Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Доктур»  

Аңгеме Айылдык доктурду жумуш ордунан таба албаган  Эргеш ава  түз эле анын үйүн көздөй жөнөдү. Жаз эмеспи, иш маалы үйүндөдүр деди. Небересинин эти от менен жалын, эртеден бери эмчек эмбей кыйналып жатат. Абышка жабык турган дарбазаны  оболу акырын каккылады, эч ким чыга бербегенде  муштуму менен катуу  ургулай баштады. Доктур бул маалда там артындагы  жерине бала-чакасы менен   тамеки көчөтүн отургузуп аткан. Дарбазадагы дабышты уккан ал аялына катуу табыштады. — Мени сурап келгендер болсо, районго кеткен деп айт. Күйөөсүнүн сырын беш колдой […]

Чоң ата менен небере

Филиппин жомогу Илгери-илгери дейт, адамдар узак өмүр сүргөн доордо ыргалган токойго жакын айылда бир жакыр бүлө жашаптыр. Алар үч жан экен – чоң ата, ата, небере. Чоң ата ал-күчтөн тайыса да жүз жаштын чайын ичип, дайыма баласы менен небересине далай-далай канбулоон согуш окуялары менен узун өмүрдө көргөн-билгендерин баяндап отурчу экен. Жана да укмуштуу уламыш-жомокторду жобурап бергенин небереси кунт коюп тыңшачу дешет. Бир күнү кудай уруп, абышка өз баласына ашка жүк, башка жүк көрүнүп, баласы андан кантип кутулуштун айласын изде, анан […]

Поэзия: Куй, шараптан! 

Сайрагүл ЖОЛБОРСОВА  Куй шараптан! Жүрөк бир аз эргисин, Кутулайлы кайгы-капа азаптан. Башка салган бүт түйшүктү токтотуп, Ушул дүйнө бактылуудай сезилсин! Куй шараптан! Көңүл бир аз жыргасын. Кубанычтан мейли көңүл ыйласын! Тагдыр бизди,

Гурбанназар ЭЗИЗОВ: «Табыт»

БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН Гурбанназар ЭЗИЗОВ – түркмөн элинин 20-кылымдагы классик жазуучуларынын бири. О.э. ал Түркменстандын эл жазуучусу жана Махтумкули наамындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Бүгүн биз анын «Табыт» аттуу чакан аңгемесин замандашыбыз Азат Жапарбектин котормосунда жарыялайбыз. Аңгеме Чоң атамдын узунча келген боз табыты бар эле. Аны качан, эмне үчүн жасатканын билбейм. Бир билгеним: көптөн бери урунуп жүрчү. Өзү тыттын жыгачынан кынаптап жасалган тартайган оокат. Чоң атам аны дайыма жасап-түзөп, кырып-кыпчып таза кармаганы менен, негедир көзгө комсоо көрүнүп, жүрөктүн үшүн алат. Айрыкча […]

Аккан сууда арам жок — I

Диктант – Бу адабият дегениң деле мелмилдеп агып жаткан дайра эмеспи. Тайыз делген дайраны деле баланча тоодон башталат деп айтат. Быягынан бир суу агып түшөт дейт, тыягынан бир суу түшөт дейт, экөө палан жерде кошулуп, төлөн жерде дарыяга куят дейт. Туурабы? Ар нерсенин булагы бар, башаты бар. Адабият, болгондо да бир элдин адабияты жөнүндө сөз жүрүп жаткан соң, ошол башат жөнүндө сөз болуш керек. Кайдан чыкты? Кайда барат? Деги пайдасы барбы, жокпу? Пайдасы жок болсо анын кимге кереги бар? Ошол […]

Конкурска: Ат жабдыктары

№11 Атабыз аткан токуган, Ат жабдыкты билели, Азамат болуп чоңоюп, Алкынтып күлүк минели. Адегенде азоонун, Башына НОКТО катылат. Жылмышып баштан чыкпаска, САГАЛДЫРЫК тагылат. Ноктого ЧЫЛБЫР уланып, Ат МАМЫга байланат. Алкынган күлүк жоошуп, Азоосу бир ай жайланат.

Гильберт Кийт ЧЕСТЕРТОН: «Омар Хаям жана касиеттүү шарап»

Гильберт Кийт ЧЕСТЕРТОН – 1874-жылы 29-майда Улуубританиянын Кенсингтонунда туулуп, 1836-жылы 14-июнда Бакингемшир (Биконсфилд) аймагында каза болгон. Прозаик, акын, драматург, эссеист, журналист, публицист. 1890–1936-жылдары 80ге жакын китеп жазган. Калемине 200дөй аңгеме, 4 миңдей эссе, пьесалар, жүздөгөн ырлар таандык. Эссе Жаңы заман адеп-ахлагы дегенибиз масчылык маселесин бардык балээнин башкы себеби кылып алды. Адамдарды түнкү саат 12.30да ресторандан айдап чыгаргандардан баштап, Америка барларына балта ала жүгүргөн албуут аялдарга чейинки насаатчылардын жанын жай алдырбаган маселе ошол. Арийне алар токтогон «токтом» ар дайым бирөө эле: […]