Ханс Кристиан АНДЕРСЕН: «Оттук таш»

Ханс Кристиан АНДЕРСЕН (1805–1875) – Дания жазуучусу, улуу жомокчу. Алгачкы чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштаган («Өлүм алдындагы бала» ж.б.). «Эки баронесса» (1849), «Импровизатор» (1835), «Жөнөкөй скрипач» (1837) аттуу романдары, «Мулат» (1839) драмасы менен белгилүү. Бирок элдик оозеки чыгармалардын нугунда жазылган жомоктору анын атын дүйнөгө дүң кылып, бир жарым кылымдан ашуун балдардын да, чоңдордун да сүймөнчүлүгүнө айланып келет. Анын айрым жомоктору өткөн кылымдын отузунчу жылдарынын аягында кыргыз тилине которулуп, 1959-жылы китеп болуп чыккан. Оттук таш Дүйнөлүк жомок Жоокер жолдо келатты: Бир-эки! […]

Дервиштин кызы

Түрк жомогу Илгерки бир замандарда бир падыша жашаптыр. Анын баласы жок экен. Бир жолу ошол падыша сейилдегени чыгат. Сейилдеп жүрүп булактын жанына токтоп, даарат алып, намаз окуйт. Анан караса эле жанына бир дервиш келип калыптыр. — Ассалому алейкум, падыша! — дейт ал. Падыша саламга алик алып тигиге кайрылат: — Сен менин падыша экендигимди кайдан билдиң? Андай билгич болсоң менин ичимдеги кайгым неден экенин да айтып берчи?

Токтобек ҮСӨНОВ: «Олжо»

Трагикомедиялуу киносценарий НАТУРА. ТҮН. ЖОЛ ЖЭЭГИ. Өргө карай кеткен жолдо кытайдын узун КамАЗы, ал өр таяп бараткандыктан ылдамдыгы жай. Жол жээгинде КамАЗды күтүп жашынган үч караан, КамАЗдын жарыгы тийе бергенде, жер менен жер болуп жата калышат. Биринчи караан (Жумак — чамасы 50 жаштарда) башын көтөрүп, беркилерине турууга белги берет. Жанында дагы бир караан жатат. (Ашым да чамасы — 50 жаштарда) Ушуну эле күтүп турган эки караан секирип туруп, КамАЗдын артынан чуркашат(Аман 17-18 жаштарда).

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ: «Сакураны жакшы көргөн адам»

ЭСКЕРҮҮ Обочо өскөн жалгыз дарак шамалга туруштук бере албайт. Негизинде адам деле ошондой. Жашоонун, турмуштун миң түрлөнгөн кыйынчылыгына, көзгө көрүнбөгөн, колго урунбаган тоскоолдуктарына жалгыз адамдын такаат бериши кыйын. Айрыкча, тагдырдын кыйчалыш түшкөн жолуна тушуккан адам үчүн андан беш бетер оор. Мен муну өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан, жонтерим менен сезгенимден улам айтып жатам. Адатта бала ата-энени тандай албаган сыңары, адам да өз тагдырын тандап, жеңилине, тасмадай шыдырына качыра албайт тура. «Бешенеге жазганды көтөрбөскө чара жок» деп коебуз. Балким, мунун да бир чындыгы […]