Сен кимсиң, аялзат?

АНОНС! Урматтуу журналисттер, публицисттер жана жалпы эле калемгерлер! «Коом жана Мен» сайты «Сен кимсиң, аялзат?» деген тема алдында мыкты публицистикалык чыгармалар жана журналистикалык иликтөөлөр боюнча конкурс жарыялайт. Үйбүлөнүн куту Аялзат, Эне, Жар деген эмне? Анын социалдык турмуштагы башкы ролу эмнеде? Эмнеге бүгүн турмуштун эң оор жүгүн Эне мойнуна артып таштадык?  Буга эмне себеп?.. Бул туурасында конкурстун жобосун жана жалпы байге фондун жакынкы күндөрдө жарыялайбыз. Аталган конкурстун жыйынтыгы 2017-жылдын 8-Март аялдардын Эларалык майрамы күнү чыгарылат. Чамдай бериңиздер! Конкурска жарыяланар эмгектериңиздерди камдай бериңиздер! Аялзатына жүрөгүңүздөрдү […]

Күкүк менен Зейнеп

Кыргыз жомогу Илгери-илгери  бир  куш  жыгачтын  башына  уя  салып,  эки  балапан чыгарат.  Ал  балапандардын  биринин  аты – Күкүк,  экинчисинин  аты – Зейнеп экен. Балапандар бат эле чоңоюп, уядан учууга жакындап калат. Учуп  кетүү  алдында  Күкүк  менен  Зейнеп  даярдык  көрүп,  алмак-салмак канаттарын күүлөп, машыга баштайт. Бир  күнү  Зейнеп  канаттарын  күүлөп  бүтүп,  ордуна  келип  жаткан соң, Күкүк уянын кырына чыгып талпына баштайт. Ошентип жатып Күкүк кулап кетет да тоголонуп отуруп жердин түбүндөгү жаракага кирип кеткен экен.

Абдыкерим МУРАТОВ: «Чабалекейлер, кайра кайткыла»

АҢГЕМЕ Кемпир бүгүн күндөгүдөн да эрте турду. Таң сүрүлүп, Чыгыш жак жарыгын Батышка карай кууп баратыптыр. Ал намазына жыгылып атып кокусунан эстеп калды. Былтыр ушундай саратанда орозо болбоду беле? Быйыл он күн алдыга жылса, орозонун убагы келип калды го? Ойлоп-ойлоп, качан айт, качан арапа экенин, орозо качан башталып, курбан айт качан өтөрүн эстей албай койду? Жаңыларга окшоп чысланы билсе кана? Балдардан сураса бекен, алар кайдан биле койсун? Айт-арапада өлгөндөргө багыштап, чалына атап куран окуп бата кылбаса болобу, арбагы бата тилеп […]

Пётр ЧААДАЕВ: «Жиндинин актануусунан»

Пётр ЧААДАЕВ 1794-жылы 27-майда (7-июнь) Москвада дворяндык үй-бүлөдө туулуп, 1856-жылдын 14-(26) апрелинде Москвада каза болгон. Орус турмушунун чындыгын катуу сындаган чыгармалары үчүн бийлик тарабынан жинди аталып, Россия империясында чыгармаларын басып чыгарууга тыюу салынган орус философу (өзү айтмакчы «христиан философу») жана публицисти. 1807–1811-жылдары Москва университетинде окуган. Декабристтерди колдогону үчүн сүргүнгө айдалган. 1812-жылы Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн св. Анна жана пруссиялык Кульмск крести менен сыйланган. 1829–1831-жылдары өзүнүн атактуу «Философиялык каттар» сериясын чыгарган. * * * Ата Мекенди сүйүү – ажайып […]