Көп адамдар сатты мени, мен саттым \– Эки бети болот тура теңгенин

Табылга Мурда-кийин тааныш эмес экенбиз. Адабий чөйрөдө Азамат Төкөров аттуу жаш акын бар экенин деле укпаптырмын. Качан гана «Жашооң түшкүр, кайкымай да, ойкумай, \Дүйнөң түшкүр, түлкү мүнөз жойпудай. \Дүйнө менен жашоо балким күнөөсүз, \Анткени адам табияты сойкудай» сымал саптарды окуган соң – адабияттын ышкыбооз жаш өкүлүнүн эмес, турмуштун көлөкө-жарыгын тааныган, дасыккан акындын тунук поэзиясы колума урунганына курсант болдум. Не аны Мекенден алыска чүлүктөп алып кеткен тагдырдын касирет-күйүтү көкүрөк кылын черткенден жаралган саптар бекен; не күч анын көөдөнүнөн сууруп чыккан саптар […]

Отунчу аялынан кантип кутулду?

Түрк жомогу Илгерки бир заманда отунчу жашаптыр, анын каардуу, ажаан аялы болуптур. Отунчу кыйналып иштеп акча таап келсе, андан бир пара да калтырбай аялы кагып алчу. Күйөөсү даамдуу тамак жебейт, бирде тузун өткүр кылса, бирде туз салбайт, аны айтса деги эле тамак бербей кууратат. Бир жолу отунчуга аркан керек болду да, аялынан анча-мынча пара катып калды. Түнү аялы эринин чөнтөктөрүн аңтарып атып аны таап алды. Ошондон балекет чыкты: «Неге акча катасың?» «Муну кимге бересиң?» «Сенин башка катының бар го?» Иши […]

Айтматовдун антропокосмосу

МУРАС ТААНУУ Чыңгыз Айтматовду атак-даңкы жана адаш-уйкаш атынан улам, көзү тирүүсүндө эле көптөр Чыңгыз хан менен салыштырып көкөлөтүшкөнү адабий журтчулукка башынан маалым. Атүгүл, анын чыгармачылыгын астейдил изилдеген чыгаан адабиятчы Г.Гачев Ч. Айтматовдун «Чыңгыз хандын ак булуту» баянына жазган баш сөзүндө: «Чыңгыз качандыр бир Чыңгыз хан менен сөзсүз жекеме-жекеге чыгып, беттешет го деп күтчү элем, дал ошо мен ойлогондой болду»,-деп маашырланганы бар. Анын сыңарындай, адамзат тарыхына абай салып көрсөк, чындыгында да түбү тектеш түрк-моңгол элдери буга дейре бу жалганга атагы дүйнөнү […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Үркүнбай… Үч Талак… Үч Бала…»

Аңгеме Үлүшкө тийген жерине Үркүнбай быйыл тамеки кылды. Былтыр тамеки жакшы пул болду, куда кааласа, быйыл да түзүк болуп берсе, күздө түшүмүн өткөрүп, балдарын, аялын эки-үч сыйра кийиндирип, бир саан уй да алып аламын деп купуя ниет кылып жүрөт. Аңызда эгилгенине үч-төрт эле күн болгон көчөттөрүнө кайталап бир суу койсомбу деп барган Үркүнбай. Үлүшкө кошо Орусияга кеткен дагы эки тууганынын жерин күздө ижара акысын берем деп, иштетип аткан. Баары бир жерде, узатасынан жөөктөрдү алып аялы экөө кар астында калчылдап өстүргөн […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Ыйлаак кыз»

Аңгеме Үйдүн пешайванындагы түркүктүн жанына туруп алган төрт-беш  жаш чамасындагы кыз   басылбай ыйлап атат. Анын ыйы эртең менен башталган, азыр түш оосо да басылар эмес. Өзү чарчап, үнү эбак бүтүп калса да түркүккө жөлөнүп, кээде отура калып, кайра туруп ыйлай берди. Ары-бери кыймылдаса да  бет караган жагын өзгөрткөн жок. Адаты ушундай, оңой менен басылбайт. Кыз эртең менен эрте  атасы, апасы, бир туугандары чыгып кеткен дарбаза тарапты карап ыйлай берди. Аны келип эч ким соороткон да жок, ал сооробойт да эле. […]

Линда БУТ СВИНИ: «Шамалдын учуру»

Башталган кезде бороону: Морлордун чыгып обону. Кайчылдап каалга, терезе Карайбыз сыртты оболу. Теле-экран чырт-чурт чертилип, Үшкүрөт энем энтигип. А биздин куунак көңүлдөр Этек-жең, көйнөк желпинип! Ордунан жылып араба, Флюгер[1] – калак абада. Коңгуроо зың-зың кагылып Корголойт күчүк анада. Дарактар бийлеп термелет, Жөргөмүш желе тормолойт. Калдаңдайт учуп жалбырак, Калтырап чычкан корголойт. Күчөнсө шамал жандана, Эгинди чачып анда да… Булуттар көктө жарышып, Ойнойбуз а биз шаңдана. Парустун парда канаты, Кайыктар калкып баратыр. Деңизде дөңгөч делбектейт, Чардактар кайкып галаты[2]… Суу толкуп, оонап челектер, […]