Уурдап жеген аш болбойт

Белорус жомогу Бир кембагалдын эки уулу болуптур. Эр жеткен эки уулуна бир күнү ата кеби айтылат: – Берсе ашка, келсе ишке тойбой турган кезиңер, уулдарым. Эмне кылсак деген муратыңар бар? Экөө тең үндөбөйт, не кыларды да билишпейт. – Йе, болуптур анда, эл-жер кыдырып, алардын тирлигин көрөлү, – дейт курган ата. Кылдырап жолго чыгышат. Эки уулу тиягын каранып, биягын каранып, кай ишти тандаарды билишпейт.

ГАЛСТУК

Нуралы КАПАРОВ — Тагындым, – дейт – бул итти жаштайыман, көңүл эргип өмүрдүн жаз-жайында, желбиретип басканда жүрөк толкуп, галустугум көк баркыт, ак шайыдан, галустугум тик муштум салаңдаган, галустугум курч канжар жалаңдаган, жеп-ичкендер капилет кирип келсем галустугум карашып алаңдаган.

Маймыл менен мышык

Жан де Лафонтен (1621-1695) ТАМСИЛ От үстүндө, казанда, Каштан жатты куурулуп. Маймыл карап отурду, Шилекейи чуурулуп. Аңгычакты арытан Мышык чыкты суурулуп. Маймыл айтат: — «Кел бери, Кана, кыйын экенсиң, Казандагы каштандан Эки-үчтү эңип көр».

Сергей ЕCЕНИН

Адабий портрет Максим ГОРЬКИЙ Жетинчи бекен, же сегизинчи жылы бекен, айтор, Каприде Стефан Жеромский болгар жазуучусу Петько Тодоров экөөбүзгө кандайдыр бир окуядан кийин Краковго келип калып, анда адашып жүргөн, бир мытаам, зыкым дыйкан баланын тагдыры жөнүндө айтып берген. Ал бала шаардын көчөлөрүндө көпкө адашып жүрөт да, өзү ээн-эркин өскөн талаасына баруучу жолду таптакыр таба албай коёт. Ошентип жүрүп акыры, шаардын аны өз кучагынан чыгаргысы келбегенин сезген соң чөгөлөп отуруп алып, Кудайга сыйынат да, суу менен агып отурсам шаардан чыгам го […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Күн эжей»

АҢГЕМЕ — Жамбаштап жата бербей, кир жууганга биржадан бирөөнү алып келбейсиңби, кызматчыбыз айылга суранып кеткен, бири отпускада? — Аялы эми эле телевизордун пультун колго алган Медерге аткарабы-аткарбайбы дегендей, бирок ургаачылыкка салып буйра сүйлөдү. Мындайда Медер аялын чымын чакканчалык көрбөсө да, боору оорудубу же жекшембилик зеригүүсүн бир аз болсо да унутайын дедиби, айтор, машинасынын ачкычын алып, спорт кийимчен сыртка жөнөдү. — Түзүгүрөөгүн алып кел! Бир уурусун же алкашын жетелеп келбе! — Аялы катар-катар темир эшиктерин шарактата жаап атып дагы бир жолу […]

Михаил ПРИШВИН: «Атак-даңкка жетүү өлүмгө жеткенге окшош»

ЭССЕ Орус элинин белгилүү жазуучусу. Елец гимназиясында, Рига политехникумунда окуган. 1902-жылы Лейпциг университетинин агрономия бөлүмүн бүткөн. «Адам жана Ева», «Кара араб», «Күн кампасы», «Кеме чөйчөгү», «Жер көзү» ж.б. ондогон китептери адабияттын алтын казынасына кирген, көптөгөн тилдерге которулган. Чыгармачылыгынын өзөгүн орус жаратылышы, тилдин тазалыгы, байлыгы, акыйкат издөө, реализм менен романтизмдин айкалышы түзөт. Адабият тарыхында жазуучу «орус табиятынын булбулу» деп аталат.

Кара мышык

АҢГЕМЕ Кимдир бирөөнүн мышыгы тууганда “мынча мышыкты эмне кылам?” — деп ар кайсы короого бирден ыргытканбы же балдар уурдап чыгып оюндары канганда таштаганбы, айтор жазга маал короодо жаңы гана көз ачкан кичинекей кара мый пайда болду. Мый бул үйдөгүлөргө жагып калды. Ушул үйдө чоңоё баштады. Бул үйдө чал менен кемпир жашоочу. Мый экөөнү тең жакшы көрүүчү. Кемпир анын курсагын бөксөртчү эмес, чал жонунан сылап мештин түбүндө отурчу. Мый үчүн жашоо ушундай гана өтө берүүчүдөй сезилчү. Убакыт зыпылдап өтүп жатты. Мыйдын […]