбык  атты  камчыланып, Ойной  албай  буулугуп.

Талип ИБРАИМОВ: Кыргыз киносу эки доор тогошуусунда

МУРАС ТААНУУ Кыргыз кинематографы улуттук маданиятта ѳзүн кѳркѳм кѳрүнүш катары ѳткѳн кылымдын алтымышынчы жылдарында кѳрсѳтѳ алды. Ошол мезгилдеги советтик кѳрүнүктүү режиссерлордун кимдир бирѳѳсү алыскы чѳлкѳмдѳгү жаш кинематографчыларга дем берүү максатында алардын алгачкы дебюттарын “кыргыз керемети” атады. Бул жарк эткен эпитет аларга биротоло таандык болуп калды:  бирѳѳлѳр аны жаш кинематографтарга берилген калыс баа катары кабыл алса, башкалары аны улуттун даңкталышы катары кабыл алып, бардык жерде бул туурасында сыймык менен айтууга ѳтүштү. Мына ушул  жагымдуу маанайдын учурунда “кыргыз кереметинин” табиятын терең караштырып […]

…деген экен

МАЙМУЛГА КАЙДАГЫ ЫСЫК СУУ? «Арашан» чыгармачыл үйүндө эс алып жүрүп, акын Сулайман Маймулов бери жактагы шар аккан сууга шапшынып атып, жээкте турган Насирдин Байтемировго мактанат дейт: – Насыке, көрдүңүзбү, какшаган муздак сууга жуунуп атканымды… – Муздак сууга жуунбаганда Маймулга ысык сууну ким даярдап коюптур бе жерде, — деген экен Насыкең.

Атлес көйнөк

Аңгеме Ийинине өрүк как салынган чоң баштыкты көтөрүп, атасынан калбай басып келаткан секелек кыз  болгону жети жашта, быйыл биринчи класска барат. Ал ийини оор жүктөн талып, ооруганына карбай, кадамын ыкчам койгонго аракет кылды. Чекесинен эчак тер кеткен, тизеси  калчылдай баштады, энтигип да калды. Бирок кадамын басаңдаткан жок. Антсе атасынан калып калат, бу чоң, чоочун  шаарда  бир паста адашып кетчүдөй… Үйдөн таң азанда чыгышкан, базарга дегдеген кыз эртең менен нанүштө да кылган эмес. Атасы базарга жөнөгөндө балдарын чанда гана өзү менен […]