Азезил жана ант

АҢГЕМЕ Бул баянды көп жыл мурун эшитсем да, ал күндөр өзүм аралашкандай  көзүмө элестеп кетет. Эмесе анын чоо­жайын айтайын. Чакан бөлмө. Үлпөткө даярдалган стол. Курсташым Кудайбергенге каалоолор айтылып, бокалда шампан көбүк чертип, тост көтөрүлдү. — Өзүңүздүн 30 жылдыгыңызда бир жолу көтөрүп койбойсузбу, агай, — деди кыздардын бири (Кудайберген баарыбыздан улуу болгондуктан аны көбүбүз “агай, байке” дечүбүз. Ал ар дайым ойлуу, түнт жүрүүчү. Турмуштан  кагылып­согулуп калгангабы, мыкты окучу. Энеси менен батирде туруучу. Ичкилик иччү эмес).   Бардыгыбыз ал кызды колдоп кеттик.

Махабат өртүн кечкен акын

Эх, жетим… Жүрөгүмдү оорутасың дайым… Зайырбек Ажыматов – учур адабиятыбыздын эң бараандуу, эң жалындуу Акыны. Талантты талант деш керек! Бу жетим чыныгы Талант! Зайырбекти кыйын дебес элем, кыйындардын китеби чыгып атат, алар эбин таап атышат. Китептеринин артынан китептери чыгып. Бу жетим эбин табалмакпы?! Таланттар жалтак келери шу: ага өтүмү жок экен Зайырбектин. Өтүмдүүлөр наам алып атышат, китептери байма-бай басылууда. Көңүлү баладай тунук, заманы буюк бул замандашыбыз болсо жайдаңдап жүрөт. Күлгөнү, жүргөнү деле телегейи тегиздей. А ичи – кыпкызыл чок. Өрттөнүп […]