Конкурска: Балдарга табышмак

№16 …Ай, Ай! Асмандагы алтын ай, Аскар – Аруу, Аппак, мөлтүр балдардай. Балга ороп, бал таңдай, Таңда чуркайт карматпай. Кана балдар тапкыла?! Табышмакты бир жаттай, Таппасаңар бир саптай. Ыр жазайын тил катпай… Ошол ырды калтырбай, Жаттагыла тартынбай…

Аллем-каллем тууралуу жомок

Түрк жомогу Бир замандарда кедей адам жашаптыр. Анын жалгыз баласы жана аялы бар экен. Айтмакчы, бир эшеги да болуптур. Ошол эшеги менен ар кимдин жүгүн ташып, анан ошолор берген акча менен эптеп жан багышчу экен. Ал киши карып, оорулуу да болуп калыптыр. Бул кедейге кайдагы жардам. Оору аны бир күнү одүйнөгө алып кетет. Уулу атасын ээсине тапшырган соң да ыйлай берет. Эки-үч күн өтөт, аларга бирөө тамак бермекпи, анан булар ачка калат.

Михаил ЗОЩЕНКО: «Каракчы»

АҢГЕМЕ Бир күнү биз немецтик коргонуу чегин жарып өтүп, бир нече адамды туткунга алдык. Аларга сурак жүргүзө баштадык. Карасак, биздин алдыбызда Гитлерге куюп койгондой окшош немец обер-ефрейтору турду. Аныкындай кичинекей муруту да бар экен. Чачы дагы. Өңү союп каптагандай окшош. — Кокустукпу? Же бул окшоштукка жасалма жол менен жетишкенсизби? – деп сурадык.

Өнө бойду өрлөгөн ыр

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ – кыргыз адабиятына келген өзгөчө феномен. А мүмкүн дүйнө адабиятында жок. Мусакедей тагдыр кечирген, Мусакедей төрт дубалдын ортосунда өмүр бою кадалган Адам дүйнө адабиятынан кезикпес чыгар. Бала күнүнөн тубаса майып болуп төрөлгөндүктөн, элге окшоп мектеп босогосун аттабаса да онтоткон оорусуна карабай 12-13 жашында өз алдынча тамга таанып, адабият астанасын аттаган жан бу дүйнөдө болду бекен?! Алты саны аман жүргөн адамдарда жок кайратты Мусаке кайдан алган?! «Өзүмдүн жандүйнөмө канат жасап,\Кайгыны тебелейм да, кээде күлөм»\ – Мындай саптарды биз жөн […]

Азуулуу болбойт күнөөлүү

Жан де Лафонтен (1615-1695) ТАМСИЛОГРАФИЯ Аңтарылып кара жер, Асман кулап түшкөндөй… Айбанаттар дүйнөсү, Аябай суук кеп укту: — «Башкаларды жегендер», «Баш күнөөлүү» — аталып, «Башы кетет», — деп укту. Карышкыр угуп калчылдап, Түлкү калды түштөнбөй. Жору-кузгун жоголду, Жомок жашоо бүткөндөй.

Габриель Гарсиа МАРКЕС: «Биз АКШ кандай кааласа, ошондой аңкуштайбыз»

* * * Мен ар дайым жеңил-желпи, көз жаштуу чыгарма жазууну эңсер элем. Мага окшогон жердигинен жашык кишилер романга караганда ошондой чыгармаларды жактырат. * * * Биз сенек, катып калган тилге каршы чыктык. «Эл», «демократия» деген сөздөр небак жээгин жеп бүттү. Алгачкы маанисин жоготту. «Демократия» деген шайлоо алдында эле эске келет.

Сүйүү жана мен

Бүгүн, 12-декабрь — улуу акын Алыкул Осмоновдун өлгөн күнү… Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту! Ансыз анан алтын өмүр толукпу? Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү Бермет, жакут, каухар кийип жолукту. Кучактадым, өптүм, кыстым боорума, Бул турмушта өлгөнчө бир болууга. Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен, Кош деди да от карматты колума.

КУСАЛЫГЫМ: Мен көргөн улуу залкар

Биринчи баян Э С С Е Асакенин чыгармачыл ооматы ооп, жылдызы жерге түшүп калган заман эле ал. Түбүң түшкүр 90-жылдардан кийинки СУР БУЛУТТУУ кезең эле бул, АК БУЛУТТАР эмес эле… Асакенин «Ак булуттарын» эл тыңшабай калган учур… Жокчулук жонго минген, улуу залкар убайымдуу жолдо жүргөн тагдыр болучу… Кыргыз драма театрында концерт жүрүп атат, зал толо. Улам бир эстрада ырчысынын жаш өкүлдөрү сахнага чыгып ырдаары менен эл жер тепкилеп кол чаап, зал жаңырта ышкырык сүрөөлөр, алакан ысый кол чабуулар…

Абдыкерим МУРАТОВ: «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов»

Бүгүн кыргыз адабиятынын майрамы! Бу Чыңгыз Айтматов кандайча чыгып калды, кантип кичинекей бир элдин кулуну планетардык масштабда сөз айтууга жетише алды жана жазгандары улам биринин артынан экинчиси кызыктуу боло берди, анын адабияттагы жылдызы неге жарым кылым бою жарык жанып турду деген сыяктуу суроолор дүйнөнүн өздөрүн улуубуз, бийикпиз, ак сөөкпүз деген калктардын ичиндеги жумуру баш пенделеринен бир чети таңкалыш менен, экинчи чети көзартуу менен тынымсыз айтылып келди.