Эс алгысы келген шамал

Шелдон ОБЕРМАН Жомок Борошо дүйнө кезип, эс алчу орун издеп жүрдү. Өмүр бою жердин чар тарабын калтырбай чапкылап жүрүп, чарчап бүтүп, карылыгы келген эле. Ал бийик калың дубалдуу  жана узун мунаралары  көккө умтулган шаарга келди. “Бул эс алганга ажайып жер турбайбы!” — деди да шаардын көчөлөрү менен зуулдап жөнөдү. Муздак манжаларын терезелердин бетинен жылбыштырып, айнектерге кооз оймо-чиймелерди түшүрүп баратты. Ал шамалдын армандуу ырын бийик жана жапыз  морулардын ичинде созолонтуп ырдады. Ал терең үшкүрүп алып, навайкана менен темир устанын дүкөнү ортосундагы […]

М.ГАПАРОВ: Байчечек

Мурза ГАПАРОВ Аңгеме Телефон шыңгырап атты… Кыяз анын үнүн көпкө угуп жатып, араң ойгонду. Үйдүн ичи караңгы. Кайсы маал экени билинбейт: кечпи, түн ортосубу, таңга жуукпу. Аэропорттон самолёттордун гүрүлдөгөнү угулат. Бирок алар күнү-түнү учуп турушат да… “Беймаалда телефон чалган ким? Болгондо да шаардан эмес: телефондун коңгуроосу узун шыңгырайт… ” — Эй, телефон шыңгырап атат, — деди аялын түртүп. Бирок аялы ойгоно бербеди. Турууга туура келди. Стол, стулдарга чалынып барып, трубканы алды.

Акылдуу аялдын табигый душманы – миллиондогон зөөкүр эркектер

КЕРЕГЕ КЕП Мария ЭБНЕР-ЭШЕНБАХ (1830-1916), австралиялык жазуучу  Бирөөгө бирдеңке уурдаткан авторлор күйүнбөй, сүйүнгүлө. Токойдо деле отун кыйчулар уурулук кылып турбаса, токойдун эмнеси токой? * * * Узун ойдун кыскасы – афоризм. * * * Талаш-тартыш жараткан кишиден эмес, талаш-тартыштан четтеген кишиден корк.

Кубат аке: «өлдүм, бирок көмбөгүлө!» дейт эй…

Аккан сууда арам жок — I Аккан сууда арам жок – II Оштон келатам. Самолёт бир күн учпай калды. Май жок дейт. Эй, ошондогу белеттин өчүрөтүн айт, биринин үстүнө бири чыгат, аялдар чалдарды тепсеп кетип атат. Белет үчүн баласы атасынан кечүүгө даяр. Кысыталак, ушундай бир шатыдай узун неме экен, ошонун үстүнө чыксак, белетке бачым жетебиз дештиби, ага асылып чыга башташты. Ал чыдабаганынан: «И-ий!» – деп жиберди шаты сыяктанган бечара. Эгер элибизде бир чоң маданият болсо, Чыгыштын – өзүбүздүн улуу, таза, керемет булагынан […]

Б.УСУБАЛИЕВ: Гарбачок

Аңгеме «Карарган деңиз, агарган толкун». Алым ТОКТОМУШЕВ Саат эртең мененки жетиге чукулдап калган. Капар уулун бала бакчага жеткирмек да, андан ары жумушуна кетмек. Эмне, демейдеги эле иши да: бала бакча, анан жумуш. Бирок ал бүгүн негедир өзүнө өзү батпай турду. Көңүлү чөгүп эле капаланат, ичинен туталанат. Дүйнө да чөгүп, үлүрөйүп тургандай. Таңданды. Өзүнө өзү таңданды. Эмне үчүн эле минтип жатам деп ойлоду. Ушинтип ойлоп, туталанып жатканын кадимкидей сезди. Акыры ал мындай сезимге кийинки күндөрдө өзүнөн өзү эле көп кабыла баштаганын […]