Кыркынчы милде

Жек ЛОНДОН Аңгеме Чоң Жим Белден «сууда калкыган муз» кызыктуу окуя экенин көңүлүндө эч кандай кири жок эле айта салганы эмнеге алып келерин өзү да билген эмес. Ага жооп катары суунун түбүнөн тоңгон муз — андан да кызык окуя экендиги жөнүндө айтып аткан Лон Мак-Фэйндин оюна да эчтеке кирип чыкпаган болчу; эч кандай муз суунун түбүндө тоңбостугу, бул анчейин гана балдарды мокочо менен коркуткан сыяктуу ороскел иш экендигин айтып талаша кеткенде Беттлздин да оюна эч нерсе келген эмес. — Бул […]

Бир итке тийди бекен көлөкөбүз?..

Дайырбек СТАНТЕГИН — 1951-жылы Жумгал районундагы Кайырма айылында төрөлгөн. КМУнун журналистика факультетин бүткөн. Көп жылдар бою райондук «Демилге» гезитинде иштеген. «Дайырбектин дайры күү» аттуу ырлар жыйнагынын автору. ПОЭЗИЯ АСТЫНДА ЖАНА ҮСТҮНДӨ Күлкүсүнө дүрмөт болуп достун да, Күлкүсүнө дүрмөт болуп кастын да. Алаңдатып жалаңдаган көздөрдү, Жатат байлык жампа боктун астында.

Конкурска: Ак эмгек – даамдуу нан

№14 Жомок Илгери, бир үй-бүлө жашаптыр. Ак эмгек менен нан таап, эл катары оокат кылып күн көрүшөт. Балдары чоңойгон сайын кем-карчтары көбөйүп, жашоолору оорлой баштайт. “Буйруса, балдарыбыз эр жетсе колубуз узарып, жашообуз оңолот”, — деп келечектен үмүттөрүн үзбөгөн ата-эне, балдарына  жакшы тарбия бергенге аракет кылышат. Эмгек кылууга, ак эмгек менен нан табууга үйрөтүшөт. Бирок ар баланын ар кыял-жоругу болот тура. Надыр дегени тентек, жалкоо, уйкучу чыгат. Ал эр жеткен сайын колунда бар, бардар жашагандарга көз артып, алардын жашоолоруна кызыкканын койбойт. […]

Бача падыша жана кумурскалар жөнүндө

Кытай жомогу Зор өлкөдө Бача аттуу зобололуу падыша жашаптыр. Бир күнү ал көңүл жубатууну каалап, кең жайык жерди тандатып, укмуштуудай чоң той өткөрөт. Шаан-шөкөткө миң-миңдеген меймандар чакырылат. Ошол миңдеген адамдардын оозунан чубурган күрүчтөргө да эсеп жеткис болуптур. Акыры ичип-жеп, чычкан коноктун баары кетет. Ал жерге ысырап болуп төгүлгөн күрүчтүн күкүмүнөн өйдө кумурскалар терип-жыйнап, жерге көмүп коюшат. Көп өтпөй башка да бир зор өлкөнүн зобололуу падышасы ошол кең жайыктуу жерге келгенде тизгин тартып, той өткөн жерди тополоң-тозго айлантууну чечет.

Тарых: Манжу кыргыздары

Кыраң барбы, кыргыз сөөгү жатпаган?! Макала 1991-жылы 9-майда «Кыргызстан маданияты» гезитине академик Б.Орузбаеванын жолдомосу менен жарыяланган. Анда, негизинен, мындай деп айтылат: «1989-жылы июнь айында Осло (Норвегия) шаарында алтаисттердин туруктуу эл аралык Конференциясынын кезектеги 33-сессиясында фин окумуштуусу Юха Янхунен манжу (Фуюй) кыргыздарына барган экспедициясынын жыйынтыктары жөнүндө атайын билдирүү жасап, аны өзү тартып келген документ фильми менен коштоп көрсөткөн. Фуюй кыргыздары жөнүндө биринчи кабар 60-жылдары белгилүү совет түркологу Э.Р.Тенишев тарабынан жарыяланган. Андан кийин алар жөнүндөгү маалыматтарды кытай тилчиси, түрколог проф. М. Хужуанхуэ […]

Конкурска: Айдын кичинекей ханзаадасы

№12 Жомок Актан  быйыл беш жашка чыгат. Ал өзү жакшы бала болгону менен түнү уктаганды аябай жаман көрчү.  Кеч киргенде ата-энесинен “Мен бүгүн уктабай эле коеюнчу”, —  деп сурана баштоочу.  Бирок Умай энелүү болгондон бери  түн киргенде төшөгүнө жатып, уктаганга шашылат.  Анткени  Умай эне ал уктап жатканында Айдан түшүп келип, анын жаздыгынын алдына сонун белектерди катып коерун билет. А түгүл Актандын эмне каалаганын да күн сайын билип турат. Кечээ «киндер-сюрприз» момпосуюн суранды эле: эрте менен ойгонгондо өзү жаткан жаздыкты көтөрүп […]

Классикалык музыка күйөрмандарына кулак кагыш

Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин маалымдашынча: Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Композиторлор союзунун демилгеси менен композиторлордун музыка жумалыгы өткөрүлөт. Программа боюнча: 6-декабрь. Кыргызстан композиторлорунун хордук чыгармалары. Мамлекеттик камералык хор ырдайт. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичине залы. Башталышы 17-00.

Валентин РАСПУТИН: «Жолугуу»

В.Распутин 1937-жылы Иркут облусунун Усть-Уда айылында туулган. Иркут мамуниверситетинин тарых-филология факультетин бүтүргөн. Ондогон повесть, аңгеме, эсселердин автору, чыгармаларынын негизинде бир катар кинофильмдер тартылган. Алгачкы чыгармалары менен эле адабий коомчулуктун көңүлүн буруп, «Акыркы мөөнөт» (1970), «Эсен болуп, эстей жүр» (1974), «Матера менен коштошуу» (1976), «Өрт» (1985) ж.б. повесттери менен дүйнөгө таанылган. Көптөгөн адабий сыйлыктарды алган, СССР мамлекеттик сыйлыгына арзыган, «Социалисттик Эмгектин Баатыры» наамына татыган. Кийин жазылган «Ивандын кызы, Ивандын энеси» повести үчүн Кытай мамлекеттик сыйлыгын алган. Аңгеме – Акыры жолукмак белек, […]